24.02.2014

9 TEVBE SÛRESİ

            9-сүрө «Тавба[1]»
   Мединада түшкөн.  Жүз жыйырма тогуз айаттан турат

1.                 (Бул) Алладан, Анын элчисинен мушриктерге[2] эскертүү.
2.                 (Эй, мушриктер!) Жер жүзүн төрт ай кыдыргыла. Чындыгында Алладан кутула  албашыңарды жана Алла каапырларды кордоорун билгиле.
3.                 Чоң ажылык күнү[3] Алладан жана Анын элчисинен элге бир жарыйа: Чындыгында Алла, Анын элчиси мушриктерди четке кагат. Эгер тообо кылсаңар өзүңөр үчүн жакшы, ал эми баш тартсаңар Алладан эч кутула албайсыңар.  (Эй, Мухаммед!) Каапырларга сыздатуучу азап бар экенин кабарла.
4.                 Бирок, келишим түзүшкөн мушриктерден кийин силерге бир да кемчилик каалабаса, бирөөгө көмөк кылбаса[4], анда алардын келишимдерин мөөнөтүнө чейин бүтүргүлө. Чындыгында, Алла такыбаларды жакшы көрөт.
5.                 Ыйык айлар чыккандан кийин, мушриктерди кай жерде көрсөңөр да өлтүргүлө. Аларды туткундагыла жана курчоого алгыла. Аларды кармоодо ар бир жолго тургула. Эгер алар тообо кылышса, намазды толук аткарышса, зекет беришсе, анда алардын жолун бош койгула. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
6.                 Эгер мушриктерден бирөөсү сенден башбаанек сураса, анда ага Алланын сөзүн тыңшаганга чейин[5] башбаанек бер. Анан аны коопсуз жерге жеткир. Бул – алардын билбей турган[6]   коом экендигинен.
7.                 Алла  жана Анын элчисинин алдында мушриктер менен кандай келишим болушу мүмкүн?! Бирок Ыйык Мечитте силер менен келишим түзгөндөрдөн башкалары менен[7].  Алар силерге жакшы мамиле кылса, силер да алар менен жакшы мамиледе болгула. Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт.
8.                 Кантип[8]? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдерге да карап олтурбайт. Алар силерди оозу менен гана ыраазы кылат. Бирок жүрөктөрү  (өздөрү) айтканын чанат жана алардын көпчүлүгү бузукулар.
9.                 Алар – Алланын айаттарын арзыбаган баага сатып, анын (ислам дининин) жолуна тоскоол болушат. Алардын жасаган иштери кандай жаман!
10.            Алар момундарга берген анттарын да, түзгөн келишимин да аткарышпайт. Мына ушулар – чектен чыккандар[9].
11.            Эгер алар тообо кылып, намазын толук аткарып, зекет беришсе, анда алар силердин диндеш тууганыңар. Биз билген адамдарга гана айаттарыбызды байан кылабыз.
12.            Эгер алар убадалашкандан кийин өз анттарын бузуп, диниңерге тил тийгизсе, анда каапырлыкка жетекчи болгондор менен согушкула. Анткени алардын анты – ант эмес. Балким, алар (жамандыктан) тыйылышаар?
13.            (Эй, момундар!) Анттарын бузган, пайгамбарды журтунан кууп чыгарууга умтулган жана силерге биринчи болуп кол салган коомго  каршы эмне үчүн согушпашыңар керек? Алардан коркосуңарбы? Эгер ыйман келтирген болсоңор, анда Алладан гана коркуу зарыл!
14.            Алар[10] менен согушкула! Алла аларды силердин колуңар менен азаптап, кордосун. Аларга каршы (Алла) силерге жардам берет. Ошондой эле, ыйман келтирген коомдун көөдөндөрүн ачат[11].
15.            Алардын жүрөктөрүндөгү ачуусун таркатат. Алла кимди кааласа, тообосун кабыл кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!
16.            Силердин араңардан согушкандарды, ошондой эле Алладан, Анын элчисинен жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды[12] Алла аныктабаган бойунча калтырып койот деп ойлойсуңарбы?  Алла – силердин жасап жаткан аракеттериңерден Кабардар!
17.            Мушриктер өздөрүнүн каапырлыгына күбө боло туруп, Алланын мечиттерин куруулары[13] – жарабаган иш. Алардын амалдары текке кетип, алар Тозокто түбөлүккө калышат.
18.            Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар.
19.            (Эй, мушриктер!) Силер ажыларга суу берип[14], Ыйык Мечитке[15] ээлик кылуучуларды – Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирип, Алла жолунда согушкан адамдар менен теңейсиңерби? Алар Алланын алдында тең эмес! Алла – заалым коомду Туура Жолго багыттабайт.
20.            Ыйман келтирип, жер которуп[16], Алла жолунда мал-мүлк, жандары менен[17] согушкандар Алланын алдында улуу даражага ээ. Мына ушулар – бактылуу болуучулар.
21.            Эгеси Өзүнүн ырайымдуулугу, ыраазылыгы жана туруктуу жакшылыкка ээ болгон бактар менен кубантат.
22.            Алар анда түбөлүкө калуучулар. Чындыгында, Алланын алдында улуу сыйлык (бар).
23.            Эй, момундар! Эгер атаңар  жана агаларыңар ыймандан көрө каапырлыкты жакшы көрүшсө, аларды жакыным деп эсептебегиле. Ким аларды дос санаса, анда алар – [18]зулумдук кылуучулар!
24.             [19]“Эгер атаңар, балдарыңар, бир туугандарыңар, жубайыңар, досторуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, токтоп калуусунан корккон соодаларыңар жана жакшы көргөн үйлөрүңөр силер үчүн Алладан, анын элчисинен жана Анын жолунда согушуудан артыгыраак  көрүнсө, анда Алланын амири келгенге чейин күткүлө!” – деп айт. Алла – бузуку коомду Туура Жолго баштабайт!
25.            Чындыгында, Алла силерге көп жерлерде жардам берди. Ошондой эле Хунайн[20] күнү да (жардам берген). Ошондо саныңардын көптүгүнө таң калдыңар[21]. Бирок ал силерден эч нерсени кайтара алган жок. Ошондой эле ал жер кенен болгону менен силерге тарлык кылып, артыңарга карап качтыңар.
26.            Анан Алла Өз элчисине жана момундардын жүрөгүнө бейпилдик салып, силер көрө албаган аскер жиберип, каапырларды азапка салды. Мына каапырлардын жазасы!
27.            Бирок[22], Алла кимге кааласа ошого ырайым кылат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
28.            Эй, ыйман келтиргендер! Чындыгында мушриктер – ыплас (болушат). Ушул жылдан кийин алар[23] Ыйык Мечитке жолошпосун! Эгер кедейликтен корксоңор, Алла кааласа силерди Өз артыкчылыгы менен байытат. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!
29.            Китеп берилгендерден Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирбегендер жана Алланын, Анын элчисинин арам кылган нерселерин арам катары тааныбагандар, ошондой эле Чыныгы Динди[24] тутунбагандар менен өздөрүн кор тутуп, салык төлөмөйүнчө согушкула!
30.            Иудейлер: “Узайр[25] – Алланын уулу”, – дешет. Христиандар болсо: “Иса – Алланын уулу”, – дешет. Бул – мурдагы каапырлардын айтканына окшоштуруп, ооздору менен[26] айткандары. Аларды Алла жок кылсын! Кантип (акыйкаттан) кайтып кетишет?!
31.            Алар[27] иудей илимдүүлөрүн, христиан кечилдерин жана Марийам уулу Исаны Алладан башка кудай катары кабылдашат. Чындыгында алар жалгыз Кудайга ибадат кылууга буйурулган. Андан (Алладан) башка кудай жок. Ал – алардын шеригинен аруу!
32.            Алар өз ооздору менен Алланын нурун[28] өчүргүлөрү келет. Бирок алар (Ислам динин) канчалык жек көрүшпөсүн, Алла Өз нурун толук кылат[29].
33.            Ал Өз элчисин Туура Жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн[30] үстөмдүк кылууга жиберген.
34.            Эй, момундар! Иудей илимдүүлөрү менен христиан кечилдеринин көпчүлүгү адамдардын мал-мүлкүн бузукулук менен жешет жана Алланын жолунан тосушат. [31]Алтын, күмүштү жыйнап, Алла жолунда сарптабагандарга сыздатуучу азапты сүйүнчүлө”![32]
35.            Кыйамат Күнү алар Тозок отунда кызытылып, аны менен алардын маңдайлары, капталдары жана жондоруна[33] так басылып:  “Мына, өзүңөр үчүн жыйнаганыңар! Эми жыйнаганыңардын даамын таткыла!” ( – деп айтылат).
36.            Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын Өзүнүн Китебинде[34] айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар[35]. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла[36]. Мушриктер силер менен согушкандай, силер да алар менен согушкула. Билип койгула: Чындыгында, Алла – такыбалар менен бирге!
37.            Акыйкатта (ыйык) айды кечиктирүү[37]– каапырлыкты арттыруу. Аны менен каапырлар Жолдон адашышат. Алар, Алланын арам кылган айларынын санын толуктоо үчүн[38], аны бир жыл арам кылып, бир жыл адал кылышат. Ошентип, Алланын арам кылганын адал деп билишет. Алардын жаман иштери өздөрүнө кооз кылып көрсөтүлүп койулду. Алла – каапырларды Туура Жолго багыттабайт.
38.            Эй, момундар! Силерге эмне болду? “Алла жолундагы согушка чыккыла!” – деп айтылса, салмактарыңарды жерге салдыңар[39]. Акыретке караганда дүйнө жашоосу жакшы көрүнүп жатабы? Дүйнө жашоосунун пайдасы – акыретке салыштырмалуу өтө аз.
39.            Эгер согушка чыкпасаңар, Алла силерди сыздатуучу азап менен азаптап, ордуңарга башка коомду алмаштырат. Силер Аллага эч бир зыйан жеткире албайсыңар! Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
40.            Силер ага[40] жардам бербесеңер деле, аны каапырлар (Меккеден) чыгарып, үңкүрдө, экөөнүн бири болгон убакта да, ага Алла жардам берген. Ошол кезде жолдошуна[41]: “Кайгырба! Чындыгында, Алла биз менен бирге”, – деп айтты. Алла ага[42] Өз бейпилдигин түшүрүп, силер көрө албаган аскерлер менен кубаттады. Ошентип, каапырлардын сөзүн төмөн кылды[43]. Алланын Сөзү жогору. Алла – Мартабалуу, Даанышман!
41.            [44]Жеңил, же оор болгонуна карабастан согушка чыккыла да, Алла жолунда мал-мүлкүңөр жана жаныңар менен[45] согушкула! Эгер билсеңер, силер үчүн жакшысы ушул.
42.            Эгер жакын жерде ишенимдүү олжо жана жеңил жүрүш болсо[46], алар[47] сени ээрчишмек. Бирок аралык[48] аларга алыс көрүндү. Алар Алланын ысмы менен: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болсо, силер менен кошо чыкмак элек”, – деп ант ичип, өздөрүн өздөрү кыйратышты. Алла алардын жалганчы экенин билет.
43.            Алла сени кечирет. Бирок сен эмне үчүн алардын кимиси чындыкты, кимиси жалганды айтып жатканын аныктабастан эле (жүрүштөн) калууга уруксат бердиң?
44.            Аллага, акырет күнүнө ыйман келтиргендер,  Алла жолунда мал-мүлкү менен жандарын согушууга арнагандар сенден (жүрүштөн калуу үчүн) уруксат сурашпайт.  Алла – такыбаларды Билүүчү.
45.            Ким Аллага, акырет күнүнө  ишенбесе жана жүрөгүндө шектери болуп, күмөндөрүндө олку-солку болгондор гана уруксат сурашат.
46.            Эгер мунафыктар[49] согушка чыгууну кааласа, ал үчүн дайардык көрүшмөк. Бирок Алла алардын (жүрүшкө) чыгышын каалабай, тосуп койду да: “(үйүндө) олтургандар менен чогуу олтура бергиле”, – деп айтылды.
47.             Эгер алар силер менен (жүрүшкө) барышканда силердин ортоңордо бузукулукту гана көбөйтмөк. Анткени алар ар дайым ушак чыгарууну көздөшүп, силердин ичиңерде баш-аламандык чыгармак. Алардын араларында тыңчылары да бар. Бирок, Алла заалымдарды жакшы билет.
48.            [50]Чындыгында, алар мурда[51] да баш-аламандык чыгарууну көздөп, иштериңерди тескери натыйжага алып келген. Акыры, алар жек көрсө да акыйкат келип, Алланын амири үстөмдүк кылды.
49.            Алардын ичинен кээ бирлери: “Мага калууга уруксат бер, мени азгырыкка алып барба”, – дешет. Байкагыла: чындыгында эле, алар (шайтанга) азгырылгандар. Акыйкатта, Тозок каапырларды ороп алат.
50.            [52]Эгер сага бир ийгилик келсе, алар аны жактырышпайт. А эгер сага бир кайгы келе турган болсо: “Биз мурда эле (ушундай болорун билип) өз ишибизди тууралап алган элек”, – дешет да сүйүнүп кайтышат.
51.            [53]“Бизге Алланын жазганы гана болот. Ал – Биздин Эгебиз. Момундар Аллага тобокел кылышсын!” – дегин.
52.            Аларга: “Силер бизге эки ийгиликтин[54] биринин келишин күтөсүңөрбү? Биз силерге Алладан жаза келерин, же биз аркылуу силерге бир азап жиберерин күтүп жатабыз. Анда, силер күткүлө, силер менен чогуу биз да күтөбүз”, – деп айт.
53.            Аларга: “Мал-мүлкүңөрдү мейли ыктыйардуу түрдө, мейли ыктыйарсыз болсун сарп кылгыла. Бирок, силердин  кайрымдуулугуңар баары бир (Алла тарабынан) кабыл кылынбайт. Анткени, силер бузуку коомсуңар!” – дегин.
54.            Алардын кайрымдуулугун өздөрүнөн кабыл болушуна кедерги болгон жагдай (төмөнкүдөй): Аллага, Анын элчисине каршы чыгышкандары, намазга өтө жалкоолук менен келишкени жана  өтө жек көрүү[55] менен мал-мүлк сарп кылышкандыгы.
55.            [56]Алардын мал-мүлкү жана балдары сени суктандырбасын![57]. Чындыгында, Алла ошол аркылуу аларды дүйнө тиричилигинде азапка салууну, (Аллага) каапыр абалда жандарынын чыгышын каалайт.
56.            Алар: “Ырас, биз да силерденбиз[58]”, ­– деп Алланын аты менен карганышат. Бирок, чындыгында алар силерден эмес. Алар – коркок[59] коом.
57.            Эгер алар (согуш учурунда) кандайдыр бир башбаанек табышса, же үңкүрлөр, же болбосо кирерге бир тешик көрүнсө, ошол тарапка шашыла умтулушмак.
58.            [60]Алардын кай бирлери садаканын айынан сени (артыңдан) айыпташат: Эгер алардын өздөрүнө садака берилсе ыраазы болушат, а эгер берилбей калса ачууланышат.
59.            Андан көрө алар Алланын, Анын элчисинин өздөрүнө бергенине (садакасына) ыраазы болушса жана: “Алланын Өзү бизге жетиштүү! Жакында Алла, Анын элчиси өз жакшылыгын тартуулашат. Чындыгында биз Аллага гана кайрылабыз!” – дешсе[61]...
60.            Акыйкатта, садакалар[62] – Алла жүктөгөн[63] парз: Колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочуларга[64], көңүлдөрүн алуу керек болгондорго[65], (мусулман) кулдарды бошотууга,  карыздууларга, Алланын жолундагыга жана (мусулман) мусапырларга берилет. Алла – ар нерсени Билүүчү, Даанышман!
61.            Алардын кай бирлери пайгамбарга[66]: “Ал[67] – бир кулак[68]” – деп анын көңүлүн сындырышат: “Ал – силер үчүн жакшы кулак. Аллага өзү ыйман келтирип,  [69]момундарды тастыктайт. Демек – ыйман келтиргендер үчүн  ырайым. Ким Алланын элчисине жапа чектирсе, ага оорутуучу азап бар.
62.            Аллар силерди ыраазы  кылуу үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Эгер   алар[70]  (Аллага) ыйман келтирген болсо, анда Алланы, Анын элчисин ыраазы кылуулары керек.
63.            Алар кимдир бирөө Аллага, же Анын элчисине каршы чыкса, ал үчүн түбөлүктүү, жан чыдагыс азаптуу тозок бар экенин билишпейби? Эң улуу кордук ушул    (–Тозок)!
64.            Эки жүздүүлөр[71] өздөрүнө байланыштуу алардын жүрөгүндөгүлөрдөн кабар берүүчү бир айат түшөбү деп коркушат. [72]“(Азырынча) шылдыңдап[73] тургула! Акыйкатта, Алла силер корккон нерсени[74] ачыкка чыгарат!” – деп айткын.
65.            Эгер алардан сурасаң: “Биз жөн эле тамашалап, ойноп койдук”, – дешет.  Аларга: “Алланын айаттарына, Анын элчисине күлө турган болуп калдыңарбы?!” – дегин.
66.            [75]Кечирим сурабагыла! Силер ыйман келтирген соң, кайра каапыр болдуңар! Эгер Биз бир тайпаңарды кечирсек, башка бир тобуңарды күнөөсүнөн улам жазалайбыз.
67.            Мунафык эркектер менен мунафык айалдар – бири-биринен[76]. Алар жамандыкка чакырып, ийгиликтен тосушат. Алардын колдору ар дайым жумук[77]. Алар Алланы унутушкан. Ошондуктан Алла да аларды унуткан[78]. Акыйкатта, мунафыктар – бузукулар.
68.            Алла мунафык эркектер менен мунафык айалдарга жана каапырларга , алар эч качан чыкпай турган Отту (Тозокту) убада кылды. Ошол аларга жетиштүү. Аларга Алланын каргышы тийген. Аларга түгөнбөс азап бар.
69.            [79]Силер өзүңөрдөн мурдагылар сыйактуусуңар!  Алар силерден да күчтүү жана алардын мал-мүлкү жана балдары (урук-тукуму) да силердикинен көп эле. Алар бул дүйнө жыргалдарынан кеңири пайдаланышты. Силер да мурдагылардай[80] эле бул дүйнө жыргалдарынан кем болгон жоксуңар. Ошондуктан жамандыкка алар кандай сүңгүшсө, силер да так ошондой сүңгүдүңөр. Алардын дүйнөдөгү да, акыреттеги да амалдары  текке кетти. Алар ошондой, зыйан тартуучулар!
70.            Аларга өздөрүнөн мурунку Нух, Аад, Самуд коомдору, Ибрахим эли, Мадйан эли, ошондой эле ойрон болгон шаарлардын кабарлары жетпедиби?  Ошолорго да пайгамбарлары өтө көп далилдерди келтиришкен[81]. Алла аларга зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.
71.            Момун эркектер  менен момун айалдар – бири-бирине көмөкчү. Алар жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат[82].  Ошондуктан алар намаздарын толук аткарышып, зекет биришип, Аллага, Анын элчисине мойун сунушат. Ошолорду Алла Өз мээримине бөлөйт. Акыйкатта, Алла – өтө Ызаттуу жана Өкүмдар!
72.            Алла момун эркектер менен момун айалдарга алдынан дарыйалар агып турган, алар ал жерде түбөлүктүү калуучу, Адн[83] бактарында  кооз турак-жайларды убада кылды. Бирок, Алланын ыраазалыгы – эң улуу![84] Бул – улуу ийгилик.
73.            Эй, пайгамбар! Каапырлар  жана мунафыктар менен күрөш! Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы – Тозок. Ал кандай жаман орун!
74.            Алар: “Айтпадык!”, – деп Алланын ысмы менен ант ичишет. Ырасында, алар каапырлык сөздөрдү көп сүйлөшөт. Алар мусулман болгондон кийин да (кайра) каапырга айланышат. Ошондой эле алар эч качан кол жеткис нерселер тууралуу кыйалданышат[85]. Алар Алланы  жана Анын элчисин ырайымы[86] менен байыткандыгы үчүн жек көрүшөт.  Эгер алар тообо кылышса, ал өздөрү үчүн жакшы. А эгерде алар (тообо кылуудан) баш тартышса, анда Алла бул дүйнөдө да, акыретте да аларды азапка салат.
Ошондуктан аларга жер жүзүндө колдоочу да, жардамчы да жок.
75.             Алардан айрым бирөөлөр: “Эгер Алла бизге Өз берешендигинен (байлык) берсе, албетте, биз  садака берген жакшы адамдардан болоор элек”, – деп Аллага ант беришкен.
76.            Ошондо Алла аларга Өз берешендигинен (байлык) берген кезде, алар Алланын бергендерине сараңдык кылышты. Баш тартышты[87]. Алар – жүз үйүрүүчүлөр.
77.            Эми алар Аллага берген өз  убадаларына өздөрү каршы чыгышып, жалган сүйлөгөнү үчүн Өзүнө[88] жолуга турган күнгө чейин алардын жүрөктөрүнө эки жүздүүлүк салып койду.
78.            Алардын сырларын, шыбырашып сүйлөшкөндөрүн Алла анык билээрин билишпейби? Чындыгында, Алла – кайыптарды Билүүчү!
79.            [89]Cадака берүүгө умтулган момундарды шылдыңдаган (мунафык) адамдарды жана маңдай тери менен тапканын гана[90]  бергендерди келекелегендерди Алла шылдыңдайт[91]. Алар үчүн сыздатуучу азап (бар).
80.            [92]Мунафыктар үчүн (Алладан) кечирим сурасаң да, сурабасаң да, ал тургай[93] жетимиш жолу кечирим сурасаң да, Алла аларды эч кечирбейт.  Бул алардын Аллага, Анын элчисине каршы чыкканынан. Алла – бузуку коомду туура жолго багыттабайт.
81.            Алар Алланын элчисине каршы чыгып, согушка  барбай олтуруп калганына сүйүнүштү. Алла жолунда мал-мүлкү жана жандары менен согушууну жек көрүштү. Алар: “Бул ысыкта согушка чыкпагыла!”– деп айтышты. Эгер түшүнсө: “Тозок оту мындан да ысык”, – деп айт.
82.            Эми алар  жасаган иштеринин жазасы үчүн аз күлүп, көп ыйлашсын!
83.            Эгер Алла сени мунафыктар тобуна кайра кайтарып[94] алып барса, сенден катышууга[95] уруксат сурашса: “Эми эч качан мени менен бирге чыкпайсыңар да, мени менен бирге душманга каршы согушпайсыңар! Анткени силер алгачкы ирет ордуңарда олтурууну жакшы көргөнсүңөр. Мына эми артта калуучулар менен бирге олтура бергиле”, – деп айткын.
84.            Алардан бирөөсү өлсө эч качан (жаназа) намазын окуба да, мүрзөсүнүн башында[96] да турба. Анткени алар Аллага жана Анын элчисине каршы чыгып (каапырлык кылып) бузуку абалда өлүштү.
85.            Сени алардын мал-мүлкү жана балдары суктантпасын. Чындыгында Алла муну менен аларга дүйнө жашоосунда азапты жана алардын жандарынын каапыр бойунча чыгышын каалайт.
86.            Аларга: “Аллага ыйман келтирип, Анын элчиси менен бирге согушкула”,  – деп айтылган сүрө түшүрүлсө, алардын байлары сенден уруксат сурап: “Бизди жөн кой, олтуруучулар[97] менен бололу”, – дешет.
87.            Алар артта калуучулар менен бирге болууну каалашты. Алардын жүрөктөрүнө мөөр басылган, ошондуктан түшүнүшпөйт.
88.            Бирок, элчи жана аны менен чогуу ыйман келтиргендер мал-мүлкү жана жандары менен[98] согушушту. Мына ушуларга жакшылыктар (буйрулду). Мына ушулар (Тозоктон) кутулуучулар.
89.            Алла аларга алдынан дарыйалар агып турган, алар анда түбөлүк кала турган бактарды дайардап койгон. Мына ушул–улуу ийгилик.
90.            Көчмөн араптардан себептүүлөр[99]  өздөрүнө уруксат сурап келишти. Аллага, Анын элчисине жалган жалаа жабышкандар (үйлөрүндө) олтуруп кала беришти. Алардын каапырларына сыздатуучу азап (бар).
91.            Алла менен Анын элчисине ишенимдүү болгон алсыз, оорулуу, кайрйымдуулук кыла албагандарга күнөө жок. Эгер алар Алла жана Анын элчиси үчүн ыклас кылышса. Жакшылык кылуучуларды (жазалоого)  жол жок. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
92.            Согушка унаа сурап келгендерге: “Мен анда силерге унаа таап бере албайм!” – деп айтканыңда, өздөрү да (согуш үчүн) сарптай турган нерсе таба албай, көз жаштарын армандуу төгүп кайткандарга да күнөө жок.

Он биринчи бөлүм
93.            Бул жазалоо[100] – өздөрү бай болуп туруп, сенден (үйүндө) калуучулар менен чогуу калуу үчүн уруксат сурагандарга тиешелүү. Алла алардын жүрөктөрүн бүтөп (мөөрлөп) койгон. Ошондуктан алар[101] билишпейт.
94.            (Согуштан) кайтып, аларга барсаңар, силерден кечирим сурашат. ([102]Аларга:) «Кечирим сурабай эле койгула. Биз силерге эч качан ишенбейбиз. Чындыгында, Алла бизге силер тууралуу кабар берди. Алла да, Анын элчиси да  силердин ишиңерди көрүп турат. Кийин[103], көмүскө-кайыпты[104] да, көрүнөө-ачыкты да Билүүчү Аллага кайтып келесиңер. Ал силердин кылган ишиңерден өзүңөргө кабар берет.
95.            Силер аларга кайра келген кезде алардан[105]  жүз үйүрүшүңөр үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Алардан жүз үйүргүлө! Алар чынында эле ыплас (адамдар). Арам иштерди кылышканы үчүн алардын орду Тозокто.
96.            Алар силерге жагынуу үчүн ант ичишет. Эгер силер алардан ыраазы болсоңор да, Алла (алар сыйактуу) бузуку коомдон ыраазы болбойт.
97.            Көчмөн арабдар[106] – каапырлыкта жана мунафыктыкта абдан катуу. Алар Алланын Өз элчисине түшүргөн чек араларын билишпей калууга ылайыктуураак. Алла – Билүүчү, Даанышман!
98.            Көчмөн арабдардан Алла жолунда бергендерин зыйан эсебинде карай тургандары бар. Ошолор силерге жаман доорлордун келишин каалашат. Доорлордун жаманы алардын өздөрүнө келет. Алла –  Угуучу, Билүүчү!
99.            Көчмөн арабдардан Аллага, акырет күнүнө ишенген, сарптаган каражаттарын Аллага жакындык, пайгамбардын жакшы тилектерине шайкеш келген иш катары караган адамдар да бар. Мына ушул чындыгында – (Аллага) жакындык. Алла аларды Өз ырайымына бөлөйт.  Акыйкатта, Алла –Кечиримдүү, Мээримдүү!
100.       Жер которгондордон[107], ансарлардан[108]   алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды ээрчигендерден Алла ыраазы болду. Алар да Алладан ыраазы болушту. Ошондуктан, Алла алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыйалар агып туруучу Бейиштерди дайардап койгон. Бул[109]– эң чоң ийгилик[110]!
101.       Силердин айланаңарда көчмөн арабдардан эки жүздүүлөрү да бар. Ошондой эле Мединалыктардан да эки жүздүүлүкө чумкуп киргендери бар.  [111]Аларды сен билбейсиң, Биз билебиз. Аларды эки эсе кату азапка кабылтабыз. Андан кийин алар андан да чоң азапка салынат.
102.        Кээ бирөөлөрү өз күнөөлөрүн мойундарына алышат. Бирок, алар жакшы иш менен жаманды аралаш кабылдашат[112]. Алла алардын тооболорун балким кабыл кылаар. Акыйкатта, Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
103.       [113]Алардын мал-мүлкүнөн садака ал да, ошол[114] аркылуу аларды[115] тазартып, жакшылыгын арттыр. Аларга (Алладан ыйман сурап) дуба кыл. Анткени, сенин дубаң – аларга Ырайым. Алла –Угуучу, Билүүчү!
104.       Пенделеринин тообосун, садакаларын кабылдай турган бир гана Алла экенин алар билишпейби?  Чынында, Алла – тооболорду Кабыл кылуучу, Ырайымдуу!
105.       [116]Аларга: Жасай турганыңарды[117] жасагыла. Ишиңерди Алла, пайгамбар жана момундар жакында көрөт. Жашыруун менен ашкерени Билүүчү  Аллага кайтарыласыңар да, ошондо Алла силер эмне иш кылганыңардан кабар берет”, – дегин.
106.        Согуштан калып, Алланын  буйругун күтүп аткандар[118]… Алла аларды, же азапка салат, же тооболорун кабыл кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!
107.        (Исламга) зыйан тийгизүү, каапырлык кылуу, мусулмандардын арасын ыдыратуу жана мурдатан эле Алла менен Анын элчисине каршы согушуп келе жаткан адамдарды тосуп алуу үчүн мечитти кургандар[119], албетте: Жакшылыкты гана каалаган элек”, – деп ант ичишет. Ошондой, Алла алардын ашкан жалганчы экенине күбө.
108.       [120]Ал мечитте эч качан намаз окуба.  Алгачкы күндөн бери  такыбалык негизинде салынган мечитте намазга турууң сен үчүн ылайыктуу. Ал жерде (күнөөдөн) абдан тазарууну чындап  ниет кылган кишилер бар. Алла да абдан тазаларды  сүйөт.
109.       Алладан корккон такыбалык менен, Алланын ыраазылыгына шайкеш мечит курган адам мыктыбы, же кулай турган  жардын жакасына мечит куруп, аны менен кошо өзү Тозокко кулай турган адам жакшыбы? Алла адашкандарды[121] Туура Жолго багыттабайт.
110.        Ошондуктан, алардын курган мечиттери, өздөрүнүн жүрөктөрү талкаланганга (өлгөнгө) чейин ырастыгы күмөн бойунча кала берет.  Алла – Билүүчү, Даанышман!
111.       Акыйкатта, Алла момундардын жанын жана мал-мүлкүн Бейишке алмаштырган. Алар – Алла жолунда согушуп өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. Буга байланыштуу чыныгы убада Тооратта, Инжилде жана Куранда бар. Өз убадасын Алладан артык орундата ала турган ким бар? Ошондуктан ушул соодалашууга кубангыла! Анткени бул[122] – зор ийгилик!
112.       [123]Тообо кылуучулар, ибадат кылуучулар, Алланы даңктоочулар, орозо тутууучулар, (намаз окуп) рүкү, сежде кылуучулар,  жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуучулар жана Алланын чектерин[124] сактоочулар  (– ушулар Бейиш ээлер). Момундарга[125] сүйүнчүлө!
113.       Пайгамбарга жана момундарга[126]  тозок ээлери экендиги билингенден кийин, эгер жакындары болсо да мушриктер үчүн (Алладан) кечирим суроого болбойт.
114.       Ибрахимдин атасы үчүн (Алладан) кечирим тилегени – ага берилген[127] убада бойунча болгон. (Ибрахимдин) өзүнө атасынын Аллага душмандыгы билинген соң, атасын таштап чыгып кетти.   Чындыгында, Ибрахим ары кичи пейил[128], ары жумшак мүнөздүү эле.
115.       Алла кайсыл-бир элди Туура Жолго салгандан кийин, алар сактаган нерселерин[129] ачык билдирмейинче аларды адаштырбайт. Чындыгында, Алла – бардык нерсени Билүүчү!
116.       Акыйкатта, асмандар менен жердин кожойундугу Аллага гана таандык. Ал – өлтүрөт жана тирилтет. Силер (–момундар) үчүн Алладан башка жардамчы да, колдоочу да жок!
117.       Чындыгында, Алла момундардын бир бөлүгүнүн жүрөктөрү адашууга ыктаган (оор мезгилден) кийин пайгамбарды ээрчиген Мухажирлер[130] менен Ансарлардын[131] тооболорун кабыл кылып, пайгамбардын ырайымына алып келди. Алла аларга ырайымдуу, боорукер болгондуктан алардын тооболорун кабыл кылды.
118.       Согуштан калган үчөөнүн да тооболору кабыл кылынды[132]. Аларга жер кенен туруп, абдан тарып кеткен болчу. Алардын жүрөктөрү кысылып кеткен эле. Алладан башка эч кандай сактап калуучу жок экенин аңдашты. Ошондон кийин Алла алардын тооболорун кабыл кылды.  Чындыгында, Алла – тооболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү!
119.       Эй, момундар! Алладан коркуп, чынчыл адамдар менен бирге болгула.
120.       Мединалыктардын жана алардын айланасындагы көчмөн  арабтардын Алланын элчисинен артта калуусу, анын[133] жанынан өз жандарын артык  көрүүсү – жарабаган иш. Анткени алар Алла жолунда чөлгө дуушар болушуп, чаңкашса, чарчашса, ач калышса, каапырларды ызаландыра турган бир жерден өтсө жана душманды жеңсе,  аларга ошол себептүү гана жакшы амал жазылат. Алла – жакшы иш кылгандардын сообун текке кетирбейт.
121.       Алар Алла жолунда чоң же, кичи болсун, бир нерсе сарп кылышкан болсо, же бир өрөөндү басып өтсө, Алла алардын көркөм[134] амалдарына сыйлык берүү үчүн сооп жазат.
122.       Акыйкатта, момундардын баары толугу менен жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан дин илимин үйрөнүп,  алар (жоодон) кайтып келген кезде, алардын такыба болуусу үчүн эскертишип туруулары керек эмес деп ойлойсуңарбы?
123.       Эй, момундар! Айланаңардагы каапырлар менен согушкула! Алар силерден катаал мамилеге кабылсын. Чындыгында, Алла такыбалар менен бирге экенин билгиле!
124.       Бир сүрө түшүрүлгөн кезде алардан: «Бул кимиңердин ыйманын арттырмак эле?» – дечү адамдар да бар.  Ал сүрө момундардын ыйманын арттырат, ошолор кубанышат.
125.       Ошондуктан ал сүрө жүрөктөрүндө дарты болгондордун жамандыктарынын[135] үстүнө жамандык арттырат, алар каапыр тейде өлүшөт.
126.       Мунафыктар ар жылы бир же эки ирет (Алла тарабынан) сыналып жатканын көрүшпөйбү? Ошондо деле алар тообо кылышпайт, насаатты да (кабыл) алышпайт.
127.       Эгер сүрө түшүрүлбөсө, бири бирине карап: “Силерди көрө турган бирөө барбы? “ – деп, анан өздөрү терс бурулуп кетишет.  Алардын жүрөктөрүн (Алла) тескери оодарып койгон. Анткени алар [136]түшүнбөгөн коом.
128.       Чындыгында, силерге өз араңардан (чыккан) ызаттуу элчи келди. Ага силердин түйшүгүңөр оор келсе да, ал[137] силерге өтө камкор. Момундарга мээримдүү, боорукер.
129.       (Эй, Мухаммед!) Эгер алар сенден жүз үйрүсө: “Мага Алла жетиштүү. Андан башка Кудай жок. Ага тобокел[138] кылдым, Ал – Улуу Арштын Кожойуну”! – деп айт.




[1] Тообо
[2] Аллага жансыз-жандуу нерселерди, макулуктарды шерик кошкондор
[3] Курбандык күнү
[4] Мусулмандарга башкалардын жамандык кылуусуна көмөк кылбаса, жардам беришпесе
[5] Сенин исламга чакырган сөзүңө кулак салып,  Аллага гана ибадат кылууга ниеттенгенин  ачык айтканга чейин
[6]  Алланын алдында кайсыл дин сөзсүз кабыл болоорун
[7]Ушулар менен гана келишим болушу мүмкүн
[8] Алар менен кантип келишим түзүүгө болот
[9] Алланын адамдар үчүн белгилеген чегинен
[10] мушриктер
[11] Алланын Чындыгын  аңдап-билүү жөндөмүн  берет
[12] Мушриктерди, мунафыктарды, каапырларды…
[13] Мечитке кирүүлөрү жана анын ичинде отуруулары
[14] Жеңил иш-амалдарды гана жасамыш болгон
[15] Меккедеги эң ыйык мечит
[16] Меккеден Мединага
[17] Алланын ыраазылыгын табуу үчүн өзүн жана байлыгын айабастан
[18] Өздөрүнө
[19] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммедге  (а.с.) буйуруп жатат
[20] Мекке Тоифтин ортосундагы Хунайн деген жерде мушриткер менен мусулмандардын ортосунда болгон согушта
[21] Силер ошондо Алладан жардам келбесе аскердин көптүгү эч нерсеге жарабасын унутуп, көптүгүңөргө маашырланып кеттиңер
[22] Ушул согуштан кийин
[23] мушриктер
[24] Ислам динин
[25] Узайир пайгамбарды ыйык кылып көрсөтүүгө далалат кылышкан.
[26] Чын дилдеринен эмес, ооз учунан гана
[27] Иудей дининдегилер жана христиан динин тутунгандар
[28] Динин – Исламды
[29] Ислам динин толук түшүрүп, каапырлардын каршылыгына карабастан анын Кыйаматка чейин таза бойдон сакталышын камсыз кылат
[30] Ислам дини
[31] Эй, Мухаммед!
[32] Кабар бер!
[33] күйгүзүлүп
[34] Лавхул Махфузда
[35] Зулкаада, зулхижжа, мухаарам жана ражаб айлары
[36] Аллага гана жасалуучу ибадаттардан башка, күнөөлүү иштерге бир саатыңарды коротпогула
[37] Исламга чейинки арабдар ыйык мухаррам айында жасалуучу диний жөрөлгөлөрдү сафар айына жылдырышып, Алланын айаттарына каршы иш кылышкан
[38] Исламга чейинки арабдар жети жылды бир цикл катары алышып, анын ичинен үчүнчү, алтынчы жанан сегизинчи айларга өз ойлорунан чыгарып кошумча күндөрдү (айларды десе ад болот) кошуп алышкан.
[39] Жерден козголгуңар келбеди
[40] Мухаммедге (а.с.)
[41] Абу Бакр ((р.а.) – Алла андан ыраазы болсун!)
[42] Анын жүрөгүнө тынчтануу орнотуп, коркуу сезимин жоготту.
[43] Каапылардын шагын сындырып, шерменде кылды
[44] Эй, момундар! Күчтүү болсоңор да, күчсүз болсоңор да...
[45] Мал-жаныңарды айабастан, согушка керектүү зарылдыктар үчүн сарптап
[46] жүрүшкө чыгуу керек болсо
[47] мунафыктар
[48] Табук жолу
[49] Эки жүздүүлөр
[50] Эй,Мухаммед!”
[51] Ухуд согушунда
[52] Эй,Мухаммед!”
[53] Эй,Мухаммед!
[54] жеңиш менен шейиттиктен
[55] “Алла жолунда мал-мүлкүңөрдү жумшагыла, акыреттеги бактыңар үчүн сарп кылгыла” деген пайгамбарды жана момундарды
[56] Эй,Мухаммед!
[57] Каапырлардын балдарынын жана мал-мүлк, байлыгынын көптүгү сени таң калтырбасын
[58] Мунафыктар (эки жүздүүлөр): «Биз силердей эле такыба мусулманбыз»,- деп жалган айтышат
[59] Согуштан,өлүмдөн абдан коркушат
[60] Эй,Мухаммед!
[61] Өздөрүнө жакшы болмок
[62] зекеттер
[63] Муктаждарга берүүнү
[64] Диний башкармалыктын атайын чечими менен садака жана зекеттерди топтоо тапшырылган ыйгарым укуктуу адамга
[65] Жаңыдан ыйманга келгендер
[66] Мухаммед (а.с.) га
[67] Мухаммед а.с.
[68] «не сөз болсо деле тыңдай берет”, - деп. (Болбосо пайгамбар ырайымдуулугунан, боорукерлигинен ар бир адамдын арыз арманын тыңдаган, аларды соорото турган даанышман сөздөр менен насыйат айткан)
[69] ыйман келтирген
[70] Мунафыктар ж.б.
[71] мунафыктар
[72] Эй, Мухаммед!
[73] Шылдыңдап, күлүп
[74] Ыйманыңар канчалык экенин
[75] Эй, эки жүздүүлөр (мунафыктар)!
[76] Бири-биринен эч кандай айырмасы жок
[77] Кайрымдуулук кылбайт, мал-мүлккө сараң, битир,
[78] Жардам бербейт, ырайым кылбайт
[79] Эй, мунафыктар (эки жүздүүлөр!)
[80] Мурунку доорлордун мунафыктарындай эле
[81] Алланын кудуретине, ырайымына ... ынандыруу жана алардын Аллага ыйман келтириши үчүн
[82] адамдарды
[83] Бейиштин аталуу ысымдарынан
[84] Бейиштеги жакшылыктардын эң улуусу – бул, Алла Тааланын ыраазы болуусу
[85] Табук согушунан келе жатканда мунафыктар пайгамбардын төөсүн чункурга түртүп жиберүүнү ойлошкон. Ушундай ыплас кыйанаттыктарды жасап дагы эле Бейишке кирүү тууралуу кыйалданышат
[86] Мунафыктарды Алла  Өз ырайымы менен, Аны элчиси  жоомарттыгы менен садака жана зекеттен мол берип, согуш олжолорунан кенен бөлүп байыткандыгы үчүн алар Алла менен Анны элчисине шүгүр кылуунун ордуна: “Аз берди”, –  деп жек көрүшкөн. Бул алдардын барып турган ыплас адамдар экенин делилдеп турат
[87] Аллага сыйынуудан
[88] Алла Тааланын Өзүнө
[89] Мунафыктар эгер бир бай момун көп өлчөмдө садака берсе: “Элге көрүнүү үчүн берип жатат”, - деп шылдыңдашкан
[90] Абдан аз көлөмдө (маселен бир, же жарым курма) болсо да садакага
[91] Алла кордойт
[92] Эй, Мухаммед!
[93] Аларды айап
[94] Согуштан журтуңа кайтып келген кезде
[95] согушка
[96] Топурак алуу үчүн
[97] үйүндө калып
[98] Эч нерсесин айанбастан
[99] Согушка катышпоого жүйөлүү себептери барлар
[100] жол
[101] Өздөрүнө эмне пайдалуу, эмне зыйандуу экенин
[102] Эй, Мухаммед! (а.с.)
[103] Кыйаматта
[104] Адам көзү көрө албаган кайып неселерди, м: адамдардын рух-жанын, ак, же кара ниетин, ойун, кыйалын, максатын ж.б.
[105] Аларды айыптоодон, күнөөлөөдөн
[106] бедуиндер
[107] Мухажирлер – Меккеден Мединага ислам дини үчүн көчкөн алгачкы мусулмандар
[108] Мухажирлерди сый менен тосуп алган алгачкы Мединалык мусулмандар
[109] Бейишке кирүүгө татыктуу болуу
[110] Эң чоң жыргал,улуу ийгилик,
[111] Эй, Мухаммед!
[112] Жаман ишти да, жакшы ишти да жасай беришет
[113] Эй, Мухаммед!
[114] Садакаларды бей-бечараларга таратып...
[115] Алардын ниетин
[116] Эй, Мухаммед!
[117] Жакшы, сооптуу  иштерди
[118] дагы күтүшсүн
[119] Мунафыктар пайгамбарыбыз согуштан келгенче Шамдан  христийан  кечили Амырды тосуп алуу, ж.б. ыплас ниеттер менен жаңы мечитти курушат да, анан пайгамбардын согуштан келип калганын көрүп, коркуп кетип, калп жерден касам ичип, анын ошол мечитте намаз окуп берип кетүүсүн суранышат
[120] Мухаммед (а.с.)ды жок кылуу максатында, Пайгамбар кирип намаз окусун – деп, мушриктер мечит курушкан эле. Алардын бул амалын Алла Өз элчисине билдирип жатат.
[121] каапырларды
[122] Бейишке кирүү
[123] [123] Эй, Мухаммед!
[124] Өкүмдөрүн
[125] Алар бейиштерге киришээри тууралуу жакшы кабарды
[126] Алардын кайсыл бир жакын тууганы
[127] Ал өз атасына берген
[128] Аллага сыйынууда
[129] Эмне адал, эмне арам, кайсыл туура, кайсыл адашуу ж.б. экенин
[130] Меккеден Мединага динин сактоо максатында көчүп барган мусулмандар
[131] Меккеден көчүп келген мусулмандарга көмөк көрсөтүп, үй-жайын, тамагын бөлүшкөн Мединалык мусулмандар
[132] Тобук согушуна барбай койушуп, кийин пайгамбарга чындыкты гана айтышып, өз күнөөлөрүн мойундарына алган соң, 50 күндөн кийин 70-80 адамдын ичинен чындыкты жашырбай айткан 3 сахабага гана  Алладан кечирим келген
[133] Алланын элчисинин жанынан
[134] жакшы
[135] каапырлыгынын
[136] Алланын акыйкатын
[137] Мухаммед (а.с.)
[138] Ага тайандым, Андан гана жардам тиледим

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder