24.02.2014

4 NİSÂ SÛRESİ

4-сүрө «НИСА[1]»
Мединада тшүрүлгөн. Жүз жетимиш алты аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Эй адамдар, силерди бир жандан[2] жаратып, анан андан жуп кылып жана  ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана айалдарды жараткан Эгеңерден корккула! Силер Анын (атын атоо) менен бири бириңден сураган Алладан жана карым-катнаштан[3] корккула! Албетте, Алла силерди көзөмөлдөгөн эле.
2.     Жетимдердин мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле[4] жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!
3.     А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка айалдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө[5] үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар[6] (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак.
4.     (/йлөнгөн) айалдарыңарга  калыңын[7] чын дилден бергиле. Эгерде ал (айал) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну жей бергиле! Тамагыңар таттуу болсун.
5.     Ысырап кылуучуларга[8] Алла силерге ыроологон мал-мүлкүңөрдү бербегиле. Аларга андан тамак-аш бергиле, кийиндиргиле жана аларга жакшы сөздөр айткыла!
6.     Жана жетимди сынап көргүлө[9], алар качан үйлөнүү куракка келгенде алардын акылы толгонун байкасаңар, аларга мал-мүлкүн бергиле жана аны (мал-мүлктү) алар (жетимдер) акылы толгон куракка жашы жетүүсүнөн коркуп, (андан мурун) ысырап кылып, шашылыш түрдө жеп койбогула! А ким бай болсо,[10] анда жетимдин мал-мүлкүнөн өзүн кармасын. А эгер кедей[11] болсо, анда жакшылык менен жесин. А силер жетимдин мал-мүлкүн өзүнө тапшырганда аларга күбө катыштыргыла. Эсепте[12] Алла өзү жетиштүү.
7.     Эркектерге ата-энеси жана туугандары калтыргандан[13] үлүш бар. Айалга да ата-энеси, туугандары калтыргандан үлүш бар. Аз болсо да, көп болсо да парз[14] кылынган үлүш (болуп эсептелет).
8.     Туугандары[15], жетимдер жана кедейлер бөлүштүрүүдө[16] келип калса, андан аларга да бергиле, аларга жакшы сөз айткыла!
9.     Артында жаш наристелерин калтыруучулар[17] коркушсун! Алладан сактанышсын! Ага[18] жылуу-жумшак сөз айтышсын! 
10.   Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат.
11.   Алла силерге балдарыңар тууралуу да көргөзмө берет: (алуучу)Эркек бала болсо эки кыздын  үлүшүнө барабар (алат). А эгер – айалдар[19] экиден ашык болсо, анда ал[20] калтыргандын үчтөн бир бөлүгү (берилет); а бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. А эгер анын (маркумдун) баласы бар болсо, өлгөндүн ата-энесине алардын ар бирине ал калтыргандын алтыдан бир бөлүгү (берилет).        А эгер анын[21] баласы жок болсо, анда ага ата-энеси гана мураскер болот да, энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). [22]Керээз кылып калтырган осуйатын (аткаргандан) кийин, же карызын берген соң.[23] Силердин ата-энеңердин, же балдарыңардын кимисинен көбүрөөк пайда экенин силер билбейсиңер. Ошондуктан Алла (мурасты) парз кылып койгон. Алла Билүүчү, Даанышман.    
12.   Эгер (ал айалдардын) баласы жок болсо, анда силерге айалыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган айалдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). А эгерде эркекте ата да, бала да болбосо, же айалда түздөн-түз мураскорлор жок болсо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскорлор) экиден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Алланын көрсөтмөсү бойунча эч кимге зыйан келтирбей[24] карыздарды төлөп бүткөн соң(берилет).  Акыйкатта, Алла Билүүчү, Жумшак.
13.   Булар[25] Алланын чек аралары[26]. Эгер ким Аллага жана Анын элчисине мойун сунса, Ал аларды алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө калышат. Бул – зор ийгилик!
14.   А ким Аллага жана Анын элчисине баш ийбесе жана Анын чектеринен өтүп кетсе, Ал аларды отко киргизет. Алар анда түбөлүккө болушат жана алар үчүн кордоочу азап бар!
15.   Силердин айалдарыңардан бузуктук[27] ишти кылгандарга өзүңөрдөн  (мусулмандардан) төрт күбөнү күбөлөндүргүлө! Эгер алар күбөлүк беришсе, анда айалыңарды өлүм келгенге чейин, же Алла аларга башка бир жолду көргөзмөйүнчө үйүңөрдө кармагыла.
16.   А (эгер) силердин араңардан[28] экөө бул бузук ишти кылышса, аларды жазалагыла, эгер алар өкүнүп, оңолушса, жазаны (кордоону) токтоткула. Албетте, Алла Кечирүүчү, Мээримдүү.
17.   Күнөөнү билбестиктен жасап, кайра тезинен тообо кылып, өкүнгөндөргө, Алланын кечирими болот. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.
18.   Күнөөлөрдү жасап, анан алардын ичинен бирөөнө өлүм келген учурда ал: “Мен азыр өкүндүм, тообо кылдым!” деп айтса,ага тообо жок. Ошондой эле каапыр бойдон өлүп калгандарга да (кечирим) жок. Аларга Биз катуу азапты дайардадык.
19.   Эй ыйман келтиргендер! Силерге айалдарды күч менен мураска алуу дурус эмес жана аларга (айалдарга) берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн аларды (башка эрге тийүүдөн) тосуп турбагыла. Бирок алар ачык эле бузук ишке барышса, анда калыңыңарды кайтарып ала аласыңар.[29] Алар (айалдар) менен жакшы, туура мамиледе болгула. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Силер жаман көргөн нерседен мүмкүн Алла андан көп жакшылыкты берээр.
20.   Эгер силер бир айалды башка айал менен алмаштырууну кааласаңар, алардын бирөөнө (калыңга)мал-мүлк берген болсоңор, андан эч нерсени кайтарып албагыла! Ырасында, аны силер адилетсиздик жана ачык күнөө кылуу жолу менен тартып аласыңарбы?
21.   Кантип эле силер, бири-бириңердин араңарда[30] жакындык болгон соң жана алар (айалдар) силерден ишеничтүү - убада алышкандан соң[31], калыңдын бир бөлүгүн кайра кантип аласыңар?
22.   Атаңар үйлөнгөн айалдарга үйлөнбөгүлө! Бирок бул иш (үйлөнүү) мурун[32] болуп өткөн болсо (ал кечиримдүү). Акыйкатта бул өтө ыплас, каар, ачууга татыктуу жаман жол болгон!
23.   Силерге энеңерди, кыздарыңарды, эже-карындаштарыңарды, тайэжеңерди,[33] бир тууганыңардын, эжеңердин кыздарын, эмчек эмизген энеңерди, эмчектеш эже-карындашыңарды, айалыңардын энесин, силер менен жыныстык катнашта болгон айалыңардын[34] силердин камкордугуңарга өткөн кыздарына никелешүү арам. А эгерде жыныстык катнашта али боло элек айалдарыңардыкы болсо, анда күнөө жок. Силерге ошондой эле өзүңөрдөн болгон балдарыңардын айалдарына[35] үйлөнүүгө тыйуу салынат. Ошондой эле силерге бир эле мезгилде эки бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө да тыйуу салынат; а эгер бул иш мурда[36] болуп өткөн болсо, ал кечиримдүү. Акыйкатта, Алла күнөөлөрдү Кечирүүчү жана Мээримдүү.

Бешинчи бөлүм
24. Күйөөсү бар айалды никелеп алууңарга да тыйуу салынган. Бирок колуңардагы күңдөрдү алсаңар болот. Бул силерге Алланын жазган буйругу. Мында айтылгандардан башкаларына абийириңерди сактап[37], бузуктук кылбай өз каражатыңар менен үйлөнүүңөр адал. А силер алардан (айалдардан) пайдаланганыңар[38] үчүн аларга белгилүү өлчөмдө калың[39] бергиле. Эгер силер белгиленгенден[40] соң өз ара сүйлөшүп макулдашсаңар[41] андан эч кандай күнөө жок. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.
25. А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин, абийири таза, ыймандуу айалдарга үйлөнүүгө алыңар жетпесе, анда момун айалдардын арасынан күңдөргө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун[42]. Акыйкатта, Алла силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга[43] кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Алар айагы суйук, же бир жашыруун ойнош күтүүчү болбой, силердин (андай) күнөө иштерге барбаган, абийири таза айалыңар болсун! Эгер алар[44] ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин айалдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Алла Кечирүүчү, Боорукер!
26.  Алла силерге ачык түшүндүрүүнү, мурунку пайгамбарлардын түз   жолуна багыттоону жана силерди кечирүүнү каалайт. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.
27.   Алла силерди кечирүүнү каалайт. А өз каалоо-кумарларына ээрчигендер болсо силердин (акыйкаттан) бурулуп кетүүңөрдү каалашат.
28.   Алла   силерге  жеңилдетүүнү   каалайт.   Анткени   инсан   алсыз   кылып жаратылган.
29.   Эй   ыйман   келтиргендер!   Бир-бириңдин   мал-мүлкүңдү   арам   жолдор менен жеп койбогула! Бирок, бул өзүңөрдүн ыраазычылыгыңар менен болгон  соода болсо, анда жей бергиле. Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө![45] Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү.
30.   Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу Алла үчүн жеңил!
31.   Эгерде силер тыйуу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, силердин кичине күнөөңөрдү кечиребиз   жана силерди Бейишке киргизебиз.
32.   Алла силердин бириңе, экинчиңерди артык кылганына суктанбагыла![46] Эркектерге өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Айалдарга да өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Алладан жакшылыгын сурангыла! Акыйкатта, Алла бардыгын Билүүчү!
33.   Ата-эне, жакын туугандар жана кол алышып антташкан достор таштаган мал-мүлк ар бирине үчүн мураскорлорду кылдык. Аларга үлүштөрүн бергиле. Акыйкатта Алла бардык нерселердин үстүнөн Күбө болуучу.
34. Алла кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (айалдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер айалдардын кожойуну. Аллага мойун сунуучу – ал, күйөөлөрүнө  баш ийүүчү, Алланын сактоосу менен күйөөлөрү жокто   абийирлерин   сактоочу   айалдар.[47] Силерге баш ийбей койуудан корккон айалдарыңарга адегенде насаат айткыла![48] Алардын төшөгүн бөлүп койгула![49] Ургула![50] Эгер алар силергө мойун сунуп оңолушса, анда аларга каршы жол издебегиле![51] Акыйкатта, Алла Өтө Бийик, Улук!
35.   Эгер   силер   жубайлардын   араздашуусунан   корксоңор,   анда   күйөө тараптан[52] жана  айал  тараптан  бирден  калыс жибергиле!  Эгер  алар жараштырууну каалашса, анда Алла алардын ортосуна ынтымак салат. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Кабардар!
36.   Аллага табынгыла жана Ага эч кимди шерик[53] кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган   коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга[54] жакшылык кылгыла!  Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаактарды сүйбөйт,
37.   сараңдангандарды жана адамдарды сараң болууга буйургандарды жана Алла аларга өз марттыгы менен тартуулагандарды[55] жашырышкандарды (сүйбөйт). Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардап койдук.
38.   Өзүнүн мал-мүлкүнөн адамдар көрсүн үчүн сарптагандар Аллага жана акырет күнүнө ишенбегендер жана шайтанды жолдош кылып алгандар. Шайтан кандай жаман жолдош.
39.   Алар Аллага жана Акыретке ишенип, Алла аларга берген ырыскыларды сарпташса, эмне болор эле? Анткени, Алла алар жөнүндө баарын билет.
40.   Акыйкатта, Алла эч кимге кымындай да зулум кылбайт. А эгер жакшылык болсо, Ал аны эки эселеп көбөйтөт жана Өз алдынан улуу сыйлык берет.
41.   Эгер Биз ар бир элден күбө алып келсек, а сени буларга каршы күбөлөндүрсөк (каапырлардын абалы) кандай болоор экен?
42.   Ошол күндө ишенбей каапыр болгондор жана пайгамбарды укпагандар (өздөрүнүн) жер менен жексен болуп кетүүсүн каалашат да, Алладан  бир да сөзүн жашыра албай калышат.
43.   Эй, ыйман келтиргендер! Силөр мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула![56] Ошондой эле, силер булганыч[57] абалыңарда да жуунганга чейин (намаз окубагыла)! Бирок, сапарда болсоңор (суу жок болсо, тайамум менен намаз окуй бергиле)! Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө[58], же айалыңар менен    катнашсаңар, анан жуунганга суу таппасаңар, таза топуракка    тайаммум жасагыла: жүзүңөрдү жана колуңарды (ошол  сүртүлгөн  чаң  менен)  сылагыла![59] Албетте, Алла Кечирүүчү!
44.   Ырас эле Китептен бир үлүш берилгендер[60] адашууну сатып алышканын жана силердин жолдон адашууңарды каалашканын карап көрбөйсүңбү?
45.   Алла силердин душманыңарды жакшы билет. Алла жетиштүү коргоочу жана Алла жетиштүү жардамчы.
46.   Иудейлерден сөздү мындай деп бурмалап-бузуп сүйлөгөндөр бар: "Биз уктук жана баш ийбедик", "уга элегиңди угуп ал (укпа)", "рооинаа"[61] - деп, сөздү бузуп, динге доо келтиришкен. А эгерде алар: "Биз уктук жана баш ийдик", "ук" жана "бизге кара", деп сүйлөшсө, анда алар үчүн жакшы, ары туура болмок. Бирок Алла аларды каапыр болгондуктары үчүн каргышка калтырды. Алардын азыраагынан башкасы каапыр бойунча калды.
47. Эй, Китеп берилгендер![62] Биз бетиңерди сүргөнгө жана аларды артты көздөй бурганга, же Биз аларды ишемби күнүн    бузгандарды наалатылагандай  каргышка калтыргандан эртерээк Биз силерге силердегини (Тоорат, Инжил) тастыктоо үчүн жөнөткөнүбүзгө[63] ишенгиле! Алланын буйругу ар дайым ишке ашат.
48.   Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт,  бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. А ким Аплага шерик кошсо, ал зор күнөөнү ойлоп тапканы.
49.   Чын эле, сен өздөрүн «өтө тазабыз» деп билгендерди көрбөйсүңбү?! Жок, Алла кимди кааласа, аны тазалайт. Аларга  кымындай да зулум кылынбайт.
50.   Алар Аллага кандай жалгандарды айткандарын карачы! Бул айкын күнөө болууга жетиштүү.[64]
51.   Сен  Китептин бөлүгү берилгендердин  "Жибт", менен  "Таагуутка"[65] ишенишкендиктерин жана каапырларга: "Ыйман келтиргендердин жолунан силердин жол туура дешкендерин көрбөйсүңбү?"
52.   Булар Алланын каргышына калгандар. Ким Алланын каргышына калса, ага жардамчыны[66] таппайсың!
53.   Же аларда мүлктөн[67] үлүшү барбы? (Алардын колунда  эч кандай бийликтен үлүш жок. Кокус болуп калса,) анда деле адамдарга кымындай да беришмек эмес.
54.   Мүмкүн алар Алла өз жакшылыгы менен адамдарга берген нерселери үчүн  көрө албастык кылып жатышпасын? Анткени,  Биз Ибрахимдин урпактарына Китеп жана акылмандык берип,   аларга зор бийлик тартууладык.
55.   Ошолордун ичинен ага[68] ишенгендер да, алардын арасынан андан баш тарткандар да болду. Аларга тозоктун азабы жетиштүү!
56.   Акыйкатта, айаттарыбызга ишенбегендерди Биз отко киргизебиз. Алардын терилери (тозокто) күйүп бүтөр замат (алар азапты татышы үчүн) Биз аны башка териге алмаштырабыз. Акыйкатта,   Алла Ызаттуу, Даанышман.
57.   А ыймандууларды Биз алдында дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизебиз,  алар анда түбөлүккө болушат. Анда алар үчүн таптаза жубайлар[69] бар жана аларды дайыма көлөкөлүү жайларга киргизебиз.
58.   Акыйкатта, Алла силерге тапшырылган аманатты[70] анын ээсине тапшырууга[71] буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла. Албетте, Алла силерди үндөп жаткан нерсе кандай сонун! Акыйкатта, Алла Угуучу, Көрүүчү!
59.   Эй ыймандуулар, Аллага баш ийгиле! Алланын элчисине баш ийгиле! Ошондой эле силердин араңардагы колуна бийлик берилгендерге баш ийгиле! Эгер бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, анда Аллага[72] жана пайгамбарга[73]  кайтаргыла,[74] эгер  силер Аллага жана  акырет Күнүнө ишенсеңер. Мына ушул эң жакшы жана мыкты көрсөтмө!
60.   Сага (Мухаммед) жана сага чейинкилерге да[75] ишенебиз деп ойлогондор өкүм    чыгартуу   үчүн    катуу   адашканга[76]  кайрылууну   каалашканын көрбөйсүңбү?  А, алар  ага[77]   ишенбөөгө буйрулушкан  эле!  А, шайтан аларды жолдон азгырып, терең адашууга алып барууну каалайт.
61.   Качан аларга: «Алла түшүргөн нерселерге жана Алланын  элчисине кайрылгыла!»[78] деп айтылса, эки жүздүүлөрдүн[79] сенден жүзүн буруп, кеткенин көрөсүң.
62.   Качан аларга өз колдору менен кылган мурунку иштери үчүн кырсык келсе кандай (кыла алышат.) Андан соң сага келишет да, Алланын аты менен ант ичип: "Биз сага жакшылык жана ийгилик гана каалаган элек", дешет.
63.   Алла алардын жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан жүзүңдү үйрү. Насаат кылып, таасирдүү сөз айт.
64. Биз пайгамбарды Алланын уруксаты менен гана мойун сунсун үчүн жөнөткөнбүз. А эгерде алар өздөрүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Алладан кечирим сурашат, алар үчүн Алланын элчиси да кечирим сураганда, алар Алланын Тооболорду Кабыл Кылуучу, Мээримдүү экендигин табышаар элө.
65.   О жок! Сенин Эгеңе ант, алар өздөрүндөгү талаш-тартышка сени калыс кылмайынча момун боло алышпайт. Андан соң алар сен кылган өкүмгө каршы болушпайт, ага толугу менен мойун сунушат.
66.   А эгер Биз аларга: «Өз   өмүрүңөрдү   бергиле!»[80],   же:   «Турагыңардан чыккыла!» десек, анда муну алардын азыраагы гана аткарышмак. А, эгер алар өздөрүнө айтылган насаатты аткарышса, анда өздөрү үчүн абдан жакшы жана ыйманы бекемирээк болмок.
67.      Анда Биз аларга Өзүбүздүн алдыбыздан улуу сыйлыктарды берээр элек
68.   жана аларды түз жолго салмакпыз.
69.   А ким Аллага жана Анын элчисине баш  ийсе, анда алар Алла Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн: пайгамбарлар, ишенгендер, шейит болгондор менен бирге (болушат). Алар эң сонун шериктер!
70.   Мына ушулар Алланын мээримдүүлүгүнөн. Алла бүт бардыгын билип тургандыгы - жетиштүү.
71.   Эй ыймандуулар! Этийат болгула! Жана чакан топ болуп, же чогуу бирге аттангыла.[81]
72.   Силердин араңарда согуштан калып калуучулар да бар.[82]  Эгер силерге кырсык жетсе алар: «Алла мага мээримдүүлүк көргөздү, алар менен бирге бар болгон жокмун»[83] – деп айтар.
73.   А эгерде силерге Алланын ырайымы жетсе, анда алар силер менен (мурун) эч кандай байланышы болбогон өңдүү: «Аттиң, мен да алар менен чогуу болгонумда, зор ийгиликке жетмек экенмин» демек.
74.   Акыретти бул дүйнө жашоосуна сатып алуучулар Алла жолунда согушка аттанышсын! Эгер ким Алла жолунда согушуп өлтүрүлсө, же жеңишке жетишсе, Биз ага жакында улуу сыйлыктарды ыйгарабыз.
75.   "Оо Эгебиз! Бизди зулум кишилер жашаган бул калаадан чыгаргын! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир башчы жана жардамчы кыл (жөнөт)" - деп айтып жаткан эркек, айал, балдардан болгон алсыздар үчүн эмнеликтен Алланын жолунда согушка чыкпайсыңар?!
76.   Ыймандуулар алар Алла жолунда согушкандар, а ыймансыздар - шайтандын жолунда согушкандар. Шайтандын тарапкерлери менен
согушкула, анткени шайтандын айлакерлиги алсыз![84]
77.   Ырас эле сен: "Колуңарды тарткыла![85] Намаз окугула, зекет бергиле..." а качан аларга согушууга буйрук берилгенде алардын[86] арасынан бир бөлүгү адамдардан Алладан корккондой, (же    андан да) катуураак корккондорду көрбөдүң беле?! Алар: "Оо Эгебиз! Бул согушту бизге эмне үчүн буйурдуң, аны (согушту) жакынкы мөөнөткө кое турсаң болмок?!" дешет. (Аларга:) "Бул дүйнөнүн жыргалы аз. А акырет такыбалар үчүн эң жакшы. Кымындай да зулум[87] кылынбайсыңар".
78.   Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Алладан», дешет, а качан аларга жамандык жетсе: «Бул сенден»[88], дешет. (Аларга:) «Баары Алладан» деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт.
79.   Сага жеткен жакшы нерсе, ал Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенин  өзүңдөн.[89] Биз  сени  элдер  үчүн  элчи   кылып  жөнөттүк.  Алла жетиштүү Күбө.
80.   Ким пайгамбарга баш ийсе, албетте ал Аллага баш ийгени. А ким баш тартса, Биз сени алардын үстүнөн кароолчу кылып жөнөткөн эмеспиз.
81.   Алар: «Биз баш ийебиз» – дешет. А качан сенин алдыңдан чыгышканда алардын бир тобу сен айткандан[90] таптакыр башка нерселерди жашырып калышат. Алла алардын эмнени жашырып калып жаткандарын жазып алат. Алардан жүз үйүр! Аллага тобокел кыл! Алла толук жеткиликтүү өкүл.
82. Алар Куран[91] жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Алладан башканын сөзү болгондо,  анда алар Курандан  көптөгөн  карама-каршылыктарды табышаар эле.
83.   Качан тынчтык, же коркунуч кабар жеткенде, алар аны жарыйа кылып жиберишет. А эгерде алар бул тууралуу пайгамбарга, же өздөрүнүн жетекчилерине билгизгенде,[92] аны жайылтуучулар алардан билишмек.[93] Эгерде силерге Алланын жоомарттыгы менен мээримдүүлүгү болбогондо, анда силердин көпчүлүгүңөр шайтандын артынан ээрчип кетмексиңер.
84.   Алланын жолунда согушкун. Ал өзүңө гана жүктөлөт, бир өзүңө жооп бересиң жана момундарды үгүттө! Мүмкүн Алла каапырлардын зыйанын токтотуп турат. Анткени Алла күч жагынан да, жазалоодо да баарынан күчтүү!
85.   Ким бирөөнү жакшылык иштеринде колдосо, ага андан алуучу үлүш тийет, а ким жамандык иште көмөктөшсө, ага андан болгон жазадан үлүш тийет. Акыйкатта, Алла бардыгынын үстүнөн кудуреттүү.
86.   Качан силерге салам берилсе, силер алардын саламынан жакшыраак алик алып саламдашкыла же анын өзүн эле кайтаргыла.[94] Акыйкатта, Алла ар бир ишти Эсептөөчү.
87.   Алладан башка кудай жок. Акыйкатта, болору шексиз болгон Кыйамат Күнүндө Ал барыңарды чогултат. Алланын сөзүнөн да сөзү чын ким?
88.   Силер эмнеликтен эки жүздүүлөргө байланыштуу эки топко ажырап кеттиңер? Алла аларды кылган иштери үчүн төмөнгө кагып салган. Ырас эле силер Алла адаштырып койгондорду түз жолго    салууну каалайсыңарбы? Анткени Алла кимди түз жолдон чыгарса, ал үчүн туура жолду таба албайсың.
89. Алар өздөрү каапыр болгон сыңары эле силердин да каапыр болуп жана каапырлыкта окшошуп калууңарды каалайт. Алла жолуна көчкөнгө чейин[95] алардын ичинен дос күтпөгүлө! Эгер артка кайтышса, анда аларды туткундап алгыла да, тапкан жериңерде өлтүргүлө![96] Алардын ичинен дос да, жардамчы да албагыла!
90.   Бирок алар [97]баш калкалоо издеп силердин жана алардын ортосунда тынчтык  келишими  түзүлгөн элге барса же алар силер менен, же өздөрүнүн эли менен согушууну каалабай көкүрөктөрү кысылган абалда силерге келсе (тийбегиле). А эгер Алла кааласа силердин үстүңөрдөн аларга бийлик бермек да, алар силер менен согушууга чыкмак. А эгер алар силер менен согушпастан артты көздөй чегинип, же силерге элдешүүнү сунуш кылса, анда Алла силердин аларга каршы согушууңарга тыйуу салат.
91.   Силерден да жана өзүнүн элинен да коопсуздукта болууну каалашкандарды[98] дүрбөлөңгө чакырып, баштарын төмөн салган адамдарды көрөсүңөр! Эгер алар силерден кетпесе, же тынчтыкка келишпесе, силерден колдорун тартышпаса, анда аларды кармап алып, тапкан жериңерде өлтүрө бергиле! Биз силерге алардын үстүнөн ачык далил келтиребиз.
92.   Силерге момундар момундарды каталык менен гана болбосо өлтүрүүгө тыйуу салынат. А ким эгер каталык менен өлтүрүп  алса,[99] ал адам мусулман кулду эркиндикке чыгаруу жана туугандарына[100] бериле турган кун[101] төлөөгө тийиш. Бирок алар[102]  кечирип  жиберишсе  (төлөбөйт). Өлтүрүлгөн силерге душман элдин[103] арасынан келген болсо, анда өлтүргөн адам бир мусулман кулду[104] азаттыкка чыгарууга милдеттүү. А, эгер ал (өлтүрүлгөн) силер менен тынчтык келишим кылган элден болсо, анда өлгөндүн туугандарына[105] кун төлөп, бир мусулман кулду азаттыкка
чыгарууга тийиш. Эгер өлтүргөн адам кулду таба албаса, анда Алланын алдында тообо кылган катары үзгүлтүксүз түрдө эки а
й бойу орозо тутууга тийиш. Акыйкатта Алла Билүүчү,  Даанышман.
93.   А эгер ким мусулманды атайлап өлтүрсө, анын жазасы Тозок. Анда[106] түбөлүк калат. Ага Алланын ачуусу келип, Анын каргышына калат. Ага улуу азап дайардап койот.
94.   Эй ыйман келтиргендер! Силер качан Алланын жолуна (согушка) жөнөгөнүңөрдө анда ажыраткыла![107] Силер менен саламдашкандарга бул дүйнө жашоосундагы ырахатты талап кылып: "Сен мусулман эмессиң", деп айтпагыла! Албетте, Алланын алдында көп олжолор, табылгалар бар. Силер да мурун ушундай болгонсуңар, бирок Алла силерге өз мээримин көргөздү.  Ошондуктан силер   баамчыл болгула. Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
95.   Дин  үчүн  болгон  согушта  катышпай  үйүндө оорубастан  калгандар[108] Алланын жолунда өзүнүн малы жана жаны менен күрөшүп жүргөндөргө тең  эмес. Алла жолунда өзүнүн малы жана  жаны менен күрөшүп жүргөндөрдү бир себеп менен үйүндө отуруп калгандардан бир даража жогору кылды. Алла эки топко тең бейишти убада кылды жана күрөшкө чыккандарды себепсиз үйүндө отуруп калгандардан улуу сооп менен (артык) улуу кылды.
96.   Андан[109] даражалар, кечирим жана ырайым (болгон). Алла Кечиримдүү, Мээримдүү!
97.   Акыйкатта, өзүнө-өзү зулум кылгандарга, алардын жанын алып жаткан периштелер: «Силер денеңерде кандай абалда болгон элеңер?» – деп сурашат. Алар: «Биз жер үстүндө алсыздардан элек»,   деп жооп беришет. Периштелер: "Силер башка жакка көчүп[110] кетишиңер үчүн Алланын жери силерге кенен эмес беле?" - дешет. Булардын баруучу жайы - Тозок. Ал – кандай гана жаман жай!
98.   Бирок жол таап, айла-амал кылууга чамалары жетпеген алсыз эркектер, айалдар, жаш балдар эле.[111]
99.   Аларды Алла балким кечирээр. Анткени Алла Кечирүүчү, Боорукер!
100.Ким Алланын жолунда көчкөн болсо, ал жер үстүндө көптөгөн жайларды жана ырыскы табат. А ким Алланын ыраазылыгы жана Анын элчиси үчүн үй-жайын таштап көчкөн болсо, анан жолдо өлүмгө учураса - анын сыйлыгы Алладан болот. Анткени Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
101.  Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор,[112] анда намазды кыскартып[113] окуп койсоңор, күнөө болбойт. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!
102.  Сен качан алар менен бирге болуп намаз окусаң, (колуна куралын) алган бир топ силер менен кошо турсун. А качан биринчи топ намазды окуп бүткөн соң, баары туруп арт жакка кетишсин,  алардын ордуна намаз окуй элек экинчи топ келип, сени менен намазды бирге окушсун. Бирок, алар да сак болушуп, курал-жарактарын жанында тутсун. Каапырлар силердин куралыңарга, азыгыңарга  бейкапар  болушуңарды  жана  өздөрү күтүүсүздөн келип силерге кол салууну каалашат. Эгер силер жамгырдан улам кыйынчылыкка кептелип, же оору себептүү куралыңарды койуп койсоңор, андан күнөөлүү болбойсуңар. Бирок, сак болгула! Акыйкатта, Алла каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардап койгон!
103.  А качан силер намазыңарды окуп бүткөн соң туруп, олтуруп, же жаткан абалда Алланы эстегиле.[114]  А силер качан коркунучсуз, бейкут абалга жетсеңер  намазыңарды  окугула.  Акыйкатта    намаз  белгиленген убакыттарга дайындалган.
104.  Каапырлар менен болгон күрөштө эч качан алсыз начар абалыңарды көргөзбөгүлө! Эгер силер запкы жеп[115] кыйналып жатсаңар, алар да дал силер өңдүү эле запкы чегүүдө, бирок ушул кезде алар Алладан ишенбеген нерсеге силер ишенип жатасыңар. Албетте, Алла   Билүүчү, Даанышман!
105.  Биз адамдар арасында Алла көргөзгөндөй кылып өкүм жүргүзүүң үчүн сага акыйкаттык менен Китеп түшүрдүк. Сен кыйанаткерлерди колдоочу болбо!
106.   Алладан кечирим сура! Анткени Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
107.  Өзүнө өзү кыйанат кылгандарга кийлигишпе! Акыйкатта, Алла кыйанаткер күнөөкөрлөрдү жакшы көрбөйт.
108.Алар адамдардан жашырышат.[116] Бирок аларды Алладан жашыра алышпайт. Ал (Алла) алар ага жакпаган сөздөрдү жашыруун сүйлөшүп жатышканда алар менен бирге эле.[117] Анткени Алла баарысын камтып, эмне кылгандарын камтуучу.[118]
109.  Силер   бул  дүйнөдө   алар  жөнүндө  талашып тартышасыңар.   А   Кыйамат күнүндө Алла менен алар жөнүндө ким талашып тартыша алат? Же ким алар үчүн өкүл боло алат?
110.  Ким күнөө иш жасап, же өз жанына зулумдук кылса, андан соң Алладан кечирим сураса, анда ал Алланын Кечиримдүү, Мээримдүү экендигин табат.
111.  А  ким күнөө жасаса ал өзүнө кылат.[119] Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман!
112.  А ким эгер кичине күнөө[120], же чоң күнөө жасап, андан соң күнөөсүздү аны[121] менен күнөөлөсө, ал өзүнө жалааны жана ачык күнөөнү жүктөгөнү.
113.  Эгерде сага Алланын ырайымы жана мээрими болбогондо алардан бир тайпа сени туура жолдон чыгарууга камынмак. Бирок алар өздөрүн гана  жолдон  адаштырышат. Сага эч кандай зыйан кыла  алышпайт. Анткени Алла сага Китепти жана даанышмандыкты берди. Сага билбеген нерселерди үйрөттү. Алланын сага көргөзгөн ырайымдуулугу улуу!
114.  Кайыр-садага кылуу, же жакшылык иштерди жасоо, же адамдарды элдештирүү жөнүндө  сүйлөшүп жаткандардан башка алардын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүгүнөн жакшылык жок. Ал эми ким бул иштерди Алланын ыразылыгына жетүүгө аракет кылып жасаган болсо, ага Биз зор сыйлык тартуулайбыз.
115.  Ким өзүнө туура жол ачык айкын болгондон кийин пайгамбарга каршы чыгып, ыймандуулардын жолу менен ээрчибегендерди ал   өзү кай тарапка бурулган болсо, ошол тарапты каратабыз жана аны тозокко ыргытабыз. Ал кандай жаман жай!
116.  Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду[122] кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет. А ким Аллага шерик кошсо, ал аныгында узак адашууда болот.[123]
117.  Алар  Андан[124]  башка  айал  затына[125]  жана  ээнбаштанган   шайтанга[126] табынышат.
118.  Алла аны[127] каргышына калтырды. Ошондо шайтан айтты: «Мен Сенин пенделериңден токтоосуз өз үлүшүмдү аламын.
119.  Аларды   чындыктын  жолунан   кечиктирбестен   чыгарам   жана аларды аткарылбас жаман үмүттөргө азгырам, аларга малдын кулагын[128] тешип койууга буйурам жана аларга Алланын жараткан  нерсесин  өзгөртүүгө буйрамын», (деди). Ким Алланы таштап шайтанды өзүнө дос кылып алса,[129] ал анык зыйанга учурайт.
120.  Ал (шайтан) аларга убада берип, аларды үмүттөндүрөт. Бирок, шайтандын убадалары болгону азгырык гана!
121.  Алардын жайы тозок жана андан кутула алышпайт.
122.  А ыймандууларды жана жакшылык иш кылгандарды Биз алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына жакында киргизебиз. Алар анда түбөлүккө болушат. Алланын убадасы[130] чын. Алладан башка кимдин сөзү туурараак.
123.  [131]Силердин каалооңорго же Китеп ээлеринин[132] каалоосуна көз каранды эмес. Ким жамандык кылса ошонусуна жараша жазаланат. Ал өзүнө Алладан башка жакын колдоочуну да, жардамчыны да таба албайт.
124.Жакшы иштерди жасаган эркекпи, айалбы, эгер алар ыймандуу болушса, Бейишке киришет. Аларга кымындай да зулум кылынбайт.
125.  Аллага жүзүн буруп, жакшылык иштерди кылган  жана Ибрахимдин динине берилип ээрчигенден да дини мыкты бирөө барбы? Алла
Ибрахимди Өзүнө жакын дос кылып алган.
126.  Аллага асмандагылар менен жердегилердин баары таандык. Алла бардык нерселерди камтуучу болгон.[133]
127.  Алар сенден айалдар жөнүндө өздөрүнө эмнелер буйурулганын сурашат. (Аларга)   айт:  «Алла силерге алар жөнүндө бул Китепте эмнелер жазылганы тууралуу, ошондой эле аларга буйрулган нерселерди силер аларга бербей койуу үчүн силер үйлөнүүнү каалаган жетим кыздар, алсыз балдар жөнүндө, жетимдерге адилеттүү мамиле кылууңар жөнүндө чечим чыгарат. Силер кандай жакшы иш кылсаңар да, Алла аны билүүчү.
128.  Эгерде айал өзүнүн күйөөсү өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарбайт деп, же ал андан баш тартуусунан корксо,[134] анда алар өз ара макулдашуу түзүүлөрүндө күнөө жок.[135] Албетте тынчтык келишими - жакшы. Көңүлдөр[136] сараңдыкка тартылган.[137] Эгер силер айалдарга жакшы мамиле кылсаңар, такыба болсоңор, анда албетте Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
129.  Канчалык кызыгып, умтулсаңар да айалдардын ортосунда адилеттүү болууга   алыңар   жетпейт.[138] Аны арсар[139] кылып таштап   салып (тигинисине) такыр ооп кетпегиле! А эгер силер оңолсоңор[140] жана такыба болсоңор, анда албетте Алла Кечиримдүү, Мээрбан!
130.  А эгер жубайлар ажырашса, анда Алла өзүнүн жоомарттыгы  менен алардын ар биринин ырысын бере берет.[141] Акыйкатта Алла Ырайымдуу, Даанышман!
131.  Аллага асмандардагы жана жердегилердин баары таандык. Биз чынында силерге чейинки Китеп берилгендерге да, силерге   да Алладан коркууңарды насаат кылдык. Эгер силер каапыр болсоңор,[142] анткени асмандар менен жердегилердин баарысы Аллага гана таандык. Алла Бай, Даңазалуу!
132.  Аллага асмандагылар жана жердегилердин баары таандык. Алла Өзү жетиштүү Күбө![143]
133.  Эй адамдар, эгер Ал кааласа анда силерди жок кылат да, башкаларды алып келет.[144] Акыйкатта, Алла буга кудурети жетүүчү!
134.  Ким   бул   дүйнөнүн   сыйлыктарын   кааласа,   анда   бул   дүйнөнүн   да, акыреттин да сыйлыктары Алланын алдында. Алла Угуучу, Көрүүчү!
135.  Эй ыймандуулар! Өзүңөргө каршы, же ата-энеңер, же жакын туугандар болсо да Алла үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу калыс күбө болгула! А эгер[145] бай же кедей болсо,[146] Алла экөөнөн тең артыгыраак.[147] Адилеттүү болууңарда көңүлүңөргө[148] ээрчибегиле. А  эгер силер тайсалдасаңар же баш тартсаңар, анда Алла   силердин   эмне   кылганыңардан толук кабардар.
136.  Эй ыймандуулар! Аллага, Анын элчисине, Ал Өзүнүн  элчисине түшүргөн Китепке жана Ал андан мурун түшүргөн Китепке ишенгиле! Ким Аллага, периштелерине, китептерине, элчилерине жана Кыйамат Күнүнө ишенбесе ал узак адашууда болот.
137.Акыйкатта,  ыйман  келтиргендер,  анан  каапыр болгондор,  андан  соң (дагы) ыйман келтирип, анан (кайра) каапыр болгондор өздөрүнө каапырлыкты гана күчөтүштү. Алла (эми) алардын күнөөлөрүн кечирип, же туура жолго салбас!
138.  Эки жүздүүлөргө алар үчүн кор кылуучу азап бар экенин кабарла!
139.  Момундардын   ордуна   каапырлар   менен   достошуп  жаткандар,   алар каапырлардан сый-урмат издеп жатышабы? Акыйкатта, бардык урмат- сый Аллага гана таандык!
140.  «Эгер силер Алланын айаттарына каршы чыгып жана шылдыңдап
жаткандарын уксаңар, алар башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен бирге отурбагыла деп силерге Алла Өз Китебинде түшүрдү эле[149].
Антпесеңер,[150] силер (да) алар өңдүүсүңөр[151]». Албетте, Алла эки жүздүүлөр менен каапырлардын баарысын тозокко жыйнайт!
141.  Силердин эмне болоруңарды аңдып тургандар[152]  эгер, силерге Алладан жеңиш келсе: «Ырасында, биз силер менен бирге болбодук беле?" - дешет. А эгер каапырлардын үлүшү[153]  келсе, алар: "Биз силерге жардам кылууга аракеттенип жана силерди ыймандуулардан коргободук беле?" - дешет. Бирок силердин ортоңордо Кыйамат күнү Алла өкүм чыгарат. Алла эч качан момундардын зыйанына каапырларга жол бербейт.
142.  Албетте, эки жүздүүлөр Алланы алдашат. А Ал болсо бул үчүн аларды жазалоочу! Алар качан намазга турганда адамдарга көрүнүү үчүн гана жалкоолонуп турушат. Алланы өтө аз эстешет.
143.Аларга да (момундарга), буларга да (каапырларга) кошула алышпай, ортодо арсар калышат. А Алла кимди түз жолдон адаштырса, ал үчүн туура жол таппайсың.
144.  Эй ыймандуулар! Момундардын ордуна каапырларды дос тутпагыла! Алланын силерге каршы ачык далил келтиришин каалап жатасыңарбы?
145.  Акыйкатта, эки жүздүүлөр Тозок отунун төмөнкү катмарында болушат. Сен алар үчүн жардам кылуучуну таппайсың.
146.Бирок алар тообо келтиришип, амалдарын оңдошсо, Алланын динин бекем кармашып, Алла үчүн диндеринде ыкыластуу болушса, алар момундар менен биргө болушат. Алла момундарга жакын арада зор сыйлык тартуулайт!
147.Эгер силер (Ага) шүгүр кылсаңар жана ишенсеңер, анда Алла силерди жазалап эмне кылат. Акыйкатта, Алла шүгүр Ээси, Билүүчү!
Алтынчы бөлүм
148.  Зулумдукка дуушар болгон адамдан[154] башкалардын жаман сөздү жарыйа айтуусун Алла сүйбөйт. Албетте, Алла Угуучу, Билүүчү.
149.  Эгер силер жакшылыкты ачык, же жашыруун кылсаңар, же жамандыкты кечирсеңер, акыйкатта Алла Кечирүүчү, Кудуреттүү.
150.  Акыйкатта, Аллага жана Анын элчилерине ишенбегендер жана Алла менен Анын пайгамбарынын ортосун ажыратууну каалагандар: «Биз кээ бирине ишенебиз да, кээ бирине такыр ишенбейбиз», деп ортодо[155] бир жолду карманууну каалашат.
151.  Алар анык каапырлар. Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардадык!
152.  Аллага, Анын   элчилерине   ишенгендер,   алардан   эч   кимисин
ажыратып бөлүп салбагандар[156] Алла аларга жакында сыйлыктарын берет жана Алла Кечиримдүү, Ырайымдуу.
153.  Китеп ээлери[157] сенден өздөрүнө асмандан китеп түшүрүп  берүүңдү сурашат. Алар андан мурун Мусадан да мындан чоңураагын сурашып: «Бизге Алланы даана   көргөз»,    дешкен. Чектен ашкандыктарынын кесепетинен аларды чагылган урду. Андан соң алар өздөрүнө ачык-айкын кабарлар келгенде музоого сыйына башташты. Биз муну да кечирдик. Мусага ачык далил бердик.
154.  Биз убада алуу менен алардын үстүнө Турду[158] көтөрдүк жана
аларга эшиктен сежде кылган абалыңарда  киргиле дедик.  Жана да: «Ишемби күнү чектен ашпагыла», дедик да, алардан  Биз  катуу убада алдык!
155.  Алар убаданы бузгандыктары үчүн, Алланын айаттарына ишенбөгендиктери, пайгамбарларды бөйкүнөө өлтүргөндүктөрү жана биздин жүрөктөрүбүз кулпуланып калган дөген сөздөрү үчүн, балким Алла алардын жүрөгүнө каапырдыгы себептүү мөөр басып салды. Алардын азыраагы гана ишенишет.
156.  Алардын каапырлыгы жана Марйамга чоң жалаа жапканы  себептүү (Алланын каргышына калышты). Алардын Исаны   тааныбагандыктары үчүн.[159]
157.  жана алардын: “Биз Масихти - Марйам уулу Исаны, Алланын элчисин өлтүрдүк”[160], деген  сөздөрү үчүн  (каргышка  калышты).  А алар  аны (Исаны) өлтүрүшкөн да, асышкан да эмес. Бирок, бул аларга (Исага) окшотулуп гана көрүндү.[161] Акыйкатта, Исанын өлтүрүлүшү жөнүндө ар түрдүү пикирде болуп жаткандарда ал тууралуу илим жок; алар бар болгону жоромолдорго гана тайанышат. Албетте, алар аны анык өлтүргөн эмес.
158.  Жок, Алла аны Өзүнө көтөрүп[162] алып кеткен. Алла Ызаттуу, Даанышман болгон эле.
159.  Акыйкатта, Китеп ээлеринен болгондордун ичинен ал өлбөстөн алдын ишенбеген эч ким болбойт.[163] А Кыйамат күнү аларга каршы күбө болот!
160.  Иудейликти  тутунгандардын  кылган  зулумдуктары[164] үчүн Биз  мурун аларга адал кылган таза нерселерди да арам кылып салдык. Алар Алланын жолунан башкаларды тоскондуктары үчүн (да).
161.  Алар өздөрүнө тыйуу салынганына карабастан сүткордукту[165] алгандыктары, акысы жок болсо да адамдардын мал-мүлкүн жегендиктери үчүн Биз алардын арасынан чыккан каапырларга оорутуучу азапты дайардадык!
162.  Бирок, алардын[166] ичинен илимге бекем туруктууларына, сага жөнөтүлгөнгө[167] ишенгендерине, намаз окугандарына, зекет берүүчүлөрүнө,  Аллага  жана   Кыйамат  күнүнө[168]   ишенүүчүлөрүнө   Биз жакында зор сыйлыктарды ыйгарабыз!
163.  Биз сага, Нухка жана кийинки пайгамбарларга[169] кабарлагандай эле жашыруун кабар[170] кылдык. Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана   алардын   урпактарына[171] Исага, Айупка, Йунуска, Харунга, Сулайманга жашыруун кабар кылдык. Даудга Забурду бердик.
164.  Сага алар жөнүндө мурунтадан айтылган элчилерди жана Биз сага алар жөнүндө айтпаган элчилерди (да жөнөткөнбүз).[172] А Алла Муса менен чындап сүйлөшкөн.[173]
165.Элчилерди жөнөткөндөн кийин адамдар үчүн Аллага доо койбостуктары үчүн[174] жакшы кабарларды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү элчилерди (жөнөттүк). Акыйкатта, Алла Мартабалуу, Даанышман.
166.  Бирок Алла сага түшүргөн нөрсеге Өзү күбө. Анткени Ал аны Өзүнүн илими менен түшүрдү. Периштелер да буга күбө. Алла (буга) күбөлүккө өзү жетиштүү.
167.  Акыйкатта каапырлар ишенишпеди. Башкаларды да Алланын жолунан тосушту жана өтө узак адашууда калышты.
168.  Чындыгында каапырлар жана заалымдарды Алла кечирбейт жана түз жолго да баштабайт.
169.  Ал аларды тозокко алып барат, алар анда түбөлүккө болушат! Бул Алла үчүн жөңил.
170.  Эй адамдар! Силерге силердин Эгеңерден акыйкат[175] менен элчи келди. Ишенгиле! Бул силер үчүн мыкты. А эгер каапыр болсоңор, анда Аллага асмандагылар менен жердегинин баары таандык. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.
171.  Эй китеп ээлери! Силер диниңерде чектен ашпагыла! Алла тууралуу чындыктан башканы айтпагыла! Анткени Марйам уулу Иса – Алланын Элчиси гана. Жана да Марйамга салган Анын («Бол» деген) сөзү[176] жана Андан келген жан.[177] Аллага жана Анын элчилерине ишенгиле! «/чөө»[178], деп айтпагыла! (Алланы үчөө деп айтуудан) токтонгула! Бул силер үчүн жакшы.  Акыйкатта   Алла жалгыз Кудай. Ал перзенттүү болуудан таза. Ага асмандардагы жана жердегилердин баары таандык. Алла өзү жетиштүү күбө!
172.  Масих (Иса) да, Аллага эң жакын периштелер да Аллага кул болууда бой көтөрүшпөйт. А ким Ага сыйынууда бойун  көтөрүп текеберденсе, Ал алардын баарын жакын арада Өзүнө жыйнап алат.[179]
173.Ыйман келтирген жана жакшылык иш кылгандардын сыйлыктарын   Ал өзүнүн жоомарттыгы менен көбөйтүп толук берет. Ал эми менменсинип бой көтөргөндөрдү жана текеберденгендерди Ал катуу азап менен жазалайт. Ошондо алар өздөрүнө Алладан башка досту да, жардамчыны да таба алышпайт!
174.  Эй адамдар! Силерге Эгеңерден далил[180] келди жана Биз силерге айкын Нур[181] түшүрдүк.
175.  Ал эми Аллага ыйман келтиргендерди, Аны тутунгандарды[182] Ал Өз мээрими жана жакшылыгына жакын арада киргизет жана Өзүнө карай түз жолго багыттайт.
176.  Сенден чечим чыгарууңду[183] талап кылышат. (Аларга:) "Алла Өзү силерге атасы да, баласы да жок (киши) жөнүндө чечим чыгарып берет. Баласыз бир адам[184] өлүп, анын эжеси болсо, анда ага ал калтыргандын[185] жарымы берилет. Ошондой эле, ал (эркек) да, эгер ал айалдын баласы болбосо (айал) калтыргандын баарын мураска алат. Эгер алар (эже-сиңди) экөө болсо, ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгүн алышат. А эгер алар эркек, ургаачы бир туугандар болсо, эркекке эки айалдын үлүшү тийет. Алла силерге туура жолдон чыкпооңор үчүн (Өз көрсөтмөлөрүн) байандайт. Алла бардык нерселерди Билүүчү!»






[1] Айалдар
[2] Адам атадан.
[3] Туугандык карым-катнашты үзүүдөн корккула. Анткени бул чоң күнөө.
[4] Бойго жетсе.
[5] Исламга чейин дүйнөдө ондон, жыйырмадан, ал турсун элүү, алтымышка чейин айал алгандар болгон. Бирок, айалдарына адилеттүү мамиле жасаган эмес. Андыктан Алла Таала төрт айалга кыскартып, Ыйык Куранда чек койгон. А эгерде көп айал алып, бирок алардын ортосунда адилет мамиле жасабаса, бул чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан адилет мамиле жасоого алы жетпегендер бир айал менен чектелүүсүн Алла Таала буйруп жатат. Баса Алла: «Канчалык кызыгып умтулсаңар да, айалдарыңардын ортосунда адилеттүү болууга алыңар жетпейт» - деп эскерткен. (Ниса-129).
[6] Күңдөр.
[7] “Махр” деп аталып, кыздын акысы катары анын өзүнө берилет.
[8] Акылы толо элек жетимдерге.
[9] Акылы толгон, же толбогонун.
[10] Жетимдин мал-мүлкүн пайдалануунун себебинен.
[11] Кепил.
[12] Пенделеринин амалдарынын эсебин өзү билет.
[13] Мурастан.
[14] Муну Алла Таала тигилердин насиби кылып койгон. Демек, өз ээлерине берилүүгө тийиш.
[15] Мурас алууга укугу жок тууганы.
[16] Мурас бөлүштүрүлүп жаткан кезде.
[17] Жетимдер ишинде кылдат жана коркуу менен иш алып баруу зарыл. Келме кезек дегендей, бүгүн кепил болгон адам өлүп кетсе, артындагы балдары жетим болуп, бирөөнүн колунда калышы толук мүмкүн. Андыктан ар бир адам терең ойлонууга тийиш.
[18] Өлүм алдындагы адамга.
[19] Эркеги жок жалаң кыздар болсо.
[20] Маркум.
[21] Маркумдун.
[22] Жогоруда айтылган мурастар.
[23] Айтылган мурастар берилет.
[24] Өлүк көмүүгө кеткен чыгымдар жана мурасты бөлүштүрүү адилдик, калыстык, ишти билгендик  менен эч кимди таарынтпагандай жүргүзүлүүсү керек.
[25] Жогоруда айтылгандар.
[26] Мыйзамдары.
[27] Ойноштук кылса.
[28] Эркектерден
[29] Исламга чейинки доордо күйөөсү өлгөн айалдарды өлгөндүн туугандары күч менен мураска алышкан, же кетирбей кармап калган (дүйнөсүн алып калуу үчүн) учурлар көп болгон. Аларга калыңсыз (махрсыз) үйлөнүшкөн же башка бирөөгө күйөөгө берип, калыңын өздөрү алышкан (Тафсир Ал-Жалалайн). Ислам болсо айалдарды антип буйум катары мураска алууга тыйуу салган.
[30] Айал-эркектин, б. а. күйөөсү менен айалынын.
[31] /йлөнгөн кездерде.
[32] Исламга чейин, б. а. аталган айат келгенге чейин.
[33] Апасынын, же атасынын бир туугандары.
[34] Башка күйөөсүнөн.
[35] Буга неберелер да кирет.
[36] Исламга чейин, б.а. бул айаттар түшкөнгө чейин.
[37] Ойноштук кылбай.
[38] /йүңөрдү иретке келтирип, ырахатка бөлөгөнү үчүн.
[39] Махр (калың)
[40] Калыңдын өлчөмүнө келишкенден.
[41] Калыңдын өлчөмүн көбөйтүп, же азайтып, же такыр эле жок кылып.
[42] Алар каапыр болсо үйлөнүүгө болбойт.
[43] Күңдөргө.
[44] Айалдарыңар.
[45] Акыретте болсун, бул дүйнөдө болсун, жаза басып, кырсыкка кабылбагыла!
[46] Ичи тардык, кызгануу, көрө албастык - исламга жат жана тыйуу салынган.
[47] Алар күйөөлөрү жокто өздөрүн ар кандай бузукулуктардан сакташы парз.
[48] Айалын тарбийалоодогу биринчи баскыч. Мында шариатты түшүндүрүп, такыба болуусуна жылуу-жумшак эскертет.
[49] Экинчи баскыч. Айтканга түшүнбөй, мурункусун кайталай берсе, анда төшөгүн бөлүп,
өзүнчө жаткырып коет.
[50] /чүнчү баскыч. Айтканга да, төшөгүн бөлгөнгө да түшүнбөй, кылыгын уланта берсе, жүзүнөн башка жерине акырын сөмөйүн тийгизип, жеңил желпи опузалап урат.
[51] Ар нерсени шылтоолоп, жөнү жок ура бербегиле!
[52] Туугандарынан.
[53] Же ошондой нерселер бар деп эсептесе, же аларга сыйынса. Мисалы: Жалган кудайларга, сөлөкөттөргө, тоого, ташка, мазарга, арбакка, ыйык адамдардын мүрзөсүнө, же бир пендеге.
[54] Кул, күңдөргө.
[55] Алланын берген ырыскы, мал-мүлк, байлыктарынан башкаларга бергиси келбей. 
[56] Куранда аракка байланышкан үч түрдүү айат түшкөн. Арак арам экенине далил айат дароо
эле түшкөн эмес. Биринчи айат Бакара сүрөсүндө эскертилди. Бул экинчи айат. Ал эми
үчүнчү айат арактын арам экенине далил болгон негизги айат болуп, ал Мааида сүрөсүндө.
[57] Жуунуу тийиш (жунуб) болгон учурда.
[58] Ажатканада болуп кайтса.
[59] Тайамумдун терт парзы бар: 1. Тайамумга ниет кылуу; 2. Таза топурак, же жер жынысынан
болгон таза нерсе; 3. Колун ошол нерсеге, же топуракка сүртүп, жүзүн эч жерин
калтырбай сылап өтүү; 4. Колун экинчи жолу топуракка уруп, эки колун чыканагы менен
кошуп сылап чыгуу.
[60] Иудейлер.
[61] Иудейлердин тилинде тилдөөгө колдонулган жаман сөз.
[62] Иудейлер жана христиандар.
[63] Куранга.
[64] «Биз, иудейлер Кудай тандаган элбиз, андыктан биз тозок азабын тартпайбыз» дегендей же «Кудайдын баласы бар» дегендей ж.б.у.с.
[65] Курейш каапырларына таандык эки сөлөкөттүн, жалган кудайлардын аты. Куранга.
[66] Коргоочуну.
[67] бийликтен
[68] Мухаммед (а.с.)ге
[69] Өтө сулуу жубайлары келишкен сулуу үр кыздары.
[70] Ишеним көргөзүлүп тапшырылган иш, жумуш, тапшырма, же кандайдыр мал-мүлк, буйум-тайым.
[71] Аман-эсен, кечиктирбей, бузуп, кемитип, жок кылып, өзгөртүп, же аткарбай койбой, жеткирүү.
[72] Куранга.
[73] Сүннөткө.
[74] Куран менен Сүннөткө карап, ошонун негизинде өкүм чыгаргыла.
[75] Мурунку китептерге, пайгамбарларга.
[76] Кааб ибну Ал-Ашраф. Тафсир Ал-Жалалайн.
[77] Алладан башкага.
[78] Талаш-тартышыңарды чечүү үчүн.
[79] Мединалык эки жүздүүлөр (мунафыктар).

[80] Алла жолунда курман болууга дайар болгула!
[81] Согуш майданына.
[82] Ыйык согуштан.
[83] Эгерде согушка чыкканымда мен да өлүп калмакмын, демек чыкпаганым жакшы болуптур.
[84] Шайтан адам пендесин азгыруу үчүн зордук-зомбулук же кандайдыр бир кара күч колдоно албайт, колдонууга мүмкүнчүлүк, дарамети да дээрлик жок. Бирок пендени азгырат, ыймансыздык, күнөөгө түрткүлөгөн ар кандай жаман ой-сезимдерди ойготот.
[85] Каапырлар менен согушуудан.
[86] Мурун каапырлар менен согушууну каалап жүргөндөрдүн.
[87] Адилетсиздик.
[88] Эй, Мухаммед!
[89] Эй, Мухаммед!
[90] Буйургандан.
[91] Курандын маани-маңызы тууралуу.
[92] Башкаларга жайбай туруп.
[93] Иштин чыныгы ал-абалын түшүнүшөөр эле.
[94] Исламда саламга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени салам адамдардын ынтымагын, жакшы санаалаштыгын, биримдигин камсыз кылат. Саламдашуу сүннөт. Ага жооп кылуу ваажип (милдет).
[95] Ыйманга келгенче.
[96] Бул эки жүздүүлөргө карата айтылган. Анткени, алар исламды кабыл алдык деп койушуп, кийин андан баш тартуу менен чектелип калбастан, мусулмандарга каршы душман болуп чыгышкан.
[97] Мусулмандар мусулман эмес мамлекеттерде баш калкалап, качып жүргөн эки
жүздүүлөрдү өлтүрүүгө тийиш эмес болгон. Эгерде ал мамлекет мусулмандар менен
тынчтыкта жашоо жөнүндө келишимге келишкен болсо. Ошондой эле, эгер качкын
мусулмандарга каршы душмандык иш-аракеттерин токтоткон болсо.
[98] Булар эки жүздүүлөрдөн да ашкан кара санатай, арамза кишилер. Алар эки жактын тең ишенимине кирип алып, анан кай тарабы күчтүү болуп баратса, ошол жагына өтө качып, берки тарап менен согушууга дайар кишилер.
[99] Мисалы: согуш учурунда билбей калып, же башка бир учурларда да байкабастан өлтүрсө.
[100] Өлүктүн мураскерлери.
[101] Кун төлөө исламга чейин жүз төө болгон. Бул эреже ислам келгенден кийин деле сакталып
калган.
[102] Мураскерлер.
[103] Каапыр.
[104] Же күңдү.
[105] Мураскерлерине.
[106] Тозокто.
[107] Өзүңөрдү башка элдөрден, мусулманды каапырлардан.
[108] Олуттуу себепсиз эле ар кандай шылтоолор менен согушка барбай калгандар.
[109] Алладан.
[110] Каапырлардын жеринен башка жакка.
[111] Булардын баарынын олуттуу себептери болгондуктан күнөөкөр болущпайт.
[112] Алардын күтүүсүз жерден кол салуусунан же артыңардан жетип келүүсүнөн корксоңор.
[113] Терт ирекеттин (терт жолкунун) ордуна эки ирекет кылып.
[114] Каалаган абалда.
[115] Жарадар болуп.
[116] Өздөрүнүн күнөөлүү иштерин.
[117] Алла көрүп турган эле.

[118] Баарын билүүчү.
[119] Азабын өзү гана тартат.
[120] Каталык
[121] Тиги күнөө.
[122] Алладан башка да кудайлар бар деп ишенген, же аларга сыйынгандар.
[123] Иудейлер жана христиандар тууралуу Ыйык Куранда: "Алар өздөрүнүн окумуштууларын
жана кечилдерин Алладан башка кудайлар кылып алышкан", - деп айтылат. 9-сүрө, 31-айат.
[124] Алладан.
[125] Лат, Узза, Манат аттуу сөлөкөттөргө табынышып, бир топтору аларды: Алланын кыздары,
ушулар бизди Ага жакындатат деп эсептешкен.
[126] Шайтанга ачык сыйынбаса да, анын азгырыгына кирип, аларга жетеленгендер жана
ыймандан ажырагандар ага сыйынган болуп эсептелет.
[127] Шайтанды..
[128] Исламга чейинки арабдар малдарынын айрымдарын кулагына эн салып, кудай деп
санаган сөлөкөттөргө арнап, минбестен, иштетпестен бош койуп жиберишчү. А бул шайтандын айтып кеткен убадасы эле.
[129] Шайтандын өзүнө жакын дос болуп алганын ага азгырылган пенде өзү да билбей калуусу мүмкүн. Андыктан ар бир пенде сак болуп, кайсы туура, кайсы туура эмөс экенин жана байкабай күнөөгө кириптер болбоо үчүн илим үйрөнүүгө тийиш.
[130] Шайтандын убадалары бүтүндөй жалган болсо, Алланын убадалары андан айырмаланып:
бүтүндөй чындык болуп, ишке сөзсүз ашат.
[131] Алладан убада кылынган сыйлыктар.
[132] Иудейлер жана христиандар.

[133] Эзелтеден билүүчү жана кудуреттүү.
[134] Жаман мамиле кылып айалынан оолактаса, келбей койсо, ж.б.у.с.
[135] Алардын тигил же бул тарабы кандайдыр өз талаптарын койуп, ошого келишим түзүүгө
шариат жол берет.
[136] Напсилер.
[137] Ар кимдер өз напсинин каалаганын жасагысы келет.
[138] Бул жерде  кеп:  бирөөнүн  бир  нече айалы  болсо,  алардын  баарын  бирдей  абалда
жактырып же сүйө албастыгы, же баарына бирдей мамиле жасай албастыгы, антүүгө
мүмкүн эместиги жөнүндө сөз болууда.
Ошондуктан айалдары менен айрым нерселерде
чамасына жараша келишим түзүү абзел. А эгерде келишим түзүүгө макулдаша алышпаса,
анда ажырашууга туура келиши ыктымал. Алла Таала ажырашууну каргыштаган. Демек,
ажырашкандар Алланын каргышына калуусу толук мүмкүн. Андыктан эки, же андан көп
айал алуудан мурун ар бир эркек өзүнүн чамасына карасын. 4-сүрөнүн 3-айатын караңыз!
[139] Же күйөөсү бар эмес, же ажырашкан айал эмес өңдүү болуп.
[140]   «Айалдарыңарга карата өзүңөрдүн милдетиңерди жана мамилеңерди».

[141] Айалдын да, эркектин да Алла бере турган жакшылык, ырыскы, шыбагалары тагдырына
жазылган.
[142] «Силердин каапыр болушуңар Аллага зыйан бербейт».
[143] Кайтаруучу, сактоочу.
[144] «Силердин ордуңарга башка бир коомду».
[145] Күбөлөнүп жаткан киши - соттолуп жаткан киши.
[146] “Бай экен, мага пайдасы тийээр деп, же кедей экен деп, ага боор ооруп калыстыктан тайбоо керек”.
[147] Алланын буйругун аткаруу бул экөөнө жан тарткандан алда канча жогору жана зарыл. Алла ал экөөнө силерге караганда күйүмдүүрөөк.
[148] Напсиңердин каалоосун.

[149] Кабарлады эле.
[150] Алар менен отуруп алсаңар.
[151] Чогуу күнөөгө батасыңар.
[152] Эки жүздүүлөр.
[153] Ийгилик.

[154] Кордолгон адам заалымдын көрсөткөн кордугун жарыйалап билдирүүсү күнөө эмес.
[155] Каапырлык менен ыймандуулуктун ортосунда.
[156] Кээ бирине ишенип, кээ бирине ишенбей.
[157] Иудейлер жана христиандар.
[158] Тоону

[159] Исага каршы болушуп, ал турсун аны өлтүрүүгө аракет кылышкан.
[160] Исаны өлтүргөн деп христиандар иудейлерди күнөөлөшсө, а иудейлер жогорудагыдай
билдирүүлөрдү өздөрү таратып келе жаткандыктары эч кимге жашыруун эмес.
[161] Алар иллюзийаны чындык деп билишти. Б.а.: Алар крестке кадашып жана өлтүрдүк деп жаткан киши  сырткы түрү Алланын кудурети менен дал эле Исага опокшош кылынган.башка бирөө эле. Кыскасы, кандай болгондо да, крестке кадалган Иса эмес эле.
[162] Өйдөгө.
[163] Китеп   ээлеринен   болгон   иудейлер   жана   христиандар   ошондо   Исанын   Алланын
пайгамбары   болгону   чын   экендигине,   анын   алдамчы   эмес   экендигине,   өздөрүнүн
жаңылышкандарына кеч болсо да түшүнөт.
[164] Адилетсиздиктери.
[165] Риба - пайыз, үстөк алуу, сүткордук кылуу.
[166] Иудейлердин.
[167] Ыйык Куранга.
[168] Пайгамбарыбыздын   учурунда   иудейлердин   арасынан   Исламга   киргендөр   болгон.
Алардын бири - Абдулла ибн Салам. Алардын окумуштууларынын бир даары Курандын
жана Пайгамбардын Алладан жөнөтүлгөндүгүнө ишенишкен.
[169] Бул дүйнөгө көптөгөн пайгамбарлар келип кеткен жана алардын баары тең бир эле
Кудайдын бар экендигин жарыйалап, адамдарды ыйманга чакырган.
[170] "Вахий" - Кудайдан келген кабар, жашыруун кабар.
[171] Бул Исраил уулдарынын урпактарынан чыккан пайгамбарлар.
[172] Абу Зарр р.а. айткан хадисте 124 миң пайгамбар деп эскертилген. Алардын ичинен 31 Зү
элчилер болгон. Бул маалымат Тафсир ибну Касир жана Тафсир Аль-Насафиден
алынды. Ал эми Тафсир Ал-Жалалайнде сегиз миң пайгамбар жөнөтүлгөн, төрт миңи
Исраил коомунан, төрт миңи башка адамдар арасынан деп берилген. Демек, Алла Таала
сүйүктүү Пайгамбары Мухаммед (с.а.в.) кабар берген пайгамбарлардын саны 124 миң.
Ал
эми    айатта    кабар   берилгендей   Алла   Таала    Мухаммед   (а.с.)га    кабарлабаган   да
пайгамбарлар бардай. Андыктан пайгамбарлардын санын чектебегенибиз абзел экени,
канча  болсо  да  баарына   ыйман   келтирүүбүз  керек  экени  Тафсир  Аль-Насафиде
берилген.
[173] Ортомчу жок, түздөн-түз сүйлөшкөн.
[174] «Күнөөнү билбестиктен кылдык. Алла жөнүндө бизге эч ким эскертип, жө билдиргөн эмес дөп айтпастары үчүн».
[175] Чындык.
[176] Алланын кудуреттүү сөзүнөн гана, атасыз жаралган. Анткени Алла бир нерсени каалаган учурда: "Бол!" - деп гана буйрук берет. Заматта болуп калат.
[177] Алла Таала Адам атабызга да өз Рухунан салган. Демек Адам атабыз өңдүү эле Иса да жаратылган адам, пайгамбар. Ал христиандар жаңылышып айтып жүрүшкөндөй Кудай эмес.
[178] Кудай ата, Кудайдын уулу жана Ыйык Рух.
[179] Эсеп алып, ар бирине тиешелүү жазасын берет. Эч ким сураксыз, жазасыз калбайт.

[180] Мухаммед (а.с.).
[181] Ыйык Куран.
[182] Анын динин бекем туткандар.
[183] Көргөзмө.
[184] Атасы да жок.
[185] Мурастын.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder