24.02.2014

5 MÂİDE SÛRESİ

5-сүрө «Мааида[1]»

Мединада түшкөн. Жүз жыйырма айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Эй, момундар! Убадаларыңарды аткаргыла. Силерге ихрамда[2] аңчылыкты адал санабоо шарты менен түшүндүрүлө[3]  турган айбанаттардан башкалары  адал кылынды. Чындыгында, Алла каалаганын[4] өкүм кылат.
2.     Эй, момундар! Алланын белгилерине, ыйык айга[5], курбандыктарга жана мойундарына тагылган белгилерине, Эгесин ыраазылыгын жана жакшылыгын үмүт кылып, ыйык /йгө[6] келүүчү ажыларга сыйлабастык кылбагыла. Качан гана ихрамдан чыксаңар, аңчылык кылгыла. Силерди Харам Мечитинен тоскон[7] элдин жек көрүүсү[8] силерди чектен ашууга түртпөсүн,  жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Алладан корккула, чындыгында, Алла – катуу азаптоочу!
3.     Силерге өлүк[9], кан[10], чочконун эти жана Алладан башкага аталып, мууздалган мал, ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап[11], сүзүлүп өлгөн[12] жана жырткыч (айбандар) жеген[13] мал  арам кылынды.  Бирок жаны чыга элек учурда (Алланын аты аталып) мууздалган малдардан башкалары. Кадалган ташка[14] (буд-сөлөкөткө) арнап мууздалган мал жана төлгө менен бөлүнгөн мал да арам. Ушулар – бузукулук. Бүгүн каапырлар диниңден[15] үмүт үзүштү. Андыктан, алардан коркпогула, Менден корккула. Бүгүн силерге диниңерди жана (Менин) ырайымымды толук кылып, ислам динин силерге ыраа көрдүм. Кимде-ким күнөөгө умтулуудан эмес, ачкалыктан[16] (жешке) аргасыз болсо (күнөө эмес). Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.
4.     Алар[17] сенден  өздөрүнө эмне адал кылынганын сурашат. «[18]Силерге жакшы (таза) нерселер[19] адал кылынды» деп айткын. Ошондой эле, Алланын силерге үйрөткөнүндөй: силер (үйдө) багып үйрөткөн (бүркүт сыйактуу алгыр) куштарды  (жиберерде) Алланын атын атагыла. Ал кармап келген нерселерден[20] жегиле.  Алладан корккула. Албетте, Алла тез эсеп кылуучу[21].
5.     Бүгүн силерге жакшы нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин[22] тамактары[23] силер үчүн адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал.  Өзүн арамдан таза туткан момун айалдар жана китеп ээлеринин  өздөрүн ыпластыктан сактаган айалдары менен калың берип, бузуку-ыпластык[24] кылбастан үйлөнүү силерге адал. Ким ыйманга каршы чыкса, анын сооптору жойулат жана ал Акыретте зыйан тартуучулардан болот.
6.     Эй, момундар! Намазга турган кезде жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула. Башыңарды (суу менен) сылагыла[25]. Бутуңарды томуктарына чейин жуугула. Эгерде булганыч[26] болуп калсаңар, толук тазалангыла[27]. Эгерде оору, же сапарда болсоңор, силердин бирөөңөр дааратканадан чыгып, же айалына жакындап, бирок суу таба албасаңар таза топурак менен тайамум кылгыла[28]: Аны менен бети-колуңарды сыйпагыла. Анткени, Алла силерге кыйынчылыкты каалабайт.  Силерди тазартууну, ошондой эле шүгүр кылууңар үчүн Өз жакшылыктарынын толук болуусун каалайт.
7.     Алланын силерге берген жакшылыктарын жана: «Уктук, мойун сундук!» деп, Аллага берген убадаңарды унутпагыла. Чындыгында, Алладан корккула!  Алла дилдердегини сөзсүз  Билүүчү!
8.      Эй, момундар! Алла (ыраазылыгы) үчүн күбөлүккө[29] бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилет болгула!  Ошол – такыбалыкка жакыныраак. Алладан корккула. Албетте, Алла  эмне иш кылып жатканыңардан Кабардар!
9.     Алла ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга кечирим жана улуу сыйлык убада кылды.
10.      (Алланын буйруктарына) каршы чыгып, айаттарыбызды жалганга чыгаргандар – алар, Тозок ээлери!
11.      Эй, момундар! Силерге жамандык кылууну самаган бир элдин сунган суук колун кайтарган кездеги Алланын силерге көрсөткөн жакшылыктарын эстегиле.  Ошондуктан, Алладан корккула,  момундар Аллага тобокел[30] кылышсын.
12.      Ырасында, Алла Исраил урпактарынын убадасын алган: аларга он эки башчы жиберип, Алла: «Мен силер менен биргемин, эгер намаз окусаңар, зекет берсеңер, элчилериме ыйман келтирип, аларга жардам берсеңер жана Аллага көркөм карыз[31] берсеңер, албетте, силердин жамандыктарыңарды жойуп, алдынан дарыйалар агып туруучу бакчаларга киргиземин. Мындан ары силерден бирөө (айаттарыма) каршы чыкса, ал –туура жолдон адашкан болот[32]» – деди.
13.      Ошондо алар (Аллага берген) убада-шерттерин бузушкандыктан аларды каргышка калтырып, жүрөктөрүн катырып[33] салдык.  Алар (Тоораттагы Алланын) Сөздөрүнүн ордун[34] алмаштырып, аларга жиберилген насыйатты унутушту. [35]Сен алардын өтө азынан башкасынын кыйанаттыгына (мындан ары да) такай учурап турасың[36]. Бирок сен аларга кечирим берип, жайына кой[37]. Алла – жакшылык кылгандарды сүйөт!
14.      (Биз) “христианбыз” дегендерден да ант алганбыз. Анткен менен алар да (Инжилде) айтылган эскертүүлөрдүн бир бөлүгүн унутушту. Ошондуктан алардын ортолоруна Кыйаматка чейин (созулуучу) душмандыкты, кекти салып койдук. Алла алар эмне жасап жаткандарынан жакында кабар берет[38]!
15.      Эй, китеп ээлери! Силер китептердеги[39] жашырган нерселериңерди ачык түшүндүрө турган пайгамбар келди, ал көп нерселер[40] тууралуу унчуккан жок[41]. Силерге Алладан ачык нур, айкын Китеп[42] келди.
16.      Ким Алланын ыраазычылыгына умтулса, ошону тынчтык жолуна багыттайт. Ал Өз каалоосу менен аларды караңгылыктан жарыкка алып чыгат жана  түз жолго салат.
17.      “Марйам уулу Масих Иса бул – Кудай”, – деп айткандар – каапырлар. Эгер Алла Марйам уулу Масихти[43], анын энесин жана бүткүл жер бетиндегилерди кошуп жок кылса, ким Аллага тоскоол боло алат?! Асмандардагылар менен жердегилердин жана экөөсүнүн ортосундагылардын үстүнөн бийлик жүргүзүү – Аллага гана таандык. Ал каалаганын жаратат. Алла –  бардык нерсеге Кудуреттүү.
18.      Иудейлер менен христиандар: “Биз – Алланын уулдары жана сүйүктүүлөрүбүз”,– дешет. Аларга: “Анда, Алла күнөөңөрдөн улам силерди эмне үчүн азаптап жатат?! Жок! Силер Ал жараткан башка элдердей эле адамсыңар. Ал кимди кааласа жазалап, кимди кааласа кечирет. Асмандардагылар менен жердегилердин жана экөөсүнүн ортосундагылардын үстүнөн бийлик жүргүзүү – Аллага гана таандык. Кайтуу – Ага гана!”  (таандык) - дегин.
19.      Эй, китеп ээлери!  “Бизге кубантуучу жана эскертүүчү келбеди”, - дебешиңер үчүн элчилердин арасы үзгүлгөндөн кийин[44] силерге элчибиз[45]  келген. Чындыгында, силерге кубантуучу жана эскертүүчү келди. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
20.      Бир кездерде Муса өз элине: “Эй, элим! Алланын силерге берген жакшылыктарын унутпагыла! Өз араңардан пайгамбарларды чыгарып, силерди падыша кылды. Ошондой эле силерге ааламда эч кимге берилбеген жакшылыкты берди.
21.      Эй, элим, Алла силерге буйруган касиеттүү жерге[46] киргиле. Артыңарга кайтпагыла. Анткени зыйанга учурагандарга айланасыңар”, – деп айтты. 
22.      Алар: “Эй, Муса, ал жерде каардуу эл бар да. Алар ал жерден чыкмайынча биз ага кирбейбиз. Качан алар (ал шаардан) чыкса, ошондо биз киребиз”, – деп айтышты.
23.      Алладан корккон жана (Алла) жакшылыкка бөлөгөн эки такыба адам аларга: “Эшиктен киргиле. Кирсеңер эле жеңишке жетесиңер! Эгер ыймандуу болсоңор, анда Аллага гана тобокел кылгыла!” – дешти.
24.      Алар[47]: “Эй, Муса,  алар ал жерде кезинде эч качан кирбейбиз” Бар, сен Эгең[48] экөөң согуша бергиле, биз болсо ушул жерде олтуруп турабыз!” – дешти.
25.      (Муса): “Оо Эгем! Мен өзүмө жана агама гана өкүмүм өтөт.  (Сен Өзүң)  бул бузуку эл менен[49]  биздин арабызды алыстата көр!”– деп айтты.
26.      (Алла): “Чындыгында, эми алардын ал жерге кирүүсүн кырк жылга арам кылды.  Алар жер жүзүндө тентип калышат. Андыктан сен (бул) бузуку элге[50] кайгырба” (–деди Мусага).
27.      Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу чындыктуу байанды айтып бер: Алардын биринин курмандыгы (Алла тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл кылынган жок. Ошондо ал[51]: “Сөзсүз, мен сени өлтүрөм!” – деди. Ал[52]: “Чындыгында, Алла такыбалардан[53] гана кабыл кылат!” – деди[54]:
28.      “Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол көтөрсөң да, мен сени өлтүрүүгө кол көтөрбөймүн. Мен ааламдардын Эгеси Алладан коркомун.
29.      Мен, менин жана өзүңдүн күнөөңдү мойнуңа жүктөлүшүн, сенин Тозок элинен болушуңду каалаймын. Заалымдардын жазасы –  ошол”! (–деди).
30.      Аны көңүлү агасын өлтүрүүгө азгырды да,  аны өлтүрдү. Өзү зыйанга учуроочулардан болду.
31.      Ошондо Алла ага бир тууганынын өлүгүн жашырууну көрсөтүү үчүн жиберген карга жерди каза баштаганда: “Аттиң, мага эмне болду?! Тууганынын денесин көмгөн каргачалык болбодум[55]”, – деп, өкүнүүчүлөрдөн болуп калды.
32.      Ошол себептүү, Биз Исраил урпактарына (тиешелүү мыйзамга): “Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете”, – деп жаздык. Чындыгында, аларга Биздин элчилер ачык далилдер менен келишти. Бирок андан кийин деле алардын көпчүлүгү жер жүзүндө чектен чыгуучулардан болушту.
33.      Чындыгында, Алла жана Анын элчисине каршы согушкандардын, жер жүзүндө бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн жазасы – алар өлтүрүлөт, асылат, же колу-буттары кайчылаш кесилет, же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул – алардын бул дүйнөдөгү жазасы, ал эми Акыретте улуу азап (бар),
34.      бирок, силердин күчүңөр жетүүдөн[56] мурда тообо кылгандарына (андай катаал жаза жок). Билгиле, Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.
35.      Эй, ыйман келтиргендер! Алладан коркуп, Ага жакындоо жолдорун[57] издегиле жана эки дүйнөдө кутулууңар үчүн Анын жолунда күрөшкүлө!
36.      Каапырлар Жер жүзүндөгү бардык нерсесин жана аны менен кошо дагы да ошончо байлыгын Кыйамат Күнүнүн азабынан (кутулуу үчүн)   төлөм катары беришсе да, (төлөм) алардан кабыл кылынбайт. Аларга жан чыдагыс азап (бар).
37.      Алар Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок чыгарылбайт. Алар үчүн – бүтпөс азап (бар).
38.      Эркек ууру жана айал уурунун кылмыштарынын жазасы – алардын колун кескиле. Бул – Алланын жазасы! Алла – Мартабалуу, Даанышман.
39.      Кимде-ким зулум кылган соң, тообо кылып, жакшылык иштерди жасаса, Алла аларды кечирет. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
40.      Асмандардын жана жердин ээлиги Аллага таандык экендигин билбедиңби? Ал каалаганын азаптап, каалаганын кечирет.  Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
41.      Эй, Алланын элчиси[58]! Каапырчылыкта жарышкандар жана тил учунан: “Ыйман келтирдик” ,– деп жүрөктөрү ишенбегендер[59] сени кайгыга салбасын. Иудейлердин арасында жалганды (абдан берилип) уккандары бар. Алар эч качан сага келбеген адамдардын сөзүн (ишенип) угушат. Алар Сөздүн ордун алмаштырышып: “Эгер силерге ушул нерсе берилсе[60] аны алгыла, ал эми берилбесе сак болгула”, – дешет.  Алла кимдин  адашуусун кааласа, аны Алладан эч ким коргоп кала албайт. Алар – жүрөктөрүн Алла тазалоону каалабаган адамдар. Аларга дүйнөдө шерменделик, Акыретте улуу азап (бар).
42.      Алар – жалганга кулак салып, арам нерсеге соргок болгондор. Эгер алар сага (даттанып) келишсе, ортолорундагы маселе бойунча (шарийатка ылайык)  өкүм чыгар, же алардан жүз үйүр.  Сен алардан бет бурсаң деле алар сага эч бир зыйан кыла алышпайт. Эгер алардын ортосунда[61] өкүм чыгарсаң, адилеттүүлүк менен өкүм чыгар. Акыйкатта, Алла – адилеттүүлөрдү сүйөт.
43.      Алардын алдында Алланын өкүмү Тоорат  турса, кантип алар сага баш ийгиси келсин? Бирок баш ийсе деле кийин алар баарынан баш тартышат жана чындыгында эле алар – ыймандуулардан эмес.
44.       Чындыгында,  Биз Тооратты түшүрдүк. Анда нур жана туура жол бар. Аллага мойун сунган пайгамбарлар аны менен өкүм кылат, жана Алланын Китебин коргоого милдеттендирилген “Ал-роббанийлер[62]” жана “ал-ахбаарлар[63]”, ушуну менен өкүм кылат.  Алар ага күбөгө өтүшөт. Адамдардан коркпогула, Менден корккула жана Менин айаттарымды арзыбас баага сатпагыла. Кимде-ким Алланын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор – каапырлар.
45.      Анда[64] аларга: жанга – жан, көзгө – көз, мурунга – мурун, кулакка – кулак, тишке – тиш жана жараатка да тең келген өч алуу жаздык. Кимд-ким анын[65] кунун кечсе, ал күнөөдөн тазартылат. Ошондуктан, кимде-ким Алланын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор – заалымдар.
46.      Пайгамбарлардын жолу менен (жүрүп), өзүнүн алдындагы Тооратты тастыктоочу кылып Марйам уулу Исаны жибердик. Ага ишинде тууралык, нур болгон алдындагы Торатты  тастыктоочу, ошондой эле сактануучулар үчүн туура жол, насыйат түрүндө Инжилди бердик.
47.      Инжил ээлери андагы Алланын түшүргөнү менен өкүм кылышсын. Кимде-ким Алланын түшүргөнү менен өкүм кылбаса – ошолор бузукулар. 
48.      Биз сага Китепти Чындык менен андан мурдагы китептерди тастыктоочу,  аларга күбө болуучу катарында түшүрдүк. Алардын ортолорунда Алланын сага түшүргөнү менен[66] өкүм кыл. Өзүңө келген Чындыктан ажырап, алардын тилине кирбе. Силердин ар бириңер үчүн бир жол-жобо (жазып) койдук[67]. Эгер Алла кааласа баарыңарды бирдей коом кылып коймок.  Бирок жиберилген жол-жоболор аркылуу силерди сынамакчы[68]. Жакшылык иштерде жарышкыла. Бараар жериңер – Алланын алды. Ал силердин талашкан нерсеңерден кабар берет.
49.      Алардын ортолорунда Алланын сага түшүргөнү менен өкүм кыл. Алардын каалоолорун[69] ээрчибе. Сага Алла түшүргөн кээ бир өкүмдөрдү алардын бузуусунан сак бол. Алар жүз үйүрүшсө, аларды Алла күнөөлөрү себептүү кайгыга учуратууну каалайт деп билгин. Чындыгында, адамдардын көпчүлүгү бузукулар.
50.      Алар наадандык доорунун өкүмдөрүн издешеби? Анык ыйманга келген эл үчүн Алладан жакшы өкүм чыгаруучу ким?!
51.      Эй, момундар! Иудейлер менен христиандарды дос тутпагыла!  Алар бири-бири менен дос. Силерден ким алар менен достошсо, анда ал – алардан[70]. Алла заалым (адилетсиз) коомду туура жолго баштабайт.
52.      Жүрөктөрүндө дарты[71]  бар мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн): “Бизге бир балээ келишинен коркобуз”, – деп алардын арасында[72] чуркап жүргөндөрүн көрөсүң.  Алла (мусулмандарга) бир жеңиш берген, же Өзү тараптан бир буйрук келген кезде алар жүрөктөрүндө жашыргандарына өкүнүшөт.
53.      Ыйман келтиргендер: “Силер менен биргебиз” – деп Алланын аты менен мыкты ант бергендер ушулар эмес беле[73]? – деп айтышат. Алардын амалдары жойулуп, зыйанга учуроочулардан болушту.
54.      Эй, момундар! Силерден кимде-ким дининен чыкса (алардын ордуна) Алла жакшы көргөн, алар да Алланы жакшы көргөн коомду жаратат.  Алар момундарга жумшак, каапырларга катуу (болушат). Алла жолунда согушуп, жемелөөчүлөрдүн[74] жемесине калуудан коркушпайт. Бул – Алланын жакшылыгы. Аны Өзү каалаганына берет. Алла – Кең Пейил, Билүүчү!
55.      Чындыгында, силердин досуңар – Алла жана Анын элчиси, намазды толук аткарып, зекет берген, рүкү кылуучу[75] момундар.
56.      Кимде-ким Алланы, Анын элчисин жана момундарды дос тутса – чындыгында, Алланын тобу – ошолор жеңишке жетүүчүлөр.
57.      Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурда китеп берилгендерден силердин диниңерди шылдыңдап, ойун кылгандарды жана каапырларды дос тутпагыла. Эгер момун болсоңор – Алладан корккула.
58.      (Аларды[76]) намазга чакырсаңар[77] аны ойун көрүп, келекелешет. Бул – алардын акыл калчабаган эл экендигинен улам.
59.      “Эй, китеп ээлери! Бизди Аллага жана өзүбүзгө, ошондой эле бизден мурдагыларга түшүрүлгөнгө ыйман келтиргенибиз үчүн келекелеп жатасыңарбы?  Чындыгында, силердин көпчүлүгүңөр – бузукулар!”,–дегин.
60.      “Силерге Алланын алдында мындан да оор жаза бар экендиги тууралуу кабар берейинби?” – деп айткын. Алланын каргышына  жана каарына калгандардын айрымдарын (Алла) маймылга, чочкого айландырган жана алар Таагутка[78] сыйынгандар. Мына ошолордун жайы жаман жана туура жолдон адашкандар!
61.      Алар силерге келип: “Ыйман келтирдик!” – деп айтышат. Чындыгында, алар каапырлык менен кирип,  каапырлык менен чыгышты[79].  Алар дилинде жашырганды Алла жакшы Билүүчү.
62.       Сен алардын бири-бири менен күнөөдө, бири-бирине душмандык кылууда, арам кылынган нерселерди жегенде шашылганын көрөсүң. Чындыгында, алар кылып жаткан иш – кандай жаман!   
63.      Аларды иудей ибадатчылары жана аалымдары күнөө сөздөрдөн, арамды жештен тыйышпайбы? Чындыгында, алардын иши – кандай жаман!
64.      Иудейлер: “Алланын колу байлануу[80]”, – дешти. Ошол айткан сөздөрү үчүн алардын колу байланып, каргышка калышты. Жок! Алланын колу ачык. Ал каалагандай сарптайт. Эгең тараптан сага түшүрүлгөн[81], алардын көпчүлүгүн чектен ашырып,  каапырлыгын арттырат. Алардын арасына Кыйаматка чейин душмандыкты,  кектешүүнү жараттык. Ошондуктан, ар качан алар согуш үчүн от тамызса, Алла аны өчүрүп койот. Алар жер үстүндө бузукулук кылууга  умтулушат. Алла – бузукуларды сүйбөйт.
65.      Эгер китеп ээлери ыйман келтиришип, такыба болушса, албетте, күнөөлөрүн кечирип, аларды рахат бактарына[82] киргизмекбиз. 
66.      Эгер алар Тооратты жана Инжилди[83] жана Алладан түшкөн нерсени[84] аткарышканда, анда ар тарабынан ырыскыга бөлөнүшөөр эле.  Алардын арасында адилеттүү-каниеттүүлөрү да бар[85]. Анткен менен алардын көпчүлүгүнүн жасаган иши – жаман.
67.      Эй, элчи!  Сага Алладан түшкөн нерсени[86] аларга жеткир! Эгер сен антпесең, анда Анын элчилигин аткарбаган болосуң. Алла сени ал адамдардан коргойт. Чындыгында, Алла –  каапыр элди (туура жолго) багыттабайт.
68.      “Эй, китеп ээлери! Инжил, Тооратты жана Эгеңер тараптан түшүрүлгөндү[87] толук  аткарганга чейин, силердин эч нерсеңер (тайанар колдоочуңар) жок”. Андыктан сага түшүрүлгөн Китеп алардын көбүнүн адашуусун, каапырлыгын арттырат. Каапыр коом үчүн (айап) кайгы тартпа.
69.      Чындыгында, ыйман келтиргендер, иудейлер, сабийлер[88] жана христиандардан Аллага, Акырет Күнүнө ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ошолорго коркунуч болбойт жана алар кайгырышпайт[89].
70.      Исраил урпактарынан убада алып, аларга элчилерди жиберген элек. Качан элчи келип, алардын көңүлдөрү каалабаган нерсени (келтирсе)  айтса, анын айрымдарын жалганга чыгарып, айрымдарын өлтүрүшкөн.
71.      Алар өздөрүнө балээ келбейт[90] деп ойлошуп, (Алланын айаттарына) сокур, дүлөй болуп алышты.  Алла алардын тооболорун кабыл кылды. Андан кийин дагы көпчүлүгү сокур, дүлөй[91] болуп алышты. Алла алардын эмне кылып жатканын Билүүчү!
72.      Чындыгында, Марйам уулу Масихти “Алла[92]” дегендер каапыр болушту. Акыйкатта, Масих: “Эй, Исраил урпактары! Менин Эгем жана силердин да Эгеңер болгон Аллага сыйынгыла! Ким Аллага шерик кошсо, Алла ага Бейишти арам кылды. Анын жайы – Тозок оту. Ошондой эле, заалымдарга жардамчылар жок!” – деп айтты.
73.      Чындыгында, “Алла үчөөнүн үчүнчүсү” – дегендер каапырга айланышты. Бир Алладан башка Кудай жок. Эгер алар бул айткандарынан тыйылышпаса, алардан каапырларды оорутуучу азап кармайт .
74.      Аллага тообо кылып, кечирим сурашпайбы? Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!
75.      Марйам уулу Масих (Иса) элчи гана. Андан мурун да элчилер өткөн. Анын энеси – чынчыл. Экөөсү тең тамак жешчү[93].   Карачы[94]: Аларга белгилерибизди кандайча байан кылдык! Алар дагы (акыйкаттан) каякка бурулушат?
76.      Алладан башкага – силерге зыйан да, пайда да келтире алалбай турганга[95] – баш ийесиңерби? Чындыгында, Алла – Угуучу, Билүүчү!” – деп, айткын[96].
77.      “Эй, китеп ээлери! Диниңерде чындыксыз чектен ашпагыла, мурдагы чыныгы жолдон адашкан жана көптөгөн адамдарды адаштырган, ошондой эле туура жолдон тайган коомдун кызыкчылыгын ээрчибегиле.
78.      Исраил урпактарынан каапыр болгондор Дауд жана Марйам уулу Исанын тили аркылуу каргышка калышты. Ал каапырлыктарынын жана чектен аша чапкандыктан улам (болду).
79.      Алар бири-бирин жасаган жамандыктарынан тосушчу эмес. Чындыгында, алардын жасаган иштери кандай жаман!
80.      Алардын көпчүлүгүнүн каапырларды дос тутканын[97] көрөсүң. Алланын каарына кабылып, азапта түбөлүккө калгандыктан, алардын өздөрү үчүн дайардаган нерселери[98] кандай жаман!
81.      Эгер алар Аллага, Анын пайгамбарына жана ага түшүрүлгөнгө[99] ыйман келтиришкен болсо, алар (каапырларды) дос тутушмак эмес. Бирок алардын көпчүлүгү бузукулар.
7- Бөлүк
82.      Момундарга адамдардан эң катуу душман – иудейлер жана мушриктер[100] экенин табасың.  Момундарга баарынан жакыныраак дос болгон: “Биз христианбыз[101]”, – дегендерди да табасың. Анткени алардын арасында[102] билимдүүлөрү жана кечилдери бар, алар[103] текеберленишпейт.
83.      Алар элчиге түшүрүлгөндү  (Куранды) уккан кезде  чындыкты мойунга алгандарынан улам, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. Алар: “Оо, Эгебиз! Ыйман келтирдик! Бизди күбө болуучулар менен чогуу жаза көр”,– дешет.
84.      Аллага  жана өзүбүзгө келген Чындыкка (Куранга) эмне үчүн ишенбейбиз? Эгебизден жакшы (такыба) элдер менен бирге  кылуусун үмүт кылабыз”, – деп айтышат.
85.      Алла аларга бул себептеринен улам алдынан дарыйалар аккан, түбөлүккө (аларга) кала турган бакчаларды[104] белек кылат. Бул – жакшылык кылуучулардын сыйлыгы.
86.      Айаттарыбызды жалганга чыгарып, каапыр болгондор – алар Тозок ээлери.
87.      Эй, момундар! Алланын силерге адал кылган жакшы нерселерин арамга чыгарып, чектен ашпагыла! Акыйкатта, Алла чектен ашуучуларды сүйбөйт.
88.      Алланын силерге берген адал, таза  ырыскысынан жегиле. Өзүңөр ыйман келтирген Алладан корккула.
89.      Алла деле жөн жай эле айтылган[105] анттарыңар үчүн жазалабайт. Бирок, билип туруп айткан антыңар үчүн (Кыйаматта) жооп бересиңер[106].  (Эгер антыңарды бузсаңар) анын төлөмү – үй бүлөңөрдү тамактандыра турган орточо эсептеги тамак  менен он кедейди тойгузуу жана аларды кийиндирүү, же  бир кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер муну аткара албаса үч күн орозо тутуу (керек). (Бузган) антыңардын жазасы – мына ушундай. Антыңарды сактагыла![107] Алла силерге айаттарын ушинтип байан кылат. Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.
90.      Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар[108] жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар.
91.      Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык, же кек салып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт.  Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?!
92.      Аллага, Анын элчисине мойун сунуп, сак болгула. Эгер жүз үйүрсөңөр, анда, билгиле, – элчибиздин милдети – ачык түрдө[109] жеткирүү гана.
93.      Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар, (күнөөдөн) сак болуп, андан соң чынчыл жана такыба болушса, мурунку[110] жегендери күнөө эмес.  Алла – чынчылдарды[111] жакшы көрөт.
94.      Эй, ыйман келтиргендер! Алла Өзүнөн кимдин купуйа коркоорун аныктоо үчүн  силер ихрамда[112] колуңар жана найзаңар жетип турган (жакындыктан) аңчылык аркылуу[113]   силерди сынайт. Ким бул (шартты бузуп) чектен чыкса, ага оорутуучу азап бар.
95.      Эй, момундар! Силер ихрамда аңчылык жаныбарларын өлтүрбөгүлө.  Кимде-ким атайлап өлтүрсө, анын жазасы – өлтүргөнүндөй бир жаныбар[114]  (курмандык). Аны силерден эки адилеттүү киши өкүм кылып, Каабага жеткирилет. Же кедейлерди тойгузат, же болбосо анын ордуна орозо тутат. Бул – өзү жасаган жазасын тартуу үчүн. Алла – өткөндү[115] кечирди.  Ким (тообо кылгандан кийин да) кайра кайталаса, Алла аны жазалайт. Алла – Мартабалуу, өч алууга Кудуреттүү!
96.      Силерге деңиз аңчылыгы жана аны[116] жеш адал кылынды. Ал силерге жана жолоочуларга пайдалуу. Силерге ихрамда болгон мезгилиңерде кургактыктын аңы арам кылынды. Өз алдына (сөзсүз) чогултуучу  Алладан корккула!
97.      Алла ыйык /й – Каабаны адамдар үчүн тайаныч[117],
ошондой эле, ыйык айды, курбандыкты жана асылмаларды[118] да (тайаныч кылды)[119]. Муну – Алла, албетте, асмандардагы жана жердеги нерселерди билээрин жана Ал – бардык нерсени Билүүчү экенин[120] силер билишиңер үчүн (жасады).
98.      Билгиле, акыйкатта,  Алла – катуу Азаптоочу жана да, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!
99.      Элчиге [121]жеткирүү гана (милдеттендирилген). Алла купуйа иштериңерди да, жарыйа иштериңерди да билип турат.
100.       Арам нерсенин көптүгү сени кызыктырса да, ыплас менен таза тең эмес[122]. Андыктан: “Эй акыл ээлери! Такыба болгула! Мүмкүн кутулаарсыңар!” – деп айт[123].
101.       Эй, момундар! Айкын болсо өзүңөргө кайгы алып келүүчү нерселер тууралуу сурабагыла. Куран түшүрүлгөндө аны сурасаңар, билдирилет[124]. Алла аны[125] кечти. Алла – Кечиримдүү, Жумшак!
102.       Чындыгында, силерден мурда  бир коом да ушинтип сурап[126], кийин ага каршы чыгуучулардан болушкан.
103.       Алла “бахира[127]”, “сааьиба[128]”, васила[129]” жана “хам[130]” – деп (буд-сөлөкттөргө курмандык) буйурган эмес. Бирок каапырлар Алла жөнүндө калп айтып, жалаа жабышты. Алардын көбү түшүнүшпөйт (караңгылар).
104.       Аларга: “Алла түшүргөн нерсеге (Куранга) жана элчиге келгиле”, – дешсе, алар: “Бизге ата-баларыбызды тапкандагы нерсе[131] жетиштүү”, – дешет.  Алардын ата-балары эч нерсени[132] билишчү да эмес, туура жолдо да эмес эле.
105.       Эй, ыйман келтиргендер!  Силер (Кыйаматта) өзүңөр үчүн жооп бересиңер[133]. Силер туура жолдо жүрсөңөр адашкандар (каапырлар) силерге зыйан келтире алышпайт. Баарыңар Аллага кайтасыңар.  Ал силерге эмне кылганыңарды кабарлайт.
106.             Эй, момундар! Силердин ажалыңар жетип, же силер жер кезип жүргөн кезде[134] өлүм кырсыгы келсе, осуйат айткан кезиңерде, ортоңордо өзүңөрдөн эки адилеттүү киши, же силерден башкалардан экөө (осуйатка) күбө болсун.  Эгер бул күбөлөрдөн күмөн санасаңар,  (күбө болуучу) экөөсүн намаздан кийин токтотуп, алардын: “Биздин жакын тууганыбыз болсо да аны[135] акчага сатпайбыз, Алланын күбөлүгүн жашырбайбыз. Эгер жашырсак, анда күнөөкөр болобуз”, – деген Алланын ысмы менен анттарын алгыла!
107.       Эгер алар[136] күнөө кылышса, анда жакын, акылдуу туугандарынан эки киши алардын ордуна  туруп: “Алланын ысмы менен берген күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн  күбөлүгүнөн аныгыраак. Биз чектен чыкпайбыз. Эгер андай кылсак заалымдардан болобуз”, – деп ант ичишет.
108.       Бул – алар чынчыл күбөлүк берүүлөрү үчүн, же алардын антынан кийин дагы башка анттын талап кылынбашы үчүн керек. Алладан корккула жана баш ийгиле. Алла – бузуку коомду туура жолго баштабайт.
109.       Кыйамат Күнү Алла элчилерди жыйнап: “Силерден чакырыкка кандай жооп болду?” ­ – дегенде алар (пайгамбарлар): “Биздин эч бир кабарыбыз жок. Албетте, Сен Өзүң кайыпты Билүүчүсүң!” –дешет.
110.       Ошондо[137]  Алла: “Эй, Марйам уулу Иса, сага жана энеңе берген жакшылыгымды эсте. Сени Жабраил аркылуу кубаттуу кылдым. Бешикте жана эрезеге жеткенде адамдарга сүйлөшттүм. Сага китепти, даанышмандыкты, Тоорат менен Инжилди үйрөттүм.  Менин буйругум менен балчык ылайдан куштун келбетин жасап үйлөгөнүңдө, Менин буйругум менен кушка жан кирди жана Менин буйругум менен тубаса сокурду, ала-пес оорусун айыктырдың. Ошондой эле Менин буйругум менен өлүктү (тирилтип) чыгардың. Исраил урпактарына көптөгөн далилдер менен келгениңде алардын каршы чыккандары “Бул – ачык сыйкырчылыктан башка эч нерсе эмес” – дешкенде, “(Мен) сени алардан куткарып калдым”, – деп айтат.
111.       Анда, хаварийлерге[138]: “Мага жана элчилигиме ишенгиле!” – деп айтканыңда, алар: “Биз ишендик. Биздин мусулман болгонубузга күбө бол!” – дешти.
112.       Хаварийлер: “Эй, Марйам уулу Иса! Эгең бизге асмандан бир дасторкон түшүрө алабы?” – дегенде ал: “Эгер ыйман келтирсеңер – Алладан корккула!”–деди.
113.       Хаварийлер: “Биздин андан жегибиз келет. Жүрөктөрүбүз тынчтанып жана сенин бизге айтканың чындык экенин билип,  анан ага күбө болуучулардан бололу!” – дешти.
114.       Марйам уулу Иса: “Оо Аллам! Оо Эгем! Бизге асмандан дасторкон түшүр. Оболку жана кийинкилерибизге майрам жана Сенден бир белги болсун. Бизге ырыскы бер. Сен ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысысың!” – деди.
115. Алла: “Чындыгында Мен ал дасторконду силерге түшүрөмүн.    Мына ошондон кийин кимде-ким каапыр болсо, Мен аны дүйнөдө эч кимди азаптабаган азап менен жазалаймын”, – деди.
116.       Алла: “Эй, Марйам уулу Иса, адамдарга “Алланы койуп, мени жана энемди кудай кылып алгыла”, – дедиңби?” – деп, сураганда Иса: “Оо, Аллам! Сен Аруусуң! Тийиштүү болбогон нерсени айтуу мага дурус эмес.  Эгер айткан болсом, Сен аны билмексиң. Менин ичимдегини Сен билесиң, а мен болсо Сеникин билбеймин. Акыйкатта, Сен кайыптарды Билүүчүсүң!” – дейт.
117.       “Силердин жана менин Эгем болгон Аллага кулчулук кылгыла” – деп  мага буйурулган нерсени гана аларга айттым. Мен алардын арасында болгон кезимде, аларга[139] көзөмөлчү болдум. Сен мени алып (чыгып) кеткениңде, аларга Өзүң Көзөмөлчү болуп калдың. Сен бардык нерсеге Күбө болуучусуң.
118.       Эгерде Сен аларды азаптасаң, алар Сенин пенделериң.  Ал эми аларды кечирсең, ырасында, Сен – Мартабалуу, Даанышмансың!
119.       Алла: “Бүгүн – чынчылдарга чынчылдыгы пайда бере турган Күн. Аларга алдынан дарыйалар агып туруучу бакчалар бар. Алар анда түбөлүктүү болушат. Алла алардан ыраазы болуп, алар да Алладан ыраазы болушат. Бул – улуу ийгилик!” –деп айтат.
120.       Асмандар менен жер жана экөөсүнүн ортосунда бийлик – Аллага (гана) таандык. Ал – бардык нерсеге Кудуреттүү!




[1] Дасторкон
[2] Ажылык парзын аткарып жаткан кезде кийилүүчү атайын кийим
[3] Кийинки айаттарда
[4] Каалаган мыйзамын
[5] Зулхижжа  айы (өзгөчө, анын 8,9,10,11,12-күндөрү)
[6] Кааба
[7] Барууга тоскоол кылган
[8] мусулмандарды
[9] Алланын аты аталып мууздалбастан, арам өлүп калган малдын эти
[10] Адал, же арам  өлгөнүнө карабастан бардык малдардын аккан каны
[11] Бийик жардан, жерден
[12] мүйүздүү мал сүзүп
[13] Жырткыч айбандар жегенинен калган эттер
[14] Будпарастыктын салт-жөрөлгөсү менен мууздалган
[15] Силерди өз диниңерден тосуп, тоскоол болуудан натыйжа чыкпасына көздөрү жетишги
[16] Алла арам кылган малдардын этин эптеп аман калуу, убактылуу жан сактоо үчүн, керектүү өлчөмдө жесе
[17] Мусулмандар
[18] Эй, Мухаммед!
[19] Ислам шарийатында адал кылынган тамактар (алар адам ден соолугуна да зыйансыз)
[20] Жаныбарлардын этин
[21] Жазасын, же сыйлыгын тез берүүчү
[22] Иудей жана христиандардын
[23] Дандан, жер-жемиштерден, сүттөн жасалган тамактары, кыскасы эт азыктарынан башкалары
[24] ойноштук
[25] Масх тарткыла
[26] Толук дааратсыздык абалы: Түшүркөп айалы менен кошулуу, же айалдын төрөт, этек кир сыйактуу абалдары (“жунуп” – б.а. “булганыч” абалдар деп эсептелет).
[27] Бой даарат (гусул даарат) алгыла
[28] Тайамум же б.а. топурак менен даарат алуунун жолу башка китептерде кеңири айтылган
[29] Кандайдыр бир нерсе же адамдын иши тууралуу күбөлүк берген кезиңерде жалган айтпай, Алладан коркуп, чындыкты гана айткыла!
[30] Аллага гана тайануу
[31] Алла жолунда мал-мүлкүңөрдү сарптасаңар
[32] Оргиналда: “Жолдун ортосунан тайган болот”.
[33] Таш кылып салдык
[34] Башка, өздөрүнүн пенделик сөздөрү менен
[35] Эй, Мухаммед!
[36] Кийин сенин үммөттөрүң да учурашат. Бирок, билип койушсун: Алланы жеңүү эч качан мүмкүн эмес!!!
[37] Согушта колго түшүп, ыйман келтирип, же кечирим сурашып, чөгөлөгөн учурларда
[38] жазалайт
[39] Забур, Тоорат, Инжилдеги
[40] Силер элге айтпай, жашырган
[41] Атайылап, Алланын эрки менен
[42] Куран
[43] Куранда Иса пайгамбар “Масих” деп да аталат. “Масих” – “сылоочу” дегенди билдирет. Анткени Иса (а.с.) адамдарды сылоо менен айыктырган.
[44] Исадан  (а.с.) кийин Мухаммед (а.с.) чейин 600 жылга жакын убакыт өткөн, ушул узак убакыт ичинде христианчылык  мурдагы түрүнөн абдан өзгөрүп кеткен болчу
[45] Мухаммед (а.с.) тууралуу айтылууда
[46] Куддус
[47] Иудейлер (еврейлер)
[48] Алла Таала экөөң
[49] Еврейлер менен
[50] Боор ооруп, аларды айап
[51] Курмандыгы кабыл болбогон уулу
[52] Курмандыгы кабыл болгону
[53] Такыбалардын курмандыгын гана
[54] Адам Атанын Кабыл жана Абыл деген эки уулу болгон, Кабылы өзүнүн жаман көргөн нерсесин, Абыл болсо өзү эң жакшы көргөн нерсесин Алла үчүн курмандыкка чалат. Ошентип Абылдын курмандыгы кабыл болуп, Кабыл ичкүптүлүк, ичитардык жана көралбастыктан улам өз бир тууганын өлтүрөт
[55] Бир тууганымдын денесин жерге  жашыра албадым.
[56] Бирөөгө зомбулук кылуудан мурда, тообо кылып, ал жаман оюйуңардан кайисаңар
[57] Мойун сунуу аркылуу
[58] Мухаммед (а.с.)
[59] Иудейлердин
[60] Иудейлер Курандын өздөрүнүн напсисине дал келген жерлерин алып, адам колу менен өзгөртүүлөргө дуушар болгон Тооратка же өз напсилерине дал келбесе, аны пайдаланбоону Мухаммед  алейхи саламга сунуш кылышкан
[61] Алардын ортосуна жаралган талаштуу маселе бойунча
[62] Иудей дининин поптору
[63] Иудей дининин шарийатын мыкты билгендер
[64] Тооратта
[65] Жандын, же жаракаттын кунун
[66] Куран менен
[67] Шариат, эреже
[68] Маселен, ким мусулман болуп  өмүр кечирет, ким каапырлыкты тандап алат – ал ар кимдин өз иши
[69] Алардын көңүлү каалаган нерселерди
[70] Анда ал Кыйаматта ошолор менен чогуу азапталат
[71] Дилинде Исламга болгон кеги, кара ниети, арам ойу болгон Абдулла инбу Убай сыйактуулар...
[72] Мусулмандардын арасында жүргөнү менен, же тигилер (иудейлер жана христиандар), же булар (мусулмандар) менен болуу зарылдыгына акылдары жетпей, арсар абалда жүрүшөт. Анткени мунафыктардын ыйманы алсыз…
[73] Момундар ошондо мунафыктардын бети ачылган абалдарына таң калышат...
[74] Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин, бутпарастардын
[75] Кошумча (напил) намаз окуучу момундар
[76] Каапырларды…
[77] Азан айтсаңар
[78] Таагутка – Шайтан, иудейлер сыйынган торпок, буддар ж.б.у.с. Алладан башка нерселерге сыйынуу...
[79] Б.а. алар каапыр бойунча “ыйман келтирдик” дешип жалган айтышып,  кийин да ошол каапыр бойунча кала беришкен: дидарында эч өзгөрүү болгон эмес.
[80] Иудейлер «сараң» деген маанини айткысы келишкен
[81] Куран
[82] Бейишке
[83] Тоораттын, Инжилдин ичиндеги Алланын буйруктарын аткарышканда
[84] Курандагы буйруктарды
[85] Абдулла ибн Салам жана анын жолдоштору сыйактуу. (Тафсир ал-Жалалайн)
[86] Курандын айаттарын жана алардын маанилерин
[87] Курандын айаттарындагы буйруктарды
[88] Жылдыздарга сыйынган христиандар
[89] Кыйаматта
[90] Пайгамбарларды “жалганчы” дешип, аларды өлтүрүшкөнү үчүн кырсык келбейт деп
[91] Курандын айаттарын окуп, укпай койушту
[92] Кудай
[93] Б.а. периште эмес, эл сыйактуу эле
[94] Эй, Мухаммед!
[95] сөлөкөттөргө
[96] Эй, Мухаммед!

[97] Тыгыз мамиледе жашашканын
[98] Тозок  азабы
[99] Куранга
[100] Кудайга шерик кошушкандар
[101] Исанын динин өзгөртпөгөн чыныгы христиандар
[102] Ислам динин терең түшүнгөн
[103] Чыныгы христиандар
[104] Бейишти
[105] чын дилиңерден чыкпаган
[106] Эгер берген антыңарды бузсаңар, аткарбасаңар, баш тартсаңар
[107] Жөнү жок эле Алланын антка кошо берүү дурус эмес экенин Алла “Ваакиа” сүрөсүндө эскерткен. Ал эми бул жерде ант ойунчук эмес экенин, ант ичкенде да ойлонуп, анан бузууга туура келсе, анда эмне кылуу өкүмүн байандап жатат.
[108] Сөлөкөттөр
[109] Курандын маани-маңызын, Тозок, Бейиш кабарын
[110] Мурда билбей жегендери
[111] Чынчылдык менен жакшылык кылуучу мусулмандарды
[112] Ихрам кийип жүргөн кезиңерде
[113] Аңчылыкка мүмкүндүк түзүү аркылуу
[114] Өлтүрүлгөн жаныбардын баасындагы бир үй жандыгын курбандыкка чалат
[115] Аңчылык жаныбарын уруксатсыз өлтүрүп, бирок анан чын дилинен тообо кылган адамдын өткөн күнөөсүн
[116] Деңиз жаныбарларын
[117] Бул жерде “тайаныч” “тирек” деген  маанини туйунткан сөз, сөздүн түз маансине караганда каймана маанисине көбүрөөк жакын: 1) Аллага гана ибадат кылуунун туу чокусу болгон ажылык ошол жерде жасалып, күнөөлөр кечирилип, адам баласы руханий тайанычка, тирекке ээ болот; 2) Каабада жасалган 3 күндүк ибадат – мусулмандар үчүн  Кыйаматтын оор сурагынын жеңил болушуна себеп болуп, бир күнү 50 миң жылга тете кыйын сурактан кутулуунун тайанычы.
[118] Алла жолунда курбандыкка чалынуучу жандыктардын мойнуна белги кылып, илип койгон кооздуктары
[119] Буларды жетелегендер да тынчтыкта болушат
[120] Алла дүйнөдө болуп жаткан, мурда, кийин да болуучу нерселерди эң мыкты билип турган улуу касиетке эгедер экенин
[121] Бейиш жана Тозок кабарын адамзатка
[122] Жакшылык менен жамандыктын акыретте ээлөөчү даражалары
[123] Эй, Мухаммед!
[124] “Пайгамбар айтып, түшүндүрүп берип жатпайбы” деген мааниде
[125] Маанисиз суроолорду пайгамбарга берүү аркылуу жасаган майда күнөөңөрдү
[126] Арабдар жахилийа (исламга чейинки) доордо айрым малдарды  койо берип жиберүүнү – Кудайга кызмат кылуу деп жаңылыш түшүнүшүп, чындыгында Сөлөкөттөргө сыйынышкан, наадандык кылышкан
[127] Сөлөкөттөргө арнап, сүтүн ичүүнү өздөрү арам кылып алышкан каймал төө
[128] Сөлөкөттөргө арнап минүүнү адамдар өздөрү арам кылып койушкан нар төө
[129] Туут жылдарынын алгачкыларында эки ургачы тайлакты удаа тууган төөнү Сөлөкөттөрүнө арнап иштетүүнү арам кылышкан
[130]  Сөлөкөттөргө арнап, иштетүүнү арам кылган атан төө
[131]Ата-бабаларыбыз тутунган дин
[132] Алланын чыныгы дин туууралуу
[133] “Чакырсаңар, эскертсеңер да ыйман келтирбей койгон каапырлар үчүн силер жооп бербейсиңер”
[134] Исламга чакыруу же Аллага кызмат кылуу максатында эл аралап, жер кезип
[135] «Антыбызды»
[136] Күбөлөр
[137] Кыйамат Күнү
[138] Исанын (а.с.) үммөттөрүнөн чыккан жардамчылар
[139] Хаварилерге жана ошол коомго

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder