24.02.2014

6 EN'ÂM SÛRESİ

6-сүрө «АН'АМ[1]»
Меккеде түшкөн. Жүз алтымыш беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Асмандар менен Жерлерди жараткан жана караңгылык менен нурду кылган Аллага мактоолор![2] А каапырлар Аллага башкаларды теңешет.[3]
2.     Ал силерди топурактан жаратып, андан соң ар бирине мөөнөттү[4] белгилеген. (Тирилүү) мөөнөтү да Анын алдында.[5] Анан силер дале шектенесиңер.
3.     Ал Асмандар менен Жердеги (жалгыз гана) Алла. Ал силердин жашырганыңарды да, ашкереңерди да билип турат. Ал силердин эмне кылып жатканыңарды да билет.
4.     Эгесинен аларга[6] кандай гана айаттар келбесин, алар андан жүз үйрүшөт.
5.     Алар акыйкатта, өздөрүнө келген чакта жалганга чыгарышты. Жакын арада аларга шылдыңдаган нерсеси жөнүндө кабар келет.[7]
6.     Биз аларга чейин канчалаган муундарды жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу? Биз силерге бербеген нерселерди[8] жерде аларга бердик. Аларга асмандан мол жамгыр жаадырдык жана алардын алдынан дарыйаларды агыздык. Бирок Биз аларды күнөөлөрү үчүн ойрон кылдык жана алардын ордуна башка коомду жараттык.
7.     Эгер Биз сага алар[9] колдору менен кармап көрүү үчүн жазуу жазылган кагазды[10] түшүрсөк, анда каапырлар: “Бул – кадимки эле сыйкыр”, – деп айтышмак.[11]
8.     Алар: “Ага (Мухаммедге) периште түшүрүлбөппү?”[12] – дешет. А эгер Биз периште түшүрсөк, анда алардын тагдыры чечилип калган болор эле да, аларга мөөнөт берилмек эмес.[13]
9.     Эгерде Биз периштени жөнөтсөк, анда аны эркек келбетинде кылып, аларга окшоштуруп коймокпуз.[14]
10.   Сенден мурун да пайгамбарларды шылдыңдашкан. Ошентип, аларга келекелегендиктери себептүү азап түшкөн.
11.   “Жер кыдырып көргүлө да, жалганга чыгаргандардын жыйынтыгы кандай болгонун карагыла”, – дегин.
12.   “Асмандар менен Жердегилер кимге таандык?“. “Аллага таандык”, – деп айт. Ал Өзүнө ырайымдуулукту[15] парз кылды. Акыйкатта, эч шексиз болуучу Кыйамат Күнүндө Ал силерди жыйнап алат. Өз жанына зыйан кылуучулар – алар ишенбегендер[16].
13.   Ага түндө да, күндүзү да жашоочулар (баарысы) таандык. Ал Угуучу жана Билүүчү.
14.   “Асмандар менен Жердин Жаратуучусу болгон Алладан башка бирөөнү мен өзүмө сыйынуучу кылып аламбы? Ал ырыскы берет. А Өзү ырыскыга муктаж эмес”, – деп айткын[17]. “Аллага (шерик) кошпогон, Аллага биринчи баш ийгендерден болуума буйрулдум”, – деп айткын!
15.   “Акыйкатта, эгер өзүмдүн Эгеме күнөөкөр болуп калсам[18] Улуу күндүн азабынан мен коркомун”, – деп айт.
16.   Ал Күндө ким азапка кириптер болбосо, чынында Алла аны Өз ырайымына алганы. Бул анык ийгилик.
17.   Эгер Алла сага кырсык жеткирсе, андан Өзү гана куткара алат.       А эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Ал бардыгына кудурети жетүүчү.
18.   Ал Өз пенделеринин үстүнөн толук бийлик жүргүзүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.
19.   (Эй Мухаммед!): “Кайсы нерсе күбө болууда улугураак?!” – деп айт.  “Силер менен менин ортомдо Алла күбө. Куран жеткен адамдарды жана силерди эскертүүм үчүн мага бул Куран берилди. Силер Алладан башка да кудайлар бар деп кантип күбөлүк бере аласыңар?!” – дегин! “А мен күбөлүк бербеймин”[19], – деп айт. “Ал[20] жалгыз Алла! Албетте мен силер шерик кылып жаткан нерсеңерден алысмын”, – дегин!
20.   Биз Китеп тартуулагандар аны[21] өз балдарын тааныгандай эле таанышат. А өз жандарына жамандык кылгандар, алар ишенишпейт.
21.   Аллага жалганды жабыштыргандан[22], же Анын айаттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалым болобу?!
22.   Биз алардын баарысын жыйнаган күнү Аллага башка кудайларды шерик кылгандарга: “Силердин кудай деп ойлоп жүргөн шериктериңер кайда”, – деп айтабыз.
23.   Ошондо аларда эч бир шылтоо калбай, алар: “Эгебиз Алланын атына ант! Биз шерик кошкон эмеспиз”, – дешет.
24.   Алар өздөрүнө кантип жалган айткандарын жана алар ойлоп чыгаргандар кантип жоголгонун кара!
25.   Алардын арасында сага кулак салып угуп туруучулары да бар. Бирок Биз алардын жүрөктөрүнө тосмо кылып, кулактарын дүлөй кылып салганбыз. Алар ар түрдүү белгилерибизди көрүп турушса да, аларга ишенишпейт. Качан алар сени менен талашканы келгенде, каапырлар: “Бул[23] албетте байыркылардын жомогу гана!” – дешет.
26.   Алар пайгамбарды ээрчүүдөн башкаларды тыйышат. Өздөрү да алысташат. Бирок алар өздөрүн өздөрү гана кыйратышканын сезбей да калышат.
27.   Эгерде сен аларды оттун алдына тургузулганын көргөн болсоң: “Аттиң, биз кайра артка кайтарылсак, анда биз Эгебиздин айаттарын жалганга чыгарбас элек жана момундардын катарында болор элек”, – дешет.
28.   Жок, алар мурун эмнени жашырып келишкени айкын болду. Бирок алар артка кайтарылса, анда алар өздөрүнө тыйуу салынгандарга кайрадан эле барышмак. Анткени алар жалганчылар!
29.   “Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок. Өлгөндөн кийин кайра тирилбейбиз”, – дешти.
30.   Эгер сен алардын Эгесинин алдында тургузулганын көрсөң: “Бул[24] чындыкпы?” – деп сурайт.[25] Алар: “Ооба, Эгебизге ант ичебиз! (Бул чындык экен) – дешет. Ал: “Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды таткыла!” – дейт.
31.   Алла менен кездешүүнү жалган деп эсептегендер кыйамат кокусунан келип калганда чындап зыйанга учурашат. Ошондо алар өздөрүнүн күнөөлөрүн өз аркаларына көтөрүп алышып, кыскалык кылганыбызга аттиң-арман – бизге өкүнүч болсун дешет. Көтөрүп жүргөндөрү кандай жаман жүк.
32.   Бул дүйнө жашоосу ойун гана. Алладан корккондор үчүн Акырет жашоосу эң сонун. Эми акылыңарга келбейсиңерби?
33.   Алар айтып жаткан кептер сени кайгыртып жатканын Биз билебиз. Чындыгында алар сени жалганчы деп билишпейт. Бирок заалымдар[26] Алланын айаттарын жокко чыгарышат.
34.   Албетте, сенден мурун да элчилерди жалганчы дешкен. Алар мындай жалааларга жана кысымдарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Алланын убадаларын эч нерсе өзгөртө албайт. Акыйкатта, сага элчилердин[27] кабары келди.
35.   А эгер сага алардын жүз үйрүшү оор болуп жатса, аларга айат берүү үчүн жерде тешик, а асманга шаты табууга аракет кылып, аларга керемет катары алып кел. Эгер Алла каалаган болсо, алардын баарын түз жолго чогултаар[28] эле. Наадандардан болбо!
36.   Акыйкатта, угуп жаткандар кабылдоого жөндөмдүүлөр. Ал эми өлүк сыйактуу болгондор, Алла аларды тирилтет жана алар Ага кайтып барышат.
37.   Алар: “Эмне үчүн Эгесинен айат түшпөй жатат?” – дешет. (Аларга:) “Алла айат жөнөтүүгө күч-кубаттуу”, – деп айт. Бирок, алардын көбү муну билишпейт.
38.   Жер үстүндөгү айбанат жана канаттары менен учкан куш да силер өңдүү жандуулар.[29]  Биз Китепте[30] эч нерсени таштап койгонубуз жок! Андан соң алар[31] өздөрүнүн Эгесинин алдында жыйналышат.
39.   Биздин айаттарыбызды жалган деп эсептегендер караңгылыктагы дүлөй жана дудуктар. Алла кимди кааласа жолдон чыгарат, кимди кааласа өзүнүн туура жолуна салат.
40.   “Кабар бергилечи, Алладан жаза келгенде, же кыйамат болгондо силер эгер чынчыл болсоңор анда Алладан бөлөк кимди чакыра аласыңар”, – деп айт!
41.   Ооба, силер Анын Өзүн гана чакырасыңар. Ошондо Ал эгер кааласа силер суранып жаткан нерседен[32] куткарат. А силер ошол кезде Ага шерик кылганыңарды да унутасыңар.[33]
42.   Биз сага чейин башка элдерге да алар жалбарышы үчүн жакырчылык менен ооруу жөнөткөнбүз.
43.   Аларга Биздин азабыбыз жеткен кезде алар жалыныштыбы? Бирок, алардын жүрөктөрү карарып калган эле. А шайтан алардын кылгандарын кооздоп көрсөттү.
44.   А алар качан өздөрүнө эскертилгенди[34] унутушканда, Биз алардын алдындагы бардык эшиктерди[35] ачып койдук. Алар өздөрүнө берилгендердин баардыгына кубанып жатышканда, Биз аларды капысынан азапка алдык. Мына эми алардын үмүттөрү үзүлдү.
45.   Зулумдук кылышкан коомдун акыры да кесилди[36]. Ааламдардын Эгеси Аллага мактоолор!
46.   “Айткылачы, эгерде Алла силерден угуу менен көрүүнү алып, жүрөгүңөргө мөөр басып салса, анда Алладан башка силерге  буларды кайсыл кудай кайтарып бере алат?” – деп айт. Карап көрчү: Биз айаттарыбызды кандай гана кылып байандайбыз, а алар болсо жүз үйрүшөт.
47.   “Айткылачы, эгер силерге Алладан күтүүсүздөн же ачык эле азап келсе, анда адашкан заалымдар гана кыргын болот?” – деп айт.
48.   Биз элчилерибизди сүйүнчүлөөчү[37] жана эскертүүчү[38] кылып жөнөткөнбүз. Ким ишенсе жана жакшылык иштерди кылса, аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.
49.   Бирок Биздин айаттарыбызды жалганга чыгаргандар, бузук иштерди жасаганына жараша азапка кабылышат.
50.   “Силерге Алланын казынасы менде деп айтпаймын. Кайыпты да билбейм, мен периштемин деп да айтпаймын[39]. Мага кабар берилгендерге[40] гана ээрчиймин”, – дегин! “Сокур менен көзү соо барабарбы? Ойлонуп көрбөйсүңөрбү?” – деп айт.
51.   Эгелеринин алдында чогулууларынан корккондорго Куран менен эскерткин. Аларга Кудайдан башка жакын да, колдоочу табылбайт. Кана эми алар Алладан коркушса?!
52.   Эртеден кечке чейин Эгесине жалынып, Анын жүзүнө-ырайымына умтулуп жаткандарды кууп салба! Сен алар үчүн эч кандай жооп бербейсиң, алар да сен үчүн жооп беришпейт. Эгер аларды кууп чыксаң, заалымдардан болосуң.
53.   «Биздин арабыздан Алла ушуларга жакшылык кылдыбы?»  – деп айтуулары үчүн, алардын бири бирин Биз ушинтип сынайбыз. Алла шүгүр кылуучуларды Билүүчүрөөк эмеспи?
54.   Силерге Биздин айат-белгилерибизге ишенгендер келгенде: «Силерге тынчтык болсун»  – деп айтат. Силердин Эгеңер Өзүнө Өзү Мээримдүүлүктү милдет кылды. Албетте силердин араңардан кимде-ким билбестиктен жамандык иш кылса, анан тообо кылып оңолсо, ага, Ал – Кечиримдүү, Мээрбан!
55.    Күнөөкөрлөрдүн жолу даана болуусу үчүн[41] Өз айаттарыбызды ушинтип байандайбыз.
56.   Алладан башкага сыйынып жатканыңарга, менин сыйынышым акыйкатта тыйуу салган, Мен силердин каалооңорго ээрчибеймин[42]. Антпесе мен адашууда калып, түз жолдо бараткандар менен бирге болбой калмакмын.
57.   Мен өзүмдүн Эгемдин ачык айаттарында элем, а силер болсо аны жалганга чыгардыңар. Силер шашылып жаткан нерсе менин колумда эмес. Акыйкатта өкүм Аллада гана. Ал акыйкатка өкүм кылат. Ал өкүм кылуучулардын Эң жакшысы”, – деп айт.
58.   Эгерде силер шашылып жаткан нерсе мени менен силердин ортоңордо болгондо иш эчак бүтмөк. Алла адашкандарды жакшы билет.
59.   Кайыптын ачкычтары Анда гана. Ал кургакта жана деңиздерде эмне барын жакшы билет. Ага жалгыз жалбырактын түшүүсү да белгилүү. Жердин караңгылыгында жаткан бир үрөн дагы, жашылы да, кургагы да[43] ачык Китепте бар[44].
60.   Ал силерди түнкүсүн алып кетет[45]. Ал силердин күндүзү эмне кылганыңарды билет. Анан Ал белгиленген мөөнөт бүткөндө[46] силерди тирилтет. Андан соң Ага кайтарыласыңар. Мындан соң Ал силердин эмне кылганыңарды өзүңөргө кабарлайт.
61.   Ал Өз кулдарынын үстүнөн Бийлик жүргүзүүчү. Ал силердин үстүңөрдөн Өзүнүн сактоочуларын[47] жөнөтөт. Качан силердин бириңерге өлүм жеткенде, биздин элчилерибиз[48] анын жанын алышат. Кынтык кылышпайт[49]
62.   Андан соң алар өздөрүнүн чыныгы Эгеси Аллага кайтарылышат. Өкүм Анын[50] гана колунда. Ал эсеп жүргүзүүдө өтө тез.
63.   “Кургактагы жана деңиздеги коркунучтардан ким сактайт. Силер Ага ашкере да, жашыруун да сыйынып жатасыңар”, – деп айткын. “Эгер Ал бул коркунучтан бизди куткарса, анда биз шүгүр кылуучулардан болоор элек”, – дейсиңер.
64.   “Алла силерди мындан жана түрдүү кайгылардан куткарат. А силер Ага шерик кылып жатасыңар” – деп айт.
65.   “Ал силерге үстүңөрдөн[51] же астыңардан[52] азап жөнөтүүгө, же силерди (түрдүү ниеттеги) бир топ кылып аралаштырып койгонго жана бириңерге бириңердин жазасын таттырып койгонго Кудуреттүү!” – дегин. Карачы! Алар түшүнүүлөрү үчүн айаттарыбызды кандай байандап жатабыз.
66.   Бирок сенин элиң бул акыйкат болсо да, аны[53] жалганга чыгарууда. (Аларга:) “Мен силерге коргоочу эмесмин”, – деп айт.
67.   Ар бир кабар үчүн убакыт белгиленген. Жакын арада (муну) билесиңер[54].
68.   Сен Биздин айаттарыбызды (шылдыңдап) сүйлөп жаткандарды көрөсүң. Анда алар башка сөзгө өтмөйүнчө алардан терс болуп кет. Бирок эгер шайтан сени унуттуруп койсо, анда ал эсиңерге түшөр замат ал адашкан коом менен олтурба!
69.   Алладан корккондордун мойнунда элдин[55] эсеп-кысабынан эч нерсе жок. Бирок алар[56] сактануулары[57] үчүн тигилер[58] эскертүүгө тийиш.
70.   Өздөрүнүн динин ойун тамаша кылып алгандарды жана бул дүйнөгө азгырылгандарды ташта[59]! Жан ээси[60] жасаган нерсеси аркылуу азапка учурай тургандыгын, алардын эсине ар дайым сал!  Алладан башка анда дос да, колдоочу да жок. Эгер ал өзү үчүн барын[61] берип, кутулууну көздөсө, анысы да алынбайт. Булар өздөрү жасаган иш аркылуу азапталууга камалгандар. Алар үчүн кайнаган суу жана оорутуучу азап бар. Бул алардын каапыр болгондуктары үчүн.
71.   “Кантип эле Алла бизди Өзүнүн Түз Жолуна салгандан соң, бизге эч бир жардам да, эч бир зыйанга да учурата албаган жана артыбызга (ширкке) кайтарылган, ошондой эле жерде шайтан алдап таң калып жүргөндө шериктери: “Келгиле” – деп Туура Жолго чакырылган адамдар сыйактуу Алладан башкага сыйынабызбы?. Акыйкатта Алланын Жолу – Туура Жол. Ааламдардын Эгесине мойун сунууга буйрулганбыз.
72.   Намаз окугула жана андан корккула! Анткени силер Ага гана чогулуп барасыңар.
73.   Ал Асман менен Жерди чындык менен жараткан. Ал качан (каалап): “Бол!” дегенде, ал болуп калат. Анын Сөзү - Акыйкат. Сурнай тартылган Күндө[62] бардык бийлик Ага таандык.  Ал жашыруундарды жана ачыктарды да Билүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.
74.   Ибрахим өзүнүн атасы Азарга[63]  мындай деди: “Чын эле сен буддарга кудай катары сыйынасыңбы? Аныгында мен сенин жана сенин элиңдин анык адашканын көрүп турам”.
75.   Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн асман менен Жердин падышалыктарын[64] көргөздүк.
76.   Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул – менин кудайым»,   деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм»,   деди.
77.   Айды көргөн кезде: “Менин кудайым ушул” –деди. Ал да батып кеткенде: “Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун”, – деп айтты.
78.   Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: “Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң”, – деди. Ал да батып кеткенде: “Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын”, – деп айтты.
79.   “Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен Жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошчуулардан эмесмин”, – деди.
80.   Бирок анын коому ага каршы чыгып, жаңжалдашты. Ал: “Мени Туура Жолго салган Алла тууралуу мени менен талашкыңар келип жатабы?  Эгем каалаган нерседен Ага силер шерик кошуп жатканыңардан[65] коркпоймун! Менин Эгемдин илими баардык нерселерди камтып алган. Эми эстебейсиңерби?” 
81.   “Антүүгө Ал (Алла) силерге далил түшүрбөсө да силер Аллага шерик кошуудан коркпой жатканыңарда кантип мен силердин Аллага кошуп жаткан шеригиңерден коркомун? Эгер билсеңер, эки топтун кайсынысы тынчтыкка укуктуураак[66]”.
82.   Ким ыймандуу болуп, ошол ыйманын зулумдук менен аралаштырбаса, ошолор үчүн тынчтык болот. Алар – Туура Жол табуучулар.
83.   Ушулар Ибрахимдин элине берген Биздин далилдерибиз! Биз кимди кааласак анын даражаларын көтөрөбүз. Акыйкатта Эгең Даанышман жана Билүүчү!
84.   Биз аны Исхакка жана Йакупка бердик жана аларды Биз Туура Жолго баштадык. А, ага чейин Биз Нухту жана анын тукумдарынан Даудду, Сулайманды, Айубту, Йусупту, Мусаны жана Харунду Түз Жолго салдык. Жакшылык кылуучуларды Биз ушинтип сыйлайбыз.
85.   Закарийага, Йахйага, Исага, Илйаска… Булардын баары жакшы иштерди жасоочулардан.
86.   Исмайылга, Алйасага, Йунуска жана Лутка. Биз булардын баарын (пайгамбарлык) менен ааламдардан[67] улук кылдык.
87.   Биз алардын аталарынан, урпактарынан, туугандарынан тандадык жана аларды Туура Жолго баштадык.
88.   Бул – Алланын Жолу. Ал Жол менен Өз пенделелеринин арасынан кимди кааласа алып барат. А эгерде алар Ага шерик кошушса, анда алардын жасагандары текке кетет.
89.   Алар – Биз Китеп, Даанышмандык жана пайгамбарлык[68] бергендер. Эгер аларга ишенишпесе, анда Биз аларды[69] четке какпаган элге тапшырабыз.
90.   Алар[70] – Алла Түз Жолго салгандар. Алардын Түз Жолун ээрчигин. “Мен силерден буга акы сурабайм. Бул[71] – бүткүл ааламдар[72] үчүн эскертме гана.
91.   Алар: “Алла бир да кишиге эч нерсе түшүргөн эмес”, – деп сүйлөп жаткандар, Алланы таануу чегинде тааный албагандар. Адамдар үчүн Нур жана Туура Жолго баштоочу болгон, Мусага келген Китепти ким жөнөттү эле? Силер аны барактарга жазасыңар да, анын кээ бир бөлүгүн (гана) жарыйа кылып, көбүн жашырасыңар[73]. Силер[74] өзүңөр да, силердин аталарыңар да билбегениңерди үйрөнгөнсүңөр[75]. (Аны түшүргөн) Алла”, – деп айт. Андан соң бузук нерселеринде жөн кой! Ойной беришсин.
92.   Биз түшүргөн Китеп – бул куттуу, өзүнүн алдыңкысын[76] тастыктоочу Китеп. Сен шаарлардын энесин[77] жана анын айланасындагыларды эскертүүң үчүн (түшүрдүк). Акыретке ишенгендер ага[78] да ишенишет. Алар намаздарын да дайыма окушат.
93.   Аллага жалган айткандан, же эч кандай жашыруун кабар келбесе деле: “Мага жашыруун кабар келди”, – деп айткандан[79] же: “Мен деле Алла түшүргөндөй нерсени жакында түшүрөмүн”, – дегенден да адашкан адам барбы? Эгер сен (бул) заалымдарды өлүм алдында жан талашуусун көрсөң (өлүм) периштелер аларга кол созушуп: “Жаныңарды чыгаргыла! Силердин акыңар жок болуп туруп Аллага жалган айтканыңар жана анын айаттарына текеберденгениңер үчүн бүгүн силерге кордоочу азап болот!” – дешет.
94.   Силер бизге жалгыз-жалгыз[80], силерди алгач ирет жараткан өңдүү болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарын[81] артыңарга калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Кудайга) шерик кылып ойлоп жүргөн колдоочуңарды силер менен бирге көрө албайбыз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлоп[82] жүргөн нерселер силерден жоголгон.
95.   Акыйкатта, Алла урукту жана данекти жарып - өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушуларды Алла жасоочу. Анан кантип артка буруласыңар?[83]
96.   Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары Ызааттуу, Билүүчүнүн өлчөп койгондору.
97.   Ал силердин кургакта жана деңизде жол табууңарга силер үчүн жылдыздарды жаратты. Биз айаттарыбызды ой жүгүрткөн коомдор үчүн мына ушинтип байандадык.
98.   Ал силерди бир жандан[84] жаратты. (Силер үчүн жатынды) орун жана (атаңардын белин) жай[85](кылды). Чынында түшүнгөн коом үчүн айаттарыбызды байандадык.
99.   Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн бардык нерсени чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана (жалбырактарды) окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүмзарларды, зейтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карачы?! Акыйкатта, мунун баарында ыймандуулар үчүн белгилер бар.
100.    Аларды Ал (Алла) жараткан болсо да, алар Аллага жинди тең кылышат[86]. Алар (мушриктер) түркөйлүк менен Ага (Аллага) «уулдарды» жана «кыздарды» таңуулашат. Алар сапаттап жаткан нерселерден (Алла) Аруу жана Жогору.
101.    (Ал) Асман менен Жердин жаратуучусу. Анын жары (жубайы) жок. Анан кайдан Анын баласы болсун?! Ал баарын жараткан жана бардык нерселерди Билүүчү!
102.    Бул Алла силердин Эгеңер. Андан башка кудай жок. Бардык нерселерди Жаратуучу! Ага гана табынгыла! Ал бардык нерсени Сактоочу!
103.    Аны көздөр[87] көрө албайт. А, Ал болсо бардык көздөрдү[88] көрүп турат. Ал Жумшак[89] жана Кабардар!
104.    Акыйкатта силердин Эгеңерден далилдер келди. Ким (акыйкатты) көрсө (анан ишенсе), ал өзү үчүн. Ал эми ким сокур болуп, (адашса), ал өзүнө зыйан. Мен[90] силерге көзөмөлчү эмесмин. Алар: «Сен окуп, үйрөнгөнсүң», – деп айтпоолору жана түшүнө турган элге түшүндүрүүбүз үчүн,
105.    Биз Өзүбүздүн айаттарыбызды ушинтип байандайбыз.
106.    Сен Эгеңден келген (жашыруун) кабарларга гана эрчи! Андан башка кудай жок жана мушриктерден жүз үйүр!
107.    Эгер Алла кааласа, алар Аллага шерик кошо алмак эмес. Бирок, Биз сени аларга көзөмөлчү кылган эмеспиз жана сен аларга өкүл[91] дагы эмессиң.
108.    Алладан башкаларга сыйынып жаткандарды тилдебе! Анткени алар да душмандык кылып, билбестиктен Алланы тилдеп койушат. Анан алардын Эгесине кайтуу бар жана Ал аларга жасаган иштеринин кабарын берет.
109.    Алар эгер айат келсе: «Сөзсүз ишенээр элек» – дешип, Алланын аты менен ант ичишет. (Аларга:) «Албетте, айаттар Алланын алдында. Бирок айаттар келгенде да алардын ишенбей койуусун силер билбейсиңер!» – деп айт.
110.    Биз алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн оодарып салганбыз. Анткени, алар алгачкы эле жолу ишенишкен эмес. Биз аларды өздөрүнүн адашуусунда экиленип жүрө турсун деп, жайына койобуз.

8-бөлүм
111.       Эгерде Биз аларга периштелерди жөнөтсөк, алар менен өлүктөр (тирилтилип) сүйлөшсө жана алардын алдына Биз бардык кереметтерибизди чогултсак да, Алланын каалаганынан башка алар баары бир ишенишпейт. Бирок наадандардын көпчүлүгү муну түшүнүшпөйт.
112.       Биз ар бир элчиге адамдардан жана жиндерден шайтан душмандарды, бири бирине сөз кооздоп, азгырсын үчүн жасадык. А. Эгер Эгең кааласа алар мындай кылышмак эмес. Аларды жана алардын ойлоп чыгарышкан жалганын жөн кой!
113.       Акыретке ишенбегендердин жүрөгү ага тартылуусу, алардын ыраазы болуусу жана жасаган нерселерин жасап жүрө берүүлөрү үчүн...
114.       Мен бул Китепти ачык байандап, силерге жөнөткөн соң, Алладан башка бир өкүм кылуучуну издейминби? А, бул Китеп берилгендер анын Эгеңден чындык менен жөнөтүлгөндүгүнө ишенишет. Демек сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!
115.       Сенин Эгеңдин Сөздөрү чындык жана адилеттүүлүк менен бүттү. Анын Сөздөрү өзгөртүлүүгө мүмкүн эмес. Ал – Угуучу, Көрүүчү!
116.       Эгер сен Жер үстүндөгүлөрдүн көбүнүн сөздөрүн уга берсең, алар сени Алланын Жолунан адаштырышат. Албетте алар өздөрүнүн гана күмөндөрүнө ээрчишет. Алар болгону жалганды гана чыгарышат.
117.       Албетте, сенин Эгең, Өзүнүн Жолунан адашып бараткандарды да, Туура Жолдо бараткандарды да билет.
118.       Эгер Анын айаттарына ишенсеңер, анда Алланын аты аталгандарды гана жегиле![92]
119.       Алланын аты аталгандарды жебегидей силерге эмне болду? Анткени аргасыз болгон абалда, Ал силерге эмнелерди жешке тыйу салынганын ажыратып койгон. Көптөрү каалоолоруна азгырышып, илимсиздиктен башкаларды да Жолдон адаштырышат. Акыйкатта,Эгең чектен ашкандарды жакшы билет.
120.       Ачык да, жашыруун да күнөөлөрдү таштагыла! Албетте күнөө кылгандар ошол кылган күнөөсүнө жараша жазаланат.
121.       Алланын аты аталбагандарды жебегиле! Алар ыплас. Албетте шайтандар өз тарапкерлерин силер менен жаңжалдашууга азгырат. Эгер аларга баш ийсеңер, анда албетте мушриктерден болосуңар!
122.       Өлүк болгон кезинде, Биз аны тирилттик жана адамдар арасында жүрө турган бир нур бердик. Караңгылыкта жүргөн жана андан чыга албаган бирөө сымал. Ошондой эле каапырларга да өздөрүнүн иштери кооз көрүнөт.
123.       Ушинтип, Биз ар бир айылда амалкөйлүк кылуулары үчүн бузгунчулардын башчыларын жараттык. Бирок, алар өздөрүн өздөрү алдашат да, өздөрү муну сезишпейт.
124.       Аларга айаттарыбыз келгенде: «Алланын элчилерине берилгендер бизге да берилмейинче, эч качан ишенбейбиз», – дешет. Алла Өз элчилигин кимге тапшырууну жакшы билет. Күнөө кылгандар Алланын алдында кор. Айлакерликтери үчүн Алладан катуу азапка дуушар болушат.
125.      Алла кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн исламга ачып коет. Ал эми кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн көккө көтөрүлүп бараткан адамдыкындай кылып кысылтып салат. Алла ишенгиси келбегендерди дал ушинтип жазалайт.
126.   Бул жол сенин Эгеңдин туура жолу. Чынында, Биздин айаттарыбыздан насаат алууну каалаган коомго ачык байандадык.   
127.   Алар үчүн тынчтык журту Эгесинин алдында. Алардын кылгандары үчүн – Ал   алардын кам көрүүчүсү.
128.   Ал баарын жыйган Күнү (мындай дейт): “Эй жиндердин тобу! Силер өз айланаңарга көптөгөн элди топтодуңар.” А алардын адамдардан болгон достору: “Эгебиз!  Биз бири бирибизди пайдаландык. Бирок, азыр бизге Өзүң белгилеп койгон мөөнөт жетип келди”, – дешет. (Ал айтат): “Силердин ордуңар тозок. Эгерде Алла башканы каалабаса, силер анда түбөлүккө каласыңар”. Акыйкатта, сенин Эгең Даанышман, Билүүчү!
129.   Ушинтип, Биз заалимдерди алардын кылган иштери үчүн бир бирине достоштурабыз.
130.   “Эй жиндердин жана адамдардын топтору!  Чын эле силерге Менин айаттарым жана ушул Күн тууралуу айтып эскерткен силердин өзүңөрдүн араңардан элчилер келген жок беле?” Алар: “Биз өзүбүзгө өзүбүз каршы күбөлүк беребиз”, - дешет. Бул дүйнөнүн жашоосу аларды азгырып кеткен. Өздөрүнүн каапыр болгондуктары тууралуу  өздөрүнө каршы күбөлүк беришет.
131.   Эгең анын жашоочуларын эскертпей туруп, адилетсиз түрдө (бир да) калааны[93] жок кылып салбайт.
132.   Ар бирин амалдарына жараша даражаларга коет. Эгең алардын кылып жаткан иштерин көңүл буруусуз калтырбайт.
133.   Эгең - бай, мээримдүүлүк ээси. Эгер Ал кааласа силерди жок кылат да, силерди башка коомдун урпагынан жараткандай эле, силерден кийин каалаганын алмаштырат. силерди башкалар менен алмаштырат. 
134.   Акыйкатта силерге убада кылынгандар[94] сөзсүз келүүчү. Силер эч нерсе кыла албайсыңар.
135.   Айт: “Эй менин элим! Каалаганыңарды кыла бергиле. Мен дагы кылам. Жакын арада силер жайдын[95] акыбетин билесиңер. Заалимдер[96] эч качан ийгиликке жета алышпайт”.
136.   Алар Алла үчүн Ал жараткан эгин-тегин жана малдарынан үлүш дайардашты жана мындай дешти: “Бул Алла үчүн, а бул – биздин кудайлар үчүн,” – деп эсептешти. Бирок, алардын кудайлары үчүн арналгандары Аллага жетпейт, а Алла үчүн арналгандар алардын кудайларына жетет. Алардын кылган өкүмдөрү кандай жаман.
137.   Алардын кудайлары мушриктерге аларды кыйроого алып баруу жана алардын динин чаташтыруу үчүн өз балдарын өлтүрүүнү кооз кылып көрсөттү. Эгер Алла кааласа, алар мындай кылышпас эле. Аларды жана алардын ойлоп тапкан жалгандарын жөн койо тур!
138.   Алар (айтты:) “Бул малдар жана талаа арам. Биз каалагандардан башка эч ким алардан тамактанбоосу керек. Жону[97] арам кылынган да малдар бар. Алланын аты[98] айтылбай турган да малдар бар”. Мунусу жалган. Жалаа жапканы үчүн жакында (Алла) алардын жазасын берет.
139.   Алар[99]: “Бул малдын курсагындагылар эркектерибиз үчүн адал, айалдарыбыз үчүн арам, а эгерде өлүк туулса, анда бул баарыбыз үчүн” – дешти. Ал алардын бул жалган сөздөрү үчүн жазасын берет. Акыйкатта, Ал Даанышман жана Билүүчү!
140.   Түшүнбөстүктөн наадандык кылып, балдарын өлтүргөндөр зыйанга учурады. (Алар) Аллага жалаа жабышып, Алла ырыскы кылып аларга бергендерди арам дешти. Алар түз жолдон тайышты, Туура Жолдо болушпады.
141.   Ал жөлөтүлгөн жана жөлөтүлбөгөн бактарды, курма дарактарын, түрдүү даамдары  бар  эгиндерди, зайтунду жана анарды, окшош[100] жана окшош эместерди[101]  өстүргөн. Качан алар түшүм бергенде, алардан жегиле. Бирок, түшүм жыйноо учурунда анын бөлүгүнөн  алууга акысы барларга бергиле[102]. Ысырап кылбагыла. Ал ысырап[103] кылуучуларды сүйбөйт.      
142.   Ал малдардын бир бөлүгүн оор жүктөрдү ташуу үчүн, калганын майда жандык кылды. Алланын силерге дайардап бергенинен жегиле! Шайтандын жолдору менен жүрбөгүлө. Акыйкатта, шайтан силерге анык душман.
143.   (Ал силер үчүн бул малдардан) сегиз жуп жаратты, эки жуп кой жана эки жуп эчки. Эми айт: “Ал силерге эки эркегин тыйуу салдыбы, же эки ургаачысынбы? Ага эки ургаачысынын курсагындагылар да кошулабы? Эгер чынчыл болсоңор билип жооп бергиле”.
144.   Эки жуп төөдөн жана эки жуп уйдан. (Аларга) айт: “Алардын эки эркегин (арам кылдыбы), же эки ургаачысынбы? Ага эки ургаачысынын курсагындагылары да кошулабы? Же силер Алла буларды буйурганда күбө болуп турдуңар беле? Билбесе да адамдарды адаштыруу үчүн Аллага жалаа жапкандан ашкан заалым ким? Акыйкатта, Алла заалым коомду туура жолго салбайт.
145.   “Мага билдирилгендерден мен тамак үчүн: өлгөн малдын эти, кан жана чочконун этинен башка арам кылынган нерсени таппадым, анткени булар чынында эле ыплас жана булганыч жана Алладан башканын аты аталгандары (сойулгандар дагы)” – деп айт. Ким аларга умтулбай жана Алланын тыйууларын бузууну каалабай, бирок аргасыз болуп калса[104], анда Эгең Кечиримдүү жана Мээримдүү.
146.   Биз иудейлер үчүн бардык ача туйактуу эместерди; уйлар менен койлордун майларын; алардын жонундагы, ичиндеги жана сөөгүндөгү майларынан башкаларын (жешке) тыйуу салдык. Бул алардын чектен чыгуулары үчүн болгон жаза. Анткени Биз чындыкты айтуучубуз.
147.   Алар сени жалганга чыгарышса айткын: “Эгеңер мээримдүүлүктүн ээси, бирок Анын жазасы күнөөлүү элден кайтарылбайт”.
148.   Аллага шерик кошкондор: “Эгер Алла кааласа, биз да, аталарыбыз да шерик кошпойт элек жана эч кандай тыйуу салуулар болбойт эле”, – дешет. Биздин жазабызды татыганча, аларга чейинкилер да мына ушинтип жалганга чыгарышкан. “Эгерде ал жөнүндө силерде илим болсо, аны бизге көргөзгүлө. Божомолдоолорду гана ээрчийсиңер. Силер жалганчысыңар”
149.   Аллада жетиштүү далилдер бар.  Эгерде Ал кылууну кааласа, анда барыңарды туура жолдо алып барар эле.
150.   Айт[105]: “Алла буларды тыйуу салган деп күбөлүк бере турган күбөлөрүңөрдү алып келгиле”! Эгер алар күбөлүк беришсе да, сен алар менен бирге күбөлүк бербе! Биздин айаттарыбызды жалганга чыгарып, акыретке ишенбегендердин жана Эгесине шерик кошкондордун каалоолоруна ээрчибе!
151.   Айт: “Келгиле, мен силерге Эгеңердин арам кылганын окуйун: “Ага шерик кошпогула; ата-энеңерди урматтагыла; кедейчилик себептүү өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, Биз аларды да, силерди да ырыскыландырабыз; ачык да, жашыруун да бузукулук[106] иштерге жакындабагыла; Алла (өлтүрүүнү) тыйуу салган жанды[107], өлтүрбөгүлө! Силер ойлонууңар үчүн, Ал силерге мына ушуларды насаат кылат”.
152.   Жашы жетилгенге чейин, жашоосун оңдоо үчүн гана болбосо, жетимдин мал мүлкүнө жакындабагыла. Чен өлчөмдү жана таразаны туура алгыла! Биз жанга ал көтөрө алчудан артыкты жүктөбөйбүз. Жакындарыңар болсо да адилдикти айткыла! Алланын алдындагы милдетиңерди аткаргыла. Силер эстеп турууңар үчүн, Алла ушуну насаат кылат!
153.   Ырасында, бул Менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө; башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Силер такыба болууңар үчүн, Ал силерге ушуну насаат кылат.
154.   Андан соң, Биз Мусага жакшылыктарды толук орундатканга, ар бир нерсени байан кылуу үчүн, туура жол көрсөтүү жана ырайымы үчүн Китеп бердик. Мүмкүн алар Эгесине жолугарына ыйман келтиришээр.
155.   Бул Биз түшүргөн куттуу Китеп[108]. Аны ээрчигиле жана такыба болгула. Мүмкүн Мээримге бөлөнөөрсүңөр.
156.   “Акыйкатта, бизге чейинки эки элге[109] гана Китеп түшүрүлгөн, биз болсо аны кандай түшүнүүнү билген эмеспиз”, – деп силер айтпооңор үчүн;
157.    Же болбосо: “Эгер бизге Китеп  түшүрүлгөндө, биз алардан да туурараак жол менен барар элек деп айтпооңор үчүн (түшүрдүк).  Азыр силерге Эгеңерден ачык-айкын айаттар, туура жолду көргөзүүчү жана мээримдүүлүк келди. Алланын айаттарын жалганга чыгаргандан, андан жүз үйрүгөндөн өткөн заалымыраак ким бар? Айаттарыбыздан баш тарткандарды баш тартуулары себептүү жаман азап менен азаптайбыз!
158.   Алар өздөрүнө периштелер келерин, Эгеңдин буйругу, же Эгеңден кай бир белгилердин келерин гана күтүшөбү? Эгеңден белгилердин кээ бири келген күнү, мурда ыйман келтирбеген, же ыйманы бойунча жакшылыктарды өзүнө таап албаган бирөөнүн ишеними[110] анын жанына эч пайда бербейт. “Күткүлө, биз да күтөлү”, – деп айт.
159.   Өздөрүнүн дининде бөлүнүп жарылып, топторго айрылгандарга сенин тиешең жок. Акыйкатта, алар жөнүндө Алла чечим кылат. Ошондо Ал силер эмне кылганыңардан кабар берет.
160.    Ким бир жакшылык кылса, ага андайдан он эсе бар. Ким бир жамандык кылса, ага ошондой гана жаза берилет. Алар зулум кылынбайт. 
161.   Акыйкатта, Эгем мени туура жолго, Ибрахимдин таза, түз динине салды. Ал шерик кошуучулардан[111] болгон эмес.        
162.   “Менин намазым да, курбандыгым да, жашоом да, өлүмүм да ааламдардын Эгеси Алла үчүн[112] – деп айт.
163.   Анын[113] шериги жок. Бул мага буйрук кылынган жана мен Ага баш ийгендердин биринчисимин.”
164.   Айт: “Ал бардык нерсенин Эгеси болгон соң, мен Алладан башка бирөөнү издейинби? Ар бир жандын кылганы өзүнө. Эч ким башка бирөөнүн жүгүн[114] көтөрбөйт. Андан соң Эгеңерге кайтуу бар. Ошондо Ал өз ара талашканыңар тууралуу силерге билдирет”.
165.   Ал силерди жер үстүнө орун басар кылган. Силерди берген нерселери менен силерди сыноо үчүн даражаларда бириңерди бириңерден жогору көтөрдү. Акыйкатта, Эгең жаза берүүдө өтө тез. Албетте Ал Кечирүүчү жана Мээримдүү!







[1] /й жаныбарлары
[2] Алла Таала бул айатта жаратканга болгон мамилени пенделерине көрсөтүп жатат.
[3] Жалгыз Алланы гана даңазалап, ага гана сыйынышпайт.
[4] Өлүм мөөнөтүн.
[5] Өлгөндөн кийин экинчи ирет тирилүү мөөнөтү качан болору да Алланын өзүнө маалым.
[6] Мекке каапырлары.
[7] Кыйамат Күнү, Акырет жашоосу, Каапырлардын зыйанга учуроосу жана акыры барып тозокко түшүүсү тууралуу.
[8] Адамзат тарыхынан белгилүү болгондой, байыркы падышалыктар менен цивилизацийалардын көпчүлүгү материалдык өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жетип, байлыктары ашып түшкөн кездерде адамдардын адеп-ахлактары, ыйманы төмөндөп, же жок болуп бузулууга бет алган. Андан соң Алланын буйругу менен ойрон кылынган.
[9] Каапырлар.
[10] Пергамент.
[11] Анткени бул дагы да шектүү болмок.
[12] Далил болуп.
[13] Алардын каапырлыктары себептүү жана башка да күнөөлөрү үчүн дароо эле кыйратууга периште же периштелер жөнөтүлмөк жана буйрук кечиктирилбестен орундалмак!
[14] Алардын көзүнө көргөзүү үчүн. Эгер периште адам кебетесинде аларга келсе, алар: “Бул кадимки биздей эле адам турбайбы?”, – деп ага да ишенмек эмес.
[15] Пенделерине мээрим кылууну тагдырда белгилеп койгон. Хадис кудсийде Алла Таала: “Менин мээримим Менин каарыман ашыкча”, – деп айткан.
[16] Ыймансыздар.
[17] Эй, Мухаммед!
[18] Буйругун аткарбай койсом.
[19] Мындай оор жалганды кубаттап.
[20] Жараткан.
[21] Мухаммедди, анткени алардын китебинде Мухаммед пайгамбардын сыпаттары толук жазылган.
[22] Алла айтпаганды айтты, – деп.
[23] Куран.
[24] Тирилүү.
[25] Алла.
[26] Адашкандар.
[27] Пайгамбарлар.
[28] баштаар.
[29] Алардын баары силер өңдүү эле жаралат жана ырыскы берилет.
[30] Лавх-Махфууз – тагдыр жазылган тактай.
[31] Бардык жан-жаныбарлар жана адамдар.
[32] Зыйандан, ж.б.у.с.
[33] Качан адам пендесинин башына кандайдыр бир зор коркунуч, же балээ жеткенде, же өлүм келип алкымдап турган чакта өзүнүн Кудайга ишенбеген каапыр болгонуна карабастан, же Аллага шерик кошуп жүргөн бутпарас экенине карабастан пенде акыйкатты таанып, мойнуна алууга аргасыз болот. Ошондо ал мүмкүн Кудайдан жардам да сурап жиберет. Демек, пенде акыйкаттыка бетме-бет кездешет...
[34] Пайгамбар аркылуу.
[35] Бул дүйнөдөгү азгырык, байлык, мансап топтоо, көңүл ачуу, ойун-күлкү ж.б.у.с. нерселерди.
[36] Кыйратылды. Нух, Худ, Лут, Салих пайгамбарлардын коомдору, Фараон жана анын аскерлери ж.б.у.с. тыптыйпыл жок болду.
[37] Бейиш бар экенин.
[38] Тозок бар экенин.
[39] Периште да эмесмин.
[40] Алланын буйрук-көрсөтмөлөрүнө гана ээрчиймин.
[41] Алардын жаңылыштыгы эмнеде жана кандай экенин
[42] Меккенин көп кудайчылары Мухаммед (а.с.)га келишип: «Биз сенин диниңе сыйыналы, сен да биздин кудайларыбызга сыйын», –деген өңдүү сөздөрдү айтып, үгүттөшкөн.
[43] Өнүп, же өсүп турганы, кургаганы да; тирүүсү да, өлгөнү да…
[44] Тагдыр жазылган китепте
[45] Уйку өлүмдүн бир түрү. Уйкуда адам эч нерсени сезбйет. Акыл-ой жүгүртүүсү такыр токтойт.
[46] тирилтет
[47] жакшы-жаман иштерин жазып турган периштелер
[48] жан алгыч периштелер
[49] буйрукту кемчиликке учуратпай, так аткарышат.
[50] Алла Тааланын
[51] асмандан келе турган
[52] Жерден келе турган
[53] Куран
[54] Ошонун ичинде силерге дайардалган азап бар.
[55] Куранды шылдыңдап, Кудайга шерик туткандар
[56] каапырлар
[57] шылдыңдоодон
[58] Момундар.
[59] Жайына кой.
[60] Напсиси.
[61] Болгон байлыгын пара кылып берсе да.
[62] Кыйамат күндө.
[63] Азар Сөлөкөттөргө (идол), жасалма, жалган кудайларга табынган бутпарас болгон. Ал ошондой эле Сөлөкөттөргө өз колу менен жасаган уста да болгон. Анын жасаган Сөлөкөттөргө булпарастар сыйынуу жайына койушкан. 
[64] Алла Таала Ибрахимге башкалар көрбөгөндү көргөздү
[65] жалган кудайлардан
[66] кимибиз тынчтыкта болобуз
[67] башка пайгамбарлардан
[68] Куран, туура дин жана Мухаммед (а.с.)
[69] жогоруда айтылып өткөндөй жакшылыктарды.
[70] Жогорудагы айатта байан кылынган пайгамбарлар.
[71] Куран.
[72] Жин жана инсан тайпасына; жалпы коомго.
[73] Алар андагы көптөгөн мыйзамдарды жана кабарларды атайлап жашырып, натыйжада китептери көптөгөн өзгөрүүлөргө учураган.
[74] Иудейлер жана христиандар.
[75] Тоораттагы бүдөмүк нерселерди Курандан анык билдиңер.
[76] Мурунку китептерди.
[77] Ыйык Мекке тургундарын.
[78] Куранга.
[79] Өзүн өзү пайгамбармын деп жарыйалаган жалганчы Мусайлама сыйактуу.
[80] Мал мүлкү, үй бүлөсү, баласы жок.
[81] Байлык, мал мүлк, үй бүлө ж. б. у. с.
[82] Кудай деп.
[83] Анан кантип ыймандан баш тартасыңар.
[84] Адам атадан
[85] Тафсирлерде бул айат тууралуу эркектин бели жана айалдын курсагы(жатыны) деген пикирлер бар
[86] Адашкан, караңгы пенделер жиндерге да Алланын сыпаттарын берүүгө аракеттенишет. Алар адам баласы жиндерден да, периштелерден да жогору даражада турараарын билишпет.
[87] Көзү бар жандар
[88] кыбыр эткен жанды
[89] пенделерине мамилеси жумшак
[90] Мухаммед (а.с.)
[91] кожойун
[92] Малды мууздоо алдында: «Бисмиллаахи, Аллаху Акбар», –деп айтат. Демек мууздалган мал Аллага гана арналууга тийиш.
[93] Кыштактарды эли менен.
[94] Кыйамат Күнү, азам
[95] Акыретте ким туура, ким туура эмес
[96] каапырлар
[97] Жүк артууга же минүүгө тыйуу салып алышкан.
[98] Мууздаган кезде Алланын атын атабай, буддардын аттарын аташат
[99] мушриктер
[100] жалбырактары
[101] даамдары
[102] Ислам шариатында мөмө-жемиштердин, эгиндердин түшкөн түшүмдүн ондон бири бей-бечаранын акысы болуп, ар бир дыйкан түшүм жыйнаган соң аталган өлчөмдү жакырларга берүүгө милдеттүү. М: миң кадак буудай өндүрсө, андан жүз кадагын берүүгө тийиш.
[103] Коромжу.
[104] Жегенге башка эч нерсе жок болуп, ачкадан өлүүгө туура келсе, өзөк жалгар кылып, арам эттен азыраак өлчөмдө жегенге шариат уруксат берет.
[105] Эй, Мухаммед!
[106] Көңүлдөштүккө барбагыла.
[107] Шариат мыйзамы бойунча өлүм жазасына тартылгандан башкаларын.
[108] Куран.
[109] Иудейлер менен христиандарга.
[110] Ыйман келтириши.
[111] Мушрик болгон эмес
[112] Ар бир пенденин кылган ибадаттары жалгыз Аллага гана тиешелүү. Заариат сүрөсүнүн 56-айатын караныз.
[113] Алланын
[114] күнөөсүн.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder