24.02.2014

7 A'RÂF SÛRESİ

7 – сүрө «Арааф[1]»
                  Меккеде түшкөн, 206 аяттан турат
                      Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.                 Алиф, лам, мим, сад[2].
2.                 Бул – сага түшүрүлгөн Китеп, андыктан көңүлүңдө кысылуу болбосун. Бул[3] аркылуу [4]эскертүүң жана момундарга насаат үчүн (түшүрүлдү).
3.                 Эгеңерден силерге түшүрүлгөнгө моюн сунгула да, Андан өзгөнү дос тутуп, ээрчибегиле! Силер аз гана насаат аласыңар[5].
4.                 Канчалаган кыштактарды жок кылдык, аларга азабыбыз түндөсү жана түшкү тыныгуу учурунда келди.
5.                 Аларга азабыбыз келген кезде: “Биз чындыгында заалымдардан болдук”, – деген гана сөздү айтышты.
6.                 Өздөрүнө элчи жиберилгендерди суракка тартабыз жана элчилерди да суракка алабыз.
7.                 Аларга толук билим менен баян кылабыз.  Биз аларга жашыруун эмеспиз[6].
8.                 Ал Күнкү таразалоо – чындык. Кимдин таразасы оор болсо[7], мына ошолор – (азаптан) кутулуучулар.
9.                 Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо, демек, алар – өздөрүнө зыян алып келишти. Анткени, алар Биздин аяттарды ар дайым жокко чыгарышчу.
10.            Биз силерге жердеги бийликти, кадыр-барк жана (жашоо үчүн зарыл болгон) каражаттарды бердик. Силер өтө эле аз шүгүр кыласыңар.
11.            Биз силерди жаратып, жакшы келбет берип,  периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Периштелер баарысы сежде кылып, бир гана Иблис сежде кылуучулардан болгон жок.
12.            (Алла:) “Сага[8] Мен[9] буйрук кылганда, сени сежде кылуудан эмне тосту”, – деди.  Ал: “Мен андан[10] мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың” – деди.
13.            (Алла:) “Анда, андан[11] түш! Сенин текеберленгениң дурус эмес. Чык (Бейиштен)! Сен кор болуучулардансың”, – деди.
14.            (Иблис:) “Кайра тирилүүчү Күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.
15.            (Алла:) “Ырасында мөөнөт берилгендерденсиң”, – деди.
16.            (Иблис:) “Мени кууп жибергениң[12] үчүн мен да аларга[13] каршы Сенин Туура Жолуңда олтуруп аламын.
17.            Анан аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың”, – деди.
18.            (Алла:) “Кордолуп, куулган абалда ал жерден чык! Алардан ким сени ээрчисе, силердин баарыңар менен Тозокту толтурамын”,-деди.
19.            Эй, Адам! Сен жубайың менен Бейиштен орун  алгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, ушул даракка гана жолобогула[14], (эгер жолосоңор) – заалымдардан[15] болосуңар”,–дедик.
20.            Ошондо Шайтан ал экөөнүн уяттуу жерлерин ачуу үчүн азгырды да: “Эгеңер силерди ушул дарактан[16], экөөң периште болуп, же түбөлүккө (Бейиште) калып кетишет деп, тыюу салган[17].
21.            Чынында мен экөөңөргө насаатчыларданмын”, – деп ант ичти.
22.            Ошентип ал экөөн азгырды. Ошондо экөө дарактан[18] даам татып,  уяттуу жерлери ачылып калды. Экөөсү Бейиш жалбырактарынан үстүлөрүнө жамына башташты. Эгелери экөөсүнө: “Экөөңөрдү ушул дарактан тосподум беле?! Шайтан – силерге ачык душман экенин айткан элем го!” – деп айтты.
23.            “О, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, – албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!” –деп айтышты[19].
24.            (Алла:) “Бейиштен бири бириңерге[20] душман болуп түшкүлө. Силерге Жерде белгилүү мөөнөткө чейин жашоону жана пайдаланууну (буйрудук),
25.            Ал жерде төрөлүп, ошол жерде өлүп, андан кайра[21] чыгарыласыңар”,-деди.
26.            Эй, Адамдын[22] урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими[23] – эң жакшы (кийим). Бул –  Алланын белгилеринен. Мүмкүн түшүнөрсүңөр!
27.            Эй, Адам баласы! Шайтан  ата-энеңердин[24] уяттуу жерлерин көрсөтүү үчүн кийимдерин чечип, Бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да азгырбасын! Ал жана анын тарапкерлери[25], силер аларды көрө албаган тараптан көрө алышат. Биз шайтандарды ыйман келтирбегердерге[26] дос кылып койдук.
28.            Алар бузукулук кылышкан кезде: “Аталарыбызды ушул жолдо таптык. Муну бизге Алла буюрган”, – дешет[27]. (Эй, Мухаммед): “Чындыгында Алла бузукулукка буюрбайт. Билбеген нерсеңерди Алланын атынан айтпагыла!” – деп айткын.
29.            “Эгем адилеттүүлүккө буйруйт. Ар бир мечиттин алдында[28] жүзүңөрдү  кыбылага түздөп, диниңерди Аллага берилип, Андан[29] тилегиле!  Силерди оболку жаратканындай[30], Ага[31] кайтасыңар.
30.            Бир тайпа Туура Жолго түшүп, бир тайпа адашууга татыктуу болду. Чындыгында, алар[32] Алланын ордуна шайтандарды дос тутуп, бирок өздөрүн туура жолдобуз деп эсептешет.
31.            Эй, Адамдын урпактары! Ибадатка[33] эң мыкты кийимиңерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Алла ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.
32.            [34]“Алла өз пенделерине чыгарган[35] Алланын кооз нерселерин (кийимдерин) жана  Ал берген жакшы насиптерди (ырыскыларды) силерге ким арам кылды?” – деп айткын.  “Бул жакшы нерселер, чындыгында, бул дүйнөдө ыйман келтиргендер үчүн (гана жаратылган, бирок башкалар да андан пайдаланышат). Акыретте болсо бул момундарга гана таандык” – деп айт.  Билген коомго Биз аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
33.            “Акыйкатта, Эгебиз ачык жана купуя ыпластыктарды (жасоону), каапырлыкты, адилетсиздикти, Аллага  Ал Өзү эч бир белги түшүрбөгөн шериктерди кошууну жана Алла тууралуу өзүңөр билбеген (жалганды) айтууну  арам кылды”, – дегин.
34.            Ар бир коомдун        белгилүү бир мерчеми[36] бар. Алар  ошол мерчем келген кезде бир саамга да кечиктирилбейт жана тездетилбейт.
35.            Эй, Адам перзенттери!  Эгер силерге өз ичиңерден Менин аяттарымды түшүндүрүп берүүчү элчи келсе, ошондо кимдер  такыба болуп, өзүн оңдосо, ошолорго (Кыяматта) коркунуч да, кайгы да болбойт.
36.            Аяттарыбызды четке кагып, каршы чыккандар  – текеберлер, ошолор ­ – Тозок ээлери[37]. Ал жерде алар түбөлүккө калышат.
37.            Алланын аяттарын четке каккан жана Ал тууралуу жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар?! (Бирок) алар Китепте жазылган үлүштөрүн[38] алышат. Анан[39] Биздин элчилер[40] алардын жанын алуу үчүн келишип: “Алланы коюп, башкага сыйынган нерселериңер[41] кана?” – дегенде: “Алар бизди таштап кетти”, –деп өздөрүнүн каапырлыгын моюндарына алышат.
38.            Ал[42]: “Силерден мурда өткөн адамдардын[43] жана жиндердин коомунун катарында – Тозокко киргиле!” – дейт. Ар бир тайпа тозокко кирген учурда бири-бирине[44] наалат айта башташат. Ошондо алар тозокко жыйналышканда акыркылар[45] алгачкыларга[46] айтышат: “Оо, Эгебиз! Тигилер[47] бизди азгырышкан. Ошолорго эки эсе азап бер!”  Алла: “Баарыңарга эки эседен. Бирок силер билбейсиңер!” – дейт.
39.            Ошондой эле, алгачкылар кийинкилерге[48]: “Силердин бизден эч кандай артыкчылыгыңар жок”, –дешет. “Эми кылган ишиңердин азабын таткыла”, –(дейт, Алла).
40.            Чындыгында, ким Биздин аяттарды четке какса, текебер болсо, аларга асмандардын дарбазалары ачылбайт жана төө ийненин көзүнөн өткөнгө чейин[49] Бейишке киришпейт. Күнөөкөрлөрдү ушундай жазалайбыз.
41.            Тозок алардын төшөнчүсү да, жамынчысы да болот.  Заалымдардын жазасын ушунтип беребиз.
42.            Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар – Бейиш эли жана алар ал жерде түбөлүккө калышат. Биз ар бир  жанга ал көтөрө албаганды[50]  жүктөбөйбүз.
43.            Алардын жүрөктөрүндөгү кайгыларды Биз алып салабыз. Алардын алдынан дарыялар агып турат жана алар: “Бардык мактоо бизди туура жолго салган Аллага болсун! Эгер Алла бизди туура жолго салбаганда, туура жолду таба албайт элек. Акыйкатта, Эгебиздин элчилери чындыкты айтышкан”, – дешет. Анан аларга: “Мына, Бейиш бактары! Силер өзүңөр жасаган иштериңер үчүн ушунун мураскору болдуңар”, – деген үн чыгат.
44.            Бейиш эли  Тозок элине кайрылып: “Эгебиз, бизге убада кылгандарын биз чындык деп, кабыл алдык. Силер да Эгеңердин убадасынын чындык экенине ишендиңерби?” – деп сурашат. Алар[51]: “Ооба”, – дешет. Ошондо алардын арасынан бирөө: “Алланын каргышы – заалымдарга[52]!” – деп, жар салат.
45.            Алар Алланын жолунан (адамдарды) тосуп, ал жолду бурмалагандар  Акыретке да ишенишпейт.
46.            Алардын ортосунда тосмо дубал бар. “Арааф”[53] –тосмонун өйдө жагында баарын белгилеринен тааныган адамдар бар. Алар бейиш ээлерине[54]: “Силерге Алланын тынчтыгы болсун!” – деп үн салат. Алар[55] – али Бейишке киришкен эмес. Бирок үмүт кылып[56] тургандар.
47.            Качан алардын көздөрү Тозок жакка бурулган кезде: “Оо, Эгебиз!  Бизди заалым-каапыр адамдар менен чогуу кыла көрбө!” – дешет.
48.            Араафтагылар тозоктогуларды белгилеринен таанып: “Силердин текеберлигиңер жана жыйнагандарыңар пайда бербедиби?” – деп кыйкырып сурашат.
49.            (Алла момундарга тозоктогуларды көрсөтүп) аларга[57]: “Алланын ырайымы тийбейт”, деп ант ичпедиңер беле? Бейишке киргиле[58]! Силерге (эми) коркунуч да кайгы да жок,” – делинет.
50.            Тозоктогулар Бейиштегилерге: “Алланын силерге берген сууларынан жана ырыскыларынан бизге да бергилечи” – деп кыйкырышат. Алар: “Ырасында, Алла ал экөөсүн тең каапырларга арам кылган”, – дешет.
51.            Алар – диндерин оюн-зоокко айландырышып, дүйнө жашоосу азгыргандар. Алар ушул күнгө жолугаарын унутуп, аяттарыбызды четке каккандай, эми Биз да аларды унутабыз[59].
52.            Ырасында, Биз ыйман келтирген коом үчүн Туура Жол менен акыйкаттын ичинде бир Китеп (Куранды) түшүрдүк. Ал – [60]айра таанытуучу (Китеп).
53.            Алар[61] анын[62] натыйжасын гана күтүп жатышат. Анын натыйжасы келген (Кыямат) Күнү, аны эстеринен чыгаргандар: “Эгебиздин элчилери чындыкты алып келишкен болчу. Эми бизди колдоочу бар бекен? Же дүйнөгө кайра кайтарылар бекенбиз? Ошондо кылган иштерибизден башкача (жакшы) иштерди  жасамакпыз”, – дешет. Алар өз жандарына өздөрү кыянаттык кылышты.  Аларды өздөрү ойлоп тапкандары[63]  адаштырып, кайгыга салды.
54.            Чындыгында, силердин Эгеңер – Алла! Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, Аршка ээ болду. Бирин-бири кубалап, күндүздү каптаган түндү, күн менен айды жана жылдыздарды Өз амирине багындырды. Акыйкатта, жаратуу жана бийлик жүргүзүү – Ага таандык. Ааламдардын Эгеси Аллага улуктук!
55.            Аллага жалбаруу менен купуя кайрылгыла. Албетте, Ал  чектен ашкан текеберлерди жакшы көрбөйт. 
56.            Жер жүзүндөгү жашоо оңолгон соң бузукулукту таратпагыла жана Ага[64] коркунуч, үмүт менен кайрылгыла[65].  Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Алланын  ырайымы жакын.
57.            Ал (Алла) – Өз ырайымынын жарчысы[66] катары шамалдарды жиберет. Чындыгында, оор булуттарды көтөргөн шамалдарды өлүү чөлкөмдөргө жиберип, ал аркылуу суу түшүрүп[67], тирилтип, түрлүү жемиштерди чыгарабыз. Мына ушундай эле өлүктөрдү[68] да тирилтебиз. Балким, акылыңарга келээрсиңер!
58.            Жакшы жердин өсүмдүктөрү Алланын каалоосу менен чыгат. Кунарсыз жерге болсо аз нерсе чыгат[69]. Шүгүр кылуучу элге аяттарыбызды ушинтип баян кылабыз.
59.            Ырасында, Биз Нухту өз элине пайгамбар кылып жибердик. Ошондо ал: “ О элим!  Аллага ибадат кылгыла. Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Албетте, мен силерге келе турган Улуу Күндүн[70] азабынан коркомун”, – деди.
60.            (Нухтун) элинин башчылары: “Чындыгында, биз сенин катуу адашканыңды көрүп турабыз”, – дешти.
61.            “Эй, элим! Менде эч кандай адашуучулук жок. Мен – ааламдардын Эгеси тараптан (жиберилген) бир элчимин”, – деди.
62.            “Силерге Эгеңер жибергендерди жеткирип, силерди (жакшылыкка) үгүттөймүн. Ошондой эле, Алланын сыпаттарынан[71] силер билбегендерди билем.
63.            Такыба болуп, ырайым кылынууңар үчүн  Эгеңер тараптан өз ичиңерден (тандалып) бир эскертүүчү[72] келип, силерге насаат айтса, ошого таңыркап жатасыңарбы?” 
64.            Ошондо алар аны жалганчыга чыгарышты. Биз (Нухту) жана анын кемесинде болгондорду  куткарып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды сууга чөктүрүп жибердик.
65.            Аад элине өз тууганы Худду жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Коркпойсуңарбы[73]?!” – деди.
66.            Элинин каапырлары: “Сенин акылдан адашканыңды көрүп турабыз. Биз сени жалганчы катары билебиз”, – дешти.
67.            Ал: “Эй, элим! Менде акылдан адашуу жок. Мен – ааламдардын Эгесинен (келген) элчимин[74].
68.            Мен силерге Эгемден (келген) кабарларды жеткиремин. Мен силер үчүн ишеничтүү насаатчымын.
69.            Силер эмнеге өз Эгеңерден өзүңөрдөн чыгарылган эскертүүчү аркылуу кабар келсе таң каласыңар? Эсиңерде болсун: Ал силерди Нухтун коомунан кийин (жердеги) өз орун басары кылды[75] жана силерди күч тарабынан артык кылдык. Алланын жакшылыктарын эстегиле! Мүмкүн кутулаарсыңар!
70.            Алар: “Сен бизди жалгыз гана Аллага ибадат кылып, ата-бабаларыбыз табынгандарды ташташыбыз үчүн келдиңби? Эгер чындыкты айтып жаткан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи, (көрөлү)?!” – дешти.
71.            (Худ:)  “Эгеңердин каары жана азабы силерге жакында түшөт!” Силер жана ата-бабаңар атаган, Алла эч кандай далил жибербеген ысымдар (буддар) тууралуу мени менен талашасыңарбы?!  [76]Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн”, – деди.
72.            Биз аны жана аны менен болгондорду Өзүбүздүн мээрим менен куткарып калдык. Биздин аяттарды жалганга чыгарып, ыйман келтирбегендердин баарын жок кылдык.
73.            Ал эми Самуд элине алардын тууганы Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла!  Силердин Андан башка Кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден өзгөчө керемет келди. Мына, Алланын ингени силер үчүн[77] – бир керемет. Ага тийбегиле, Алланын жеринде оттосун. Ага бир жамандык кылып жүрбөгүлө. Антсеңер, силерди оорутуучу азап алат”, – деди.
74.            Эсиңерде болсун: (Аад элинен)  кийин силерди Алла Өз орун басары кылып, жерден орун берди. Анын (жердин) өрөөндөрүнө хансарайларды куруп, тоолорго үй кургула. Алланын жакшылыгын унутпагыла жана бузуку-ыпластык менен жер бетин булгабагыла!
75.            (Самуд элинин) ак сөөктөрү, ыйман келтирген алсыздардан[78]: “Силер Салих өз Эгесинин пайгамбары экенин билесиңерби?” – деп сурады. Алар: “Чындыгында, биз ал эмне менен[79] жиберилгенине ыйман келтиребиз!” – дешти.
76.            Текебер ак сөөктөр: “Чындыгында, биз силер ыйман келтирген нерсени четке кагабыз!” – дешти.
77.            Алар өз Эгелеринин  буруктарына кулак салышпай,  ингенди  мууздап салышты да: “Эй, Салих! Эгер сен пайгамбар болсоң, кана бизге алып келчи!” – дешти.
78.            Таң эрте менен аларды[80] жер титирөө каптап, өз турактарында бүк түшүп (өлүп) жатышты.
79.            Ошондо Салих алардан баш тартты да: “Эй, элим! Мен Эгемдин эскертүүсүн жеткирип, эскерткен болчумун. Бирок силер ак ниет  насаатчыларды сүйбөйсүңөр”, – деди.
80.            Лут элине айтканын эсте: “Кантип силер мурда жер жүзүндө болбогон ыпластыкты жасайсыңар?
81.            Чындыгында, силер аялдардын ордуна эркектерге кумардануу менен келесиңер. Силер, чындыгында, чектен ашкан коомсуңар”,– деди.
82.            Бирок анын элинин жообу төмөнкүчө болду: “Аларды шаардан кууп чыккыла. Булар – өздөрүн тазасынган адамдар”.
83.            Биз аны, үммөттөрүн – анын аялынан башкаларын –  сактап калдык. Ал (аялы) калгандар менен чогуу эле[81].
84.            Биз алардын үстүнө таштарды (жамгырдай) жаадырдык. Кара: Күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай бүттү!
85.            Мадиян элине алардын тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып) жибердик.  Ал: “Эй, элим! Аллага (гана) ибадат кылгыла! Силердин Андан башка кудайыңар жок! Силерге Эгеңерден ачык белги түштү” – деди. Таразаны жана өлчөмдү толук сактагыла[82], адамдардын[83] нерселерине зыйан кылбагыла, жерде, ал түзөлгөн соң, бузукулук жасабагыла. Эгер ыймандуу болсоңор, бул – силер үчүн жакшы.
86.            Аллага ыйман келтиргендерди коркутуп,  Алла жолун тосуп, аны (динди) бурмалоо үчүн баардык жолдордо олтурбагыла[84]!  Эстегиле:  Силердин аз[85] кезиңерде (Алла) көбөйттү жана бузукулардын акыбети кандай болгонун карагыла.
87.            Эгерде силерден бир тайпа Мен жиберген нерсеге[86] ишенсе жана дагы бир тайпа ишенбесе, Алла биздин ортобузда өкүм кылганга чейин ага сабыр кылгыла.   Ал[87] – өкүм чыгаруучулардын эң Мыктысы!

9-бөлүм
88.            Аны коомунун текеберлери: “ Эй, Шуайб, чындыгында сени же сени менен ыйман келтиргендерди айылыбыздан чыгарабыз, же силер биздин динге кайтасыңар”, – деп айтышты.  (Шуайб:) “Эгер (силердин диниңерди биз) жаман көрсөк дагыбы?!
89.      Эгерде силердин диниңерге Алла бизди андан куткарган соң кайтсак, анда , чындыгында, Алла тууралуу жалган айтып, Ага жалаа жапкан болобуз. Биздин Эгебиз Алланын каалоосу болмоюнча биз үчүн артка кайтуу болбойт! Биздин Эгебиз Өз илими менен баардык нерселерди  камтыйт.  Аллага тобокел кылдык. Оо, Эгебиз! Биздин ортобузду жана коомубуздун ортосун акыйкат менен ачкын[88]. Сен ачуучулардын[89] эң Мыктысысың!”  – деди.
90.      Анын коомунан каапыр болгондор: “Эгер силер Шуайбды ээрчисеңер, анда силер зыянга учурайсыңар!” – дешти. 
91.      Аларды жер титирөө талкалады[90]. Алар өз журттарында жер астында,  бүк түшкөн абалда таңды тосушту[91].
92.      Шуайбды жалганга чыгаргандар, ал жерде (эч качан) болбогондой...[92] (абалга келишти). Шуайбды жалганга чыгаргандар зыянга учурашты.
93.      Алардан жүз буруп: “Эй, элим! Чындыгында, Эгемдин баянын силерге жеткиздим, силерге насаат кылдым. [93]Каапыр журт үчүн эмнеге кайгырмак элем?” – деди
94.       Эгер ар кандай шаарга бир элчи жиберсек, ал жердин тургундарын каатчылык, оорууга кириптер кылдык. Мүмкүн алар жалбарышаар[94].
95.      Андан соң алардын көңүлдөрү жайланышы үчүн жамандыктын ордун жакшылык менен алмаштырдык. Алар: “Ата-бабаларыбыздын башына да тарчылык жана кеңчилик түшкөн”,  –  дешти.  Анан Биз капилет алганыбызда алар (кырсыктын келгенин) сезбей да калышты[95].
96.      Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришкенде, такыба болушканда Биз аларга берекелерди асмандан жана жерден да ачмакпыз (жибермекчибиз). Бирок (аяттарды) жалганга чыгарышты. Аларды өздөрү кылган күнөөсүнөн улам алдык[96].
97.      Чындыгында, шаар-кыштактардын тургундары уктап жатышканда Бизден балээ келишинен коопсуз болушканбы?
98.      Же шаар-кыштактардын тургундары алар  ойноп жаткан шашкеде Биз тараптан кырсык келишинен бейкапар беле?
99.      Эмне, Алар Алланын (аларды жазалоо тууралуу) амалынан өздөрүн тынч сезиштиби? Кыйратылган коомдон башкалары эч кимиси өзүн Алланын амалынан тынчмын деп санай албайт!
100.       Жерди мурдагы ээлеринен мурас кылып алгандарды качан кааласак жазалаарыбыз, укпай турган[97] кылып алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койорубуз  аларга маалым эмеспи?!
101.       Булар – Биз сага кабарлаган шаар-кыштактар.  Ал жерлерге ачык белгилер менен элчилер келишкен. Бирок алар мурда жалганга чыгарып келген нерсеге ыйман келтиришпеди. Алла каапырлардын жүрөктөрүн ушундай кылып мөөрлөйт.
102.       Алардын көбү убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында,  бузукулар.
103.       Андан кийин Мусаны Фараонго жана анын тобуна кереметтер менен жибердик. Ошондо алар кереметтерге  зулумдук кылышты[98]. Бузукулардын акыбети кандай болгонун көр!
104.       Муса: “Эй, Фараон!  Чындыгында мен  ааламдардын Ээсинен (келген) элчимин.
105.       Аллага акыйкатты гана айтууга милдеттүүмүн. Силердин Эгеңерден ачык белгилер менен келдим. Мени менен кошо (кетүүсү үчүн) Исраил коомун жөнөт[99],-деди.
106.       Ал (Фараон): “Эгер сен ачык белги менен келсең, чынчылдардан болсоң аны көрсөт!” – деди.
107.       Муса таягын ыргытты. Ал даана ажыдаарга айланды.
108.       Ал  (Муса)  колун (чөтөгүнөн) чыгарды. Ал карап тургандарга аппак болуп көрүндү.
109.       Фараондун коомунан бир тайпа: “Бул , чындыгында, билимдүү сыйкырчы,
110.       ал силерди жериңерден чыгарууну каалайт. Эмнеге буйурасыңар?” – деди.
111.       Алар: “Аны, анын агасын кармагыла жана шаарларга жыйноочуларды жибер,
112.       алар бардык билимдүү сыйкырчыларды сага алып келишсин!” – дешти.
113.       Сыйкырчылар келишип, Фараонго; “Чындыгында эгер биз жеңсек, бизге сыйлыктар барбы?” – дешти.
114.       (Фараон) айтты: “Ооба. Чындыгында, (жеңсеңер мага) силер жакындардан[100] болосуңар.
115.       (Сыйкырчылар) айтышты: “Эй, Муса! (оболу) сен ыргытасыңбы же биз ыргыталыбы?”.
116.       (Муса): “Ыргыткыла!”, –деди.  Алар ыргыткан кезде адамдардын көздөрүн сыйкырлап, чоң сыйкыр менен келишип, адамдарды коркунучка кабылтышты.
117.       Мусага: “Таягыңды ыргыт!” – деп аян бердик. Ошондо (Мусанын) таягы алардын кылган жалганын[101] жута баштады.
118.       Ошондо чындык аткарылып, алардын жасаган (сыйкырлары) текке кетти.
119.       Ошентип, алар жеңилип, кор болуп кайтышты да,
120.       анан сыйкырчылар сеждеге дароо жыгылышты.
121.       Алар (сыйкырчылар): “Ааламдардын Эгесине ыйман келтирдик
122.       Муса менен Харундун Эгесине!” – дешти.
123.       Фараон: “Мен силерге уруксат бере электе эле Ага (Аллага) ыйман келтирдиңерби?!” – деди. Чындыгында бул – шаардын тургундарын[102] чыгарып (эзүүдөн) куткарып жиберүүңөр үчүн жасалган амалкөйлүк. Бирок жакында силер эмне болоорун көрөсүңөр,
124.       Сөзсүз, колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, баарыңарды асамын”, – деди.
125.       (Сыйкырчылар:) “Биз сөзсүз Эгебизге кайтуучуларданбыз.
126.       Сен бизден Эгебиздин аяттарына ыйман келтиргенибиз үчүн өч аласыңбы?! Эгебиз, бизге сабырдуулук берип, мусулман абалда өлтүр!” – деп айтышты[103].
127.       Фараон коомунун башчылары: “Мусаны жана анын элин жер жүзүндө бузукулук кылуусуна, сени да, кудайларыңды да таштоосуна жол бересиңби?” –дешти. Фараон: “Балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырабыз. Биз алардын үстүнөн өкүмдарбыз”, –деп айтты.
128.       Муса элине: “Алладан жардам тилеп, сабыр кылгыла! Чындыгында Жер Аллага таандык. Ал, аны пенделеринен каалаганына мураска берет. Акыбети такыбалар үчүн (жакшы).
129.       “Бизге сен келээриңден мурда да, сен келгенден кийин деле кыйналдык”, –деп айтышты[104].  “Эгеңер душманыңарды өлтүрүп, силерди жерге орноштурсун! Анан силердин да кандай иштээриңерди көрөт”, –деп айтты[105].
130.       Чындыгында, Фараондун элин каатчылык жылдар[106] жана жемиштерди кемитип, колго алдык. Мүмкүн насаат алышаар.
131.       Аларга бир жакшылык келсе: “Бул биздин (акыбыз)”, –деп, ал эми бир жамандык келсе, Муса жана аны менен бирге болгондорго жоромолдошту. Билип койгула: Алардын бактысыздыгы Аллага таандык. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.
132.       Алар: “Бизди сыйкырлоо үчүн канча керемет келтирсең деле, сага ишенбейбиз”, –деп айтышты.
133.       (Ошондуктан) аларга[107] топон суу, чегиртке, бит, бака жана канды айкын белги-керемет түрүндө жибердик[108]. Ошондо деле алар текебер, күнөөкөр коом боюнча калышты.
134.       Аларга азап келген кезде (гана): “Эй, Муса! Эгеңе сага берген убадасы боюнча жалбарып сура. Эгер бизди азаптан куткарсаң, сага ишенебиз да, Исраил урпактарын сени менен (кошо) бошотобуз”, – дешти.
135.       Белгилүү мөөнөткө чейин жете турган кылып алардан азапты алганыбызда алар убадаларын (кайра) бузушту.
136.       Аяттарыбызды жалганга чыгарып, ага кайдыгер мамиле кылгандыктан аларды деңизге чөктүрүп өч алдык[109].
137.       Кыйналган коомду[110] биз жердин чыгыш тарабына да, батыш тарабына да мураскор кылдык да анда береке бердик. Алардын сабыр кылуусунан улам Эгеңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөздөрү орундалды. Фараон менен анын элин, бийиктетип жасап  жаткандарын[111] талкаладык.
138.       Исраил урпактарын деңизден (аман) өткөрдүк. Анда алар буддарына чокунган коомго келип: “Эй, Муса! Булардын кудайлары сыяктуу бизге да кудай жасап берчи”, – дешти. (Муса:) “Чындыгында силер наадан коомсуңар”, –деди.
139.       Сөзсүз алардын диндери жокко чыгарылып, алардын жасаган иштери текке кетет.
140.       Бүткүл ааламдан силерди артык кылган Алладан башка  Кудайды издейинби?!
141.       Силерди  катуу азап менен кыйнаган, балдарыңарды мууздап, аялыңарды тирүү калтырган фараондун коомунан куткардык. Ушунда силер үчүн Эгеңердин улуу сыноосу бар.
142.       Мусага отуз түн убада кылып, ага он күн менен толуктадык, ошентип Эгесинин белгилүү  мөөнөтү кырк түн менен толукталды. Муса агасы Харунга: “Элимдин арасында орун басарым бол. (Аларды) түзөп, бузукулардын жолун жолдобо”, – деди.
143.       Муса белгилүү чегибизге келип, Эгеси ага сүйлөгөндө: “Эгем, мага Өзүңдү көрсөт, Сени көрөйүн”, – деди. (Алла:) “Мени эч качан көрө албайсың.  Бирок, тоого кара. Эгер ал ордунда тура алса, сен да Мени көрөсүң”, – деди. Ошентип Эгеси тоого Нурун көрсөткөн убакта ал талкаланып кетти[112]. (Аны көрүп), Муса эстен танып жыгылды. Эсине келээр замат: “Сен Аруусуң! Сага тообо кылдым! Мен ыймандуулардын алгачкысымын”, – деди.
144.       (Алла:) “Эй, Муса! Чындыгында сени адамдардан элчилигиме жана сүйлөшүүмө тандап алдым. Сага бергендеримди ал да[113], шүгүр кылуучулардан бол”, – деди.
145.       Биз ага (Мусага) тактайларда баардык нерселерден насаат жана түшүндүрмө жаздык. Аны бекемдик карманып, элиңе анын көркөм нускаларын алуусун буйрук кыл.  Сага бузукулардын журтун көрсөтөбүз.
146.       Жерде орунсуз текеберленгендерди Өз кереметтеримден четте калтырам. Эгер алар Биздин бардык аяттарды көрүшсө да, ага ишенишмек эмес. Эгер алар Туура Жолду көрүшсө да, ага түшүшпөйт. Ал эми адашма жолду көрүшсө, аны жол кылып алышат. Бул – алардын белгилерибизди жалганга чыгарып, (акыйкаттан) кайдыгер калгандыгы.
147.       Белгилерибизди жана Акыретте жолугушууну жалганга чыгаргандардын амалдары жоюлуп[114], жасаган иштери үчүн жазаланышат.
148.       Ошентип Мусанын коому Муса кеткенден кийин жасалгалардан[115] үн чыгуучу[116] музоо айкелин жасап алышты. Музоо аларга сүйлөбөсүн жана Туура Жолго баштай албашын билишпейби?! Алар аны (кудай) тутушуп, заалымдардан болушту.
149.       Алар катуу өкүнүшүп[117], анык адашкандыктарын көрүшүп: “Эгебиз бизди ырайым кылып, кечирбесе, зыян тартуучулардан болобуз” – деп айтышты.
150.       Муса өз коомуна ачууланып, кейиген абалда кайтып келип: “Менден кийин, кандай жаман иш кылдыңар. Эгеңердин буйругуна шаштыңарбы?” – деп, (колундагы) жазуусу бар тактайларды таштап, агасынын башынан чапчып, өзүнө карай тарткылады. (Харун:) “Эй, энемдин уулу! Чындыгында бул коом мени басынтып, өлтүрмөкчү болду. Мени душмандарга мыскыл кылба жана мени заалым коом менен бирге санаба”, – деди.
151.       (Муса:) “О Эгем, мени жана агамды кечир! Бизди ырайымыңа бөлө! Сен, ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң!
152.       Албетте, музоону кудай катары тутунгандарга Эгеси тарабынан каар жана дүнүйө жашоосунда жакында кордук жетет. Ойлоп табуучуларды[118] мына ушунтип жазалайбыз.
153.       Жаман иштерди жасагандар, андан кийин тообо кылып, ыйман келтиришсе, чындыгында, Эгең – аларга Кечиримдүү, Боорукер!
154.       Мусанын ачуусу басылып, тактайларды алды. Анын бир нускасында; Эгесинен корккондор үчүн Туура Жол жана ырайымдуулук (бар болчу).
155.       Муса Биз белгилеген убакытка[119]  өз коомунан жетимиш киши тандады. Аларды Жер силкинүү каптаганда, (Муса:) “Эгем! Эгер Сен кааласаң аларды да, мени да мындан мурда жок кылмаксың.  Арабыздагы наадандардын[120] кылыктарынан улам  бизди жок кыласыңбы? Бул сенин сынооң гана. Аны менен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды Туура Жолго баштайсың. Сен – биздин Кожоюнубузсуң. Бизди кечирип, ырайым кыла көр. Сен – кечирүүчүлөрдүн эң мыктысысың!
156.       Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык жаза көр. Чындыгында биз сага жүз бурдук», – деп айтты.  (Алла:) «Каалаганымды азабыма кабылтамын. Ырайымым (болсо) бардык нерсени камтыйт. Аны[121] такыбаларга, зекет бергендерге жана аяттарыбызга ишенгендерге жакында бекемдеймин”,– деди.
157.       Алар алдыларындагы Тооратта жана Инжилде жазылганды[122] табышып, сабатсыз пайгамбар-элчини ээрчишет. Ал – аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Алардын үстүндөгү оор жүктөрдү жеңилдетип, чиеленген нерселерди чечет. Ага ишенгендер аны урмат кылып,  жардам беришкендер жана ага түшүрүлгөн нурду[123] ээрчигендер, мына ошолор – (Тозоктон) кутулуучулар!
158.       [124]“Эй, Адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Алланын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллага (гана) таандык! Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллага жана Алланын сөздөрүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз пайгамбар-элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким, Туура Жолду табаарсыңар.
159.       Мусанын коомунан да Туура Жолго баштоочу жана аны менен адилеттүү иш жасоочу бир тайпа болгон.
160.       Биз Исраил урпактарын он эки топ-урууга бөлдүк. Мусадан анын коому суу сураган кезде ага: “Таягың менен ташты ур!” – деген аян бердик. Ошондо таштан он эки булак чыгып, ар ким өз булагын таанып алышты.  Аларга булутту көлөкө кылып, өздөрүнө “манна[125], салваа[126]” түшүрдүк: “Силерге Биз берген ырыскылардын тазасынан жегиле”, – (дедик). Алар Бизге зулумдук кылышкан жок. Өздөрүнө гана зулумдук кылышты.
161.       Ошондо  аларга: “Ушул кыштакта жашап, каалаганыңарча жегиле жана (Алладан) кечирим сурап, эшиктен сежде кылып киргиле! Күнөөңөрдү кечирип, жакшылык кылуучулардан артыкча (сыйлык) беребиз”, – деп айтылды.
162.       Алардын заалымдары өздөрүнө айтылган сөздү[127] башкага алмаштырышты. Алар зулумдук кылгандыктан үстүлөрүнө балээ жибердик.
163.       [128]Алардан деңиз жээгинде жайгашкан кыштак тууралуу сура. Алар ишемби күнү чектен чыгышчу. Аларга ишемби күнү балыктар көрүнүп[129] көп келип, башка күндөрү келчү эмес. Аларды бузукулук кылгандыгы себептүү[130] ушундай сынадык.
164.       Алардан бир тайпа: “Алла катуу азаптап, (акыры) жок кыла турган коомго эскертүүнүн эмне кажети бар?!” – дешти.  “Эгеңерден кечиримин тилейли, мүмкүн алар такыба болуп калышаар[131]”, – деп айтышты.
165.       Өздөрүнө берилген эскертүүнү унуткан[132] кезде жамандыктан тоскондорду (азаптан) куткардык. Андыктан заалымдарды[133] бузукулук кылгандыгы себептүү катуу азапка кабылттык.
166.       Аларды тыюу салынган нерселерде чектен чыккандыгы үчүн “маймыл болуп, кор болгула!” деп буйрудук.
167.       Эгең аларды[134] кыямат Күнүнө чейин жаман азап менен кыйнай турган бирөөлөрдү[135], албетте, жибере турганын аларга билдирди. Чындыгында, Эгең – тез Жазалоочу жана Кечиримдүү, Боорукер!
168.       Аларды жер бетинде (ыдыратып) тайпаларга бөлүп салдык. Алардын[136] жакшылары да, жамандары да бар. Аларды жакшылык[137] менен да, жамандык[138] менен да сынайбыз. Мүмкүн[139] (каапырлыктан) кайтышаар.
169.       Алардан кийин Китепке мураскор болууга да жана  ушул сапатсыз дүйнөнүн буюмун (сугалактык менен) басып алууга да умтулган коом келет жана алар: “Балким биз[140] кечирилебиз, –дешет. Ушул байлык аларга[141] берилгенде, алар деле алышмак”, – дешет. Аллага байланыштуу чындыкты гана айтуу боюнча Тооратта алардан убада алынган болчу. Алар андагы нерселерди (аяттарды) окушпадыбы? Чындыгында акырет журту – такыбалар үчүн жакшы. Акылга келбейсиңерби?
170.       Китепти[142] карманып, намазды толук аткарышат[143]. Чындыгында биз жакшы иштерди жасоочулардын сообун текке кетирбейбиз.
171.       Тоону көлөкө түрүндө Исраил урпактарынын үстүнө көтөрдүк. Алар аны түшүп кетет деп ойлошту. (Аларга:) “Силерге бергенди[144] бекем кармап, анын ичиндегилерди түшүнгүлө, балким такыба болорсуңар”, (–дедик).
172.       Кыямат Күнү: “Мындан кабарыбыз жок болгон” –деп, айтпооңор үчүн Эгең  Адамдын  перзенттеринин жонунан  (белинен) өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан: “Мен силердин Эгеңер эмесминби?” (–деди). Алар: “Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк бердик” – дешти.
173.       Же: “Мурунку ата-бабабыз (Аллага) шерик тутушкан, биз да алардын урпагыбыз. Бузукулардын жасаган жамандыгын себеп кылып бизди жок кыласыңбы?” (– деп айтпашыңар үчүн).
174.       Аларга аяттарыбызды (ушундай) ачык баяндайбыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтышаар?
175.       Аларга[145]  Биз түшүргөн аяттар кыйгап өткөндүктөн шайтан ээрчип алып, адашуучулардан болгон адам тууралуу айтып бер.
176.       Эгер Биз кааласак муну менен[146] анын[147] даражасын жогорулатып койор элек. Бирок ал ушул (убактылуу) дүйнөгө абдан берилип, өз каалоосун эрчиди[148]. Ал итке окшош: Эгер куусаң тилин салаңдатат[149],  жөн койсоң да[150] тилин салаңдата берет. Алланын аяттарын четке каккан адамдардын мисалы дал ушундай. Ушул баянды айт, алар ойлонушсун.
177.       Аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын мисалы кандай жаман!
178.       Алла кимди Туура Жолго салса, ал Туура Жолго түшүүчү. А, кимди адаштырса, алар – кыйроочулар.
179.       Биз адамдардын жана жиндердин көпчүлүгүн Тозок үчүн жараттык: Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт; алардын көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт жана алардын кулактары бар, аны менен угушпайт. Алар айбан сыяктуу, же андан да жаман (адашуучу). Ошолор кайдыгер калгандар.
180.       Алланын керемет ысымдары бар, Ага ошол ысымдар менен жалбаргыла.  Алланын ысымдарын булгагандардан узак болгула.  Алар өздөрү кылгандарынын азабын тартышат.
181.       Биз жараткан адамдардан адилеттүүлүккө чакырып, өздөрү да адилеттүүлүк менен иш жасай турган бир тайпа бар[151].
182.       Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандарды алар күтпөгөн жактан (балээ жиберип) акырындап алабыз[152].
183.       Мен алардын (өлүмү келүүчү) мөөнөтүн узартып койом. Чындыгында, Менин айлакерлигим күчтүү!
184.       Алар ойлонушпадыбы?! Алардын жолдошу[153] акылсыздардан эмес! Ал – даана эскертүүчү!
185.       Алар асмандар менен  жердеги чыныгы Өкүмдарлык Алланыкы экенин, анткени мунун баарын Алла жаратканын жана алар өздөрүнүн ажалдары жакын экендигин ойлошпойбу?!  Алар эми мындан кийин дагы кайсыл сөзгө ишенишет?!
186.       Алла кимди адаштырса, ага Туура Жолду көрсөтүүчү жок.  (Алла) аларды өздөрүнүн адашуусуна айран кылган абалда калытрат.
187.       Сенден Кыямат качан болоорун сурашат. ([154]Сен аларга:) “Чындыгында, анын  маалыматы Эгемдин алдында. Анын убактысын Ал гана ачыкка чыгарат”, – дегин. Ал (Кыямат) асмандар жана жер үчүн да оор болот. Ал капилет келет. Алар сенден сен аны билип тургансып сурашат. Сен айт: “Чындыгында, анын  маалыматы Эгемдин алдында. Бирок көптөгөн адамдар аны билишпейт[155]”.
188.       Мен өзүмө, Алланын каалоосу болмоюнча пайда да, зыян да алып келе албаймын. Эгер мен кайыпты билгенимде, чындыгында, өзүмө жакшылыктан көбөйтмөкмүн. Жамандык мага тиймек эмес. Мен, чындыгында, ыйман келтирген элдер үчүн (Тозокту) эскертүүчү жана (Бейишти) сүйүнчүлөөчүмүн.
189.       Ал силерди бир жандан[156] жаратып, үйүр алуусу үчүн андан[157] жубайын[158] жаратты. Жубайына кошулганда анын боюна жеңил түрдө (бала) бүттү. Ошондо аны менен[159] жүрүп оорлошкон[160] кезде[161], экөөнүн Эгеси болгон Аллага жалбарышты: “Эгерде бизге жакшы перзент берсең чындыгында биз шүгүр кылуучулардан болот элек”.
190.       Ал экөөнө жакшы бала берген соң, алар (Аллага) шериктерди кошушту. Алла алардын шерик туткан нерселеринен өйдө[162].
191.       Эч нерсени жаратпаган, (тескерисинче) өздөрү жаратылган нерсени (Аллага) шерик  кылышабы?!
192.        Өздөрүнө[163] да, башкаларга да жардам кыла албайт!
193.       Эгер аларды түз жолго чакырсаңар силерди ээрчибейт. Аларды чакырасыңарбы же унчукпай койосуңарбы, силерге баары бир.
194.       Чындыгында Аллага кошулган шериктер – өздөрү силер сыяктуу эле пенделер. Болбосо, эгер силер чынчыл болсоңор, аларды чакырып[164] көргүлөчү, алар силерге жооп берээр бекен?
195.       Алардын (буддардын) баса турган буттары кармай турган колдору,  көрө турган көздөрү, уга турган кулактары барбы?  (Аларга:) “Колдоочуларыңарды  чакыргыла да, бир да көз ирмем убакыт бербестен, мага каршы амалкөйлүк жасагыла!” – деп айткын.
196.       Чындыгында, менин кожоюнум – Куранды түшүргөн Алла. Ал жакшы адамдарга да кожоюндук кылат.
197.       Алладан башкага сыйынган нерселериңер силерге да, өздөрүнө да жардам бере алышпайт.
198.       Эгер аларды түз жолго чакырсаң угушпайт. Алардын сага карап турганын көрөсүң, бирок алар көрүшпөйт[165]
199.       Кечиримдүүлүктү ал[166], аларды тууралыкка буйур! Наадандардан жүз үйүр.
200.       Эгер шайтандан келген азгырык сени азгырмакчы болсо, Алла менен сактан[167]. Чындыгында Ал –Угуучу, Билүүчү!
201.       Такыбаларды шайтан азгырса, алар (Алланы) эске алып[168],  (Туура Жолду) көрүшөт.
202.       (Каапырларды)  алардын туугандары (шайтандар) азгырып, күнөөгө батыруудан эч тыным алышпайт.
203.       Эгерде аларга керемет келтирбесең: “Эмнеге аны жасабадың?” дешет. Айт: “Мен мага Эгем тарабынан келген кабарларды гана ээрчиймин. Бул (Куран) – Эгеңерден келген аяттар. Ал – ыйман келтиргендер үчүн Туура Жол жана (Алланын) Ырайымы.
204.       Эгер Куран окулса, ырайым кылынышыңар үчүн аны унчукпастан (туруп)  уккула!
205.       Эгеңе өз ичиңден купуя түрдө, үнүңдү катуу чыгарбастан, эртең менен жана кечинде жалбар, корккон абалда эстегин. (Алланы эстөөдөн) кайдыгерлерден болбогун.
206.       Чындыгында, Эгеңдин алдында (периштелер) Ага кулчулук кылууда текеберденбей Алланы аруулашат жана сежде кылышат[169]!






[1] Дубал
[2] Мааниси Аллага гана маалым
[3] Куран
[4] Каапырларга
[5] Б.а. пенденин табийаты ошондой: унутчаак, чыдамсыз, ишенбес, терсайак...
[6] Б.а. Биз алардын жанында ар дайым болобуз
[7] Жакшылык иштер менен
[8] «Эй Иблис!”
[9] Алла
[10] Адамдан (б.а. Адам Атадан)
[11] Бейиштен Жерге
[12] Бейиштен
[13] Адамдарга
[14] “жебегиле”
[15] Өзүнө-өзү, өз бактысына кыйанаттык кылгандардан
[16] жесеңер
[17] Жешке тыйуу салган
[18] Дарактын жемишинен
[19] Адам ата менен Обо эне сөзү
[20] «Адам менен Иблис экөөңөр”
[21] «Кыйамат Күнү кайрадан тирилтилип Алланын алдына келесиңер”
[22] «Адам Атанын”
[23]  такыба муслмандар кийген ар кандай кийим
[24] «Адам Ата менен Обо энени”
[25] «Шайтандар тобу. Силердин каныңарда да айланып жүрө алат”
[26] “Каапырларга, мунафыктарга, мушриктерге”
[27] деп жандарын жеп, жалган айтышпат
[28] Чекени сеждеге койуп, намаз окуган жердин баарында
[29] жакшылыктарды
[30] Оболку жаратылган кейипте
[31] Алла Таалага
[32] Каапырлар, мушриктер ж.б.у.с.
[33] Намазга, же Каабаны айланганда
[34] Эй, Мухаммед! (а.с.)
[35] тартуулаган
[36] Мөөнөтү
[37] Тозокулар
[38] Биз каапырларды күнөөсү үчүн дароо өлтүрүп салбай, алардын тагдырына Алла жазган өмүрүн толук өтөп бүткөнчө жашоо, ырыскы, (ал тургай материалдык байлык да)  беребиз» деген мааниде
[39] Ажал мөөнөтү жеткен саатта
[40] Жан алуучу периштелер
[41] буддарыңар
[42] Алла Кыйаматта аларга
[43] Каапыр адамдардын жана каапыр жиндердин
[44] Каапырлар – шайтандарды, шайтандар – каапырларды күнөөлөп
[45] эрчигендер
[46] эрчиткендерге
[47] шайтандар
[48] Шайтандар каапырларга
[49] А бул такыр мүмкүн эмес. Демек алар түбөлүк Тозокто калышат.
[50] Милдетти, сыноону, кыйынчылыкты
[51] Тозоктогулар
[52] Өз бактысына өзү заалымдык, таш боордук кылып, өз жаратуучусуна ибадат кылбай, өмүрүн текке кетирген терсйактык, текеберлик кылгандарга
[53] Арааф – Бейиш менен Тозокту бөлүп турган бийик тосмо дубал
[54] Арьааф дубалынын үстүндө тургандар
[55] Арааф дубалынын үстүндө тургандар
[56] Бейишке кирүүнү
[57] момундарга
[58] деп момундарга айтылат
[59] Аларды азапка таштайбыз
[60] Ак-караны, адал-арамды, жакшы-жаманды ажыратып, таанытуучу
[61] каапырлар
[62] өз кылмыштарынын
[63] Аллага кошкон шериктери
[64] Аллага
[65] Тилек кылып, сурагыла
[66] Шамал, жамгырдын болоорун сүйүнчүлөйт
[67] Жамгыр жаадырып
[68] Өлгөн адамдарды да
[69]Б.а.  Ар кимдин чын ыкластан жасаган жакшы ишине жараша сооп, сыйлык, бакыт…
[70] Кыйаматтын
[71] Алланын жардамы жана каалоосу менен Ал өзү жиберүүчү жана келечекте болуучу (Топон суу сыйактуу) айрым окуйаларды
[72] Пайгамбар. Бул жерде Нух (а.с.) тууралуу айтылууда
[73] Тозок отунан, азабынан, Кыйаматтын сурагынан
[74] Пайгамбармын
[75] Нухтун эли кыйратылгандан кийин
[76] Андай болсо, Алладан келе жаткан азап-кайгыны
[77] ботолуу, сүттүү каймал төө
[78] кедейлерден
[79] Кандай керемет жана айаттар менен
[80] каапырларды
[81] бузулган коомдун жактоочусу болчу
[82] Таразадан жана өлчөп саткан кезиңерде кардарларыңарды алдабагыла. Арам жол менен байлык топтобогула
[83] Акысын, мүлкүн акчасын…
[84] 1) эл өтчү жолдо олтуруп алып, мечиттерге өткөн мусулмандардын үстүнөн күлбөгүлө;         
   2) Алланын Туура Жолунда бараткан мусулман адамдарды азгырып, адаштырып, күнөө кылуучу жолдорго салууга далалат кылбагыла
[85] Сан жагынан
[86] Куранга
[87] Алла
[88] “Биздин ортобуздагы мамилелерде чындык ким тарабында экенин ачыкка чыгар” деген мааниде
[89] “Жалган-чынды ачыкка чыгаруучулардын эң Мыктысы” деген мааниде
[90] “Аларды күнөөлөрү үчүн жазалап, жерди титиретип кыйратып салдык” деген мааниде
[91] Баштары менен жерге сайылган абалдарында  өлүп, ошол бойунча жер алдында калышты
[92] Жер тептегиз болуп түздөлүп, кечээки элдүү шаар ээн талаа, эрмен чөлгө айланды да калды.
[93] Алланын каргышы уруп, жер жутуп кеткен каапыр коом үчүн...
[94] Аллага
[95] Жер титирөө … ж.б.у.с. кырсыктар аларга капилет: түнкү уйкуда, же түшкү тыныгуу учурунда келген
[96] жазаладык
[97] Куранды угушпай, угушса да түшүнбөй, тескерисинче андан качыша турган кылып
[98] Адилетсиз мамиле кылышты
[99] Еврейлер 300 жылга жакын Мисирде  эзүүдө болушкан. Муса (а.с.) ошол кулчулуктун акыркы доорунда жарык дүйнөгө келип, Исраил элин  Фараондун эзүүсүнөн Алланын амири менен куткарган.
[100] Менин хансарайымдагы даражалуу кызматкерлерден болуп каласыңар
[101] сыйкырлуу жыландарын
[102] Исраил урпактары
[103] Сыйкырчылар
[104] Мусанын эли, Мусага
[105] Муса (а.с.)
[106] кургакчылык
[107] Фараон калкына
[108] Кабарларда байандалгандай; Бир жума караңгылык каптап, нөшөрлөгөн жамгыр сели алардын үйлөрүн каптайт. Муса Алла Таалага жалбарып, Алланын буйругу менен күн ачылып, мол өсүмдүктөр чыгат. Ошондо да алар ыйман келтирбегендиктен Алла аларга балээ жиберип, сууларын канга айландырат.
[109] Жазасын бердик
[110] Исраил урпактарын
[111] имараттарын
[112] Тоо Алланын жамалын көрүүнү көтөрө албай чаң-топонго айланып, бырын-чырын болду
[113] Алланын буйругу менен Муса Тур тоосунда кырк күн орозо кармаган соң, Алла менен сүйлөшүп, Тоорат түшүрүлөт.
[114] Жакшы амалдары текке кетип
[115] Алтын, күмүш сыйактуу асыл металлдан куйулган зер буйумдарын кайра ээритип, Саамирий алтын зергерчиге букача-музоо жасатышып, ошого сыйына башташат
[116] Жебреилдин атынын изинен калган топуракты анын ичине салгандыктан, шамал аркылуу кунажындын үнү чыкчу.
[117] Катуу өкүнүшүп
[118] Алланын белгилерин жалганга чыгаруучуларды
[119] Чогуу келүү үчүн
[120] Жаратуучусун таануудан баш тарткан келесоо чалыш
[121] ырайымды
[122] Пайгамбарыбыздын сыпатын
[123] Куранды
[124] Эй, Мухаммед! Коомуңа:
[125] «Манн» деп аталган суйук тамакты
[126] бөдөнө
[127] Иудейлердин жана христиандардын айрым диний аалымдары өз колдорундагы Тораттагы жана Инжилдеги Алланын сөздөрүн өз сөздөрү менен алмаштырып койушкан.
[128] Эй, Мухаммед!
[129] Алланын буйругу менен
[130] Алардын калпычылыгын дагы бир ирет
[131] Алланын динине чакыруучулар
[132] Ыпластыкка белчесинен толук баткан
[133] Зулумдарды
[134] Иудейлерди, Исраил урпактарын
[135] Зулум, зөөкүр, адилетсиз падышаларды аларга үстөмдүк кылуучулардан кылып
[136] Иудейлердин
[137] Маселен бай-бардарчылык, ден соолук, тынчтык...
[138] Куугунтук, кедейчилик, ооруу, кырсык....
[139] Бул дүйнөдөгү өмүрлөрү түгөнгөнгө чейин, эстерине келишип, Алланын динине, жолуна
[140] Алла тарабынан
[141] мусулмандарга
[142] Курандагы буйруктарды бузбай аткарып
[143] окушат
[144] Китепти
[145] Иудейлерге
[146] Курандагы даанышмандык менен
[147] Айаттар кыйгап өткөн адам
[148] Сезимдеринин кулуна айланды
[149] Жанынын болушунча качат
[150] Ага эмне гана кылба, ал баары бир оозунан тынымсыз аккан ыплас шилекейи менен баарын булгайт.
[151] Мухаммед (а.с.)дын үммөттөрү
[152] жок кылабыз
[153] Мухаммед (а.с.)
[154] Мухаммед (а.с.)
[155] Кыйаматтын сөзсүз болоорун, анын жалган эмес, чындык экенин.
[156] Адам Атадан
[157] Адам-Атанын кабыргасынан
[158] Обо Энени
[159] Бойундагы бала менен
[160] Курсагындагы түйүлдүк чоңойгон кезде
[161] Бойундагы бала чоңойуп, денеси оорлогон кезде
[162] Бийик жана таза
[163] Аллага шерик кылынган жансыз нерселер
[164] Аларгы сыйынып, жардам сурап, силерге жардамга келсин үчүн дуба кылып
[165] Анткени алардын дили сокур, көөдөнү көр…Себеби ыйманы жок
[166] Бирөөнү кечирүү, же кечирбей койуу мүмкүнчүүлүгү туулса, кечиримдүү болуу жолун танда
[167] «Аузу биллахи минаш-шайтаанир-ражиим» деп
[168] Шайтандан сактануучу айаттарды окуу менен өздөрүн азгырылуудан сактап калышат
[169] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder