25.02.2014

89 FECR SÛRESİ

89-сүрөФажр[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Отуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.           Таңга ант!
2.           Он түнгө ант[2]!
3.           Жуп менен такка ант!
4.           Жана да өтүп жаткан түнгө ант!
5.           Чын эле ушул айтылган анттар акыл ээлерине жетишсизби?!
6.           Ырас эле Сенин Эгең Аад коомун эмне кылганын көрбөйсүңбү?!
7.           Бекем түркүктүү Ирам шаарын,[3]
8.           Андай (шаар) эч бир элде курулган эмес эле.
9.           Таштарды оюп кесип, бир өрөөнгө (турак жай салган) жайгашкан Самуд элин,
10.       жана көп казык ээси болгон Фараонду,
11.      Алар өз шаарларында чектен ашкан эле.
12.      Шаарларында бузукулукту өтө көп кылышкан эле,
13.      Ошондо сенин Эгең аларга түрдүү азаптарды жаадырган[4].
14.      Акыйкатта сенин Эгең көз салат.[5]
15.      Эгең Өз пендесин сынап, ага ийгилик-жакшылыктар бергенде, ал: “Эгем мени ардактап, сыйлады”, – дейт.
16.      А, аны сынап, ырыскысын өлчөп койсо, ал: “Эгем мени кордоду”, – дейт.
17.      Оо, жок! Балким силер өзүңөр жетимге кам көрбөй жатасыңар,
18.      жардыларга даам берүүгө үгүттөбөйсүңөр.
19.      мураска калган мүлктөрдү сугунуп жеп-жалап жатасыңар.
20.      байлыкты абдан эле жакшы көрөсүңөр.
21.      Оо, жок! (антпегиле!) Качан жер тегизделгенге чейин титиресе
22.      ошондо сенин Эгең[6] анан периштелер тобу менен катар-катар келишет.
23.      Ал күнү тозок жакын алынып келинет да, ошондо инсан баарын эстейт. Бирок андан ага эмне пайда?!
24.      Ошондо ал: “Жашоо-келечегимди мурунтан дайардасам кана (аттиң)” - дейт.
25.      Ошол күнү Алла жазалагандай эч ким жазалай албайт,
26.      Ал кишендегендей эч ким кишендей албайт[7].
27.      Эй, жай баракат тынчтанган жан!
28.      Өз Эгеңдин алдына (Ал сенден) ыраазы болуучу жана (сен Андан) ыраазы болгон абалда кайтып баргын.
29.      Менин (сүйүктүү) пенделеримдин арасына кирип (кошулуп),
30.      Бейишиме киргин[8]!






[1] Таңкы шоола.
[2] Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, же Рамазан айынын акыркы он түнү. Тафсир Ал-Байзавий.
[3] Ирам” жөнүн чечмелөөчүлөр кайчы пикирлерди айтып. Бирөөлөрү шаардын аты дешсе, айрымдары Аал коомунун урууларынын бири дешкен.  Тафсир Ал-Табарий.
[4] Аад коомун шамал, Самуд коомун ачуу кыйкырык, Фараон жана анын аскерлерин суу жалмады.  Сафват-Ал-Тафаасир.
[5] Өз пенделеринин эмне кылгандарына.
[6] Эгеңдин кудуретинин белгилери ачыкка чыгат. Тафсир Ал-Байзавий.
[7] Анын жазасы чындап ишке ашат.
[8] Тигилер менен бирге.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder