25.02.2014

22 HAC SÛRESİ

22-сүрө   «Хаж[1]»
Мединада түшүрүрлгөн. Жетимиш сегиз айатан турат

   Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Эй, адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында, Кыйаматтын силкинүүсү[2] улуу[3] нерсе.
2.     Ал Күнү ар бир эмизүүчүнүн эмизген нерсесин[4] унутканын жана ар бир бойунда бар (ургаачы) боюндагысын таштап койгонун, а адамдарды (болсо) мас абалда көрөсүң. Акыйкатта, алар мас эмес, бирок, Алланын азабы катуу[5]
3.     Адамдардын айрымдары Алла тууралуу билбей эле талашышат да, азгыруучу шайтанды ээрчишет.
4.     Ырасында, ким шайтанды ээрчисе, ал аны адаштырып, Тозок  азабына жетелээри тагдырга жазылган[6].
5.     Эй, адамдар! Эгер өлгөндөн кийин тирилүүдөн шектенсеңер, албетте, биз силерди топурактан, анан бир тамчыдан[7], анан уйуган кандан, түспөлдүү-түспөлсүз бир үзүм эттен өзүңөргө (кудуретибизди) билдирүү үчүн жараттык. Ошентип, жатындарда (Өзүбүз) каалаган белгилүү мөөнөткө чейин койуп койобуз. Анан бөбөк кылып  чыгарабыз. Андан кийин эрезеге жетесиңер. Кээ бирлериңер кайтыш болуп, кай бирлериңер ар нерсени билгенден кийин, эч нерсени билбей турган өмүрдүн начарлыгына кайтарыласыңар. Куураган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрлүү кооз өсүмдүктөрдү өндүрөт[8].
6.     Чындыгында булар[9] – Алланынын Акыйкаттыгынан. Албетте, Ал өлүктү тирилтет. Анткени, Анын ар нерсеге Кудуреттүү.
7.     Албетте, Кыйамат келет. Анда эч шек жок. Чындыгында, Алла мүрзөдөгүлөрдү тирилтет.
8.     Адамдардын айрымдары билимсиз, жол башчысыз[10] жана нур[11] берүүчү китеби да жок туруп эле, [12]Алла жөнүндө талашышат.
9.     Алланын жолунан адаштыруу үчүн бой көтөрүшөт. Андайларга бул дүйнөдө кордук бар. Ага Кыйамат Күнү куйкалоочу азаптын даамын таттырабыз.
10.           «Бул мурунку жасаган иштериңердин азабы», (–дейбиз).  Ырасында, Алла – пенделерине адилетсиздик кылбайт.
11.           Адамдардан[13]  Аллага кошкөңүл (күмөнсүрөп) гана сыйына тургандар да бар. Эгер ага (Алладан) бир жакшылык келсе, бейпил болуп калат. Эгер ага[14] бир балээ[15] келсе, ал жүз үйрүп,[16] бул дүйнөдө да, акыретте да зыйанга учурайт. Мына ушул – ачык зыйан!
12.           Алар Алладан башка, өздөрүнө пайда да, зыйан да бере албай турган нерселерге[17] сыйынышат.  Мына ушул – абдан терең адашуу!
13.           Ошентип, алар пайдасынан зыйаны жакын бирөөлөргө табыышат. Албетте, ал (сыйынгандары) кандай жаман жардамчы, кандай жаман тууган!
14.           Албетте, Алла – ыйман келтирип, дурус иштерди жасагандарды (Эгеси[18]) алдыларынан дарыйалар агып турган бактарга киргизет.  Чындыгында, Алла Өзү каалаганын жасайт.
15.           Эгер ким: «Алла, бул дүйнөдө да, акыретте да ага[19] жардам бербейт» , деп ойлосо, ал дароо бир жип менен асманга[20] асылып, анан аны кесип көрсүн.[21] Анын бул амалы өзүнүн ачуусун келтирген нерсесинен[22] арылта алганын карап көрсүн.
16.           Ошентип, Куранды ачык айаттар түрүндө түшүрдүк. Ырасында, Алла кимди кааласа, ошону туура жолго багыттайт.
17.           Акыйкатта, ыйман келтиргендер иудейлер, сабиилер, христиандар, отпарастар жана Аллага шерик кошкондордун арасын[23] Алла, кыйамат күнү ажыратат. Чындыгында, Алла – бардык нерсеге Күбө.
18.           (Эй, Мухаммед!) Көрбөйсүңбү: Аллага асмандарда, жерде болгон бардык нерселер: күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, айбанаттар жана адамдардын көбү сежде кылышат[24]. Ошондой эле, алардын көбүнө[25] азап буйрулган. Алла кимди кордосо, анда аны бир да урматтоочу болбойт. Ырасында, Алла Өзү каалаганын жасайт.
19.           Эки топ[26] Эгелери тууралуу талашышат. Бул экөө –  жаңжалашуучу топ. Каапырларга оттон кийим бычылат да, төбөлөрүнөн кайнап турган суу куйулат.
20.           Ошону менен алардын ичиндегилери[27] менен терилери ээритилет.
21.           Алар үчүн темир барскандар бар (аларды баштарына чабуу үчүн).
22.           Алар Тозоктун азабынан чыгууну каалашса, кайра түртүп түшүрүлөт да: “Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” (–деп айтылат).
23.           Ырасында, Алла ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарды, алдыларынан дарыйалар агып турган бактарга киргизет. Алар анда алтын жана бермет билериктер менен жасанышат. Андагы кийимдер жибектен болот.
24.           Мына ушулар жакшы сөзгө[28] көндүрүлүп, Даңктуу Алланын жолуна салынгандар.
25.           Чындыгында, каапыр болуп, Алланын жолунан жана[29] Биз анын[30] тургандары жана четтен келүүчү адамдар үчүн бирдей (ыйык) кылып койгон Ыйык Мечиттен тоскондорго, ошондой эле ким зулумдук менен жолдон чыгууну  кааласа, ага жан чыдагыс азаптын даамын таттырабыз.
26.           Ибрахимди Кабанын ордунда: “Мага эч бир нерсени шерик кылба. Тооп кылуучуларга[31] тик туруп, эңкейип жана баш койуп (Аллага) сыйынуучулар үчүн[32] таза карма”,–деп, Биз байан кылган кезди (эсте)[33].
27.           Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет.
28.           Алар өздөрүнө арналган пайдаларын көрүшсүн. Ошентип, өздөрүнө берилген малдардан белгилүү күндөрдө Алланын ысмы менен курмандык чалышсын! Андан өзүңөр да жегиле жана кедей-кембагалдарга да жегизгиле.
29.           Анан алар кирлерин кетиришсин[34]. Ошондой эле, айткан убадаларын[35] аткарышып, Эски үйдү[36] тооп кылышсын[37].
30.            Мына ушул, ким Алланын ардактагандарын жогору бааласа, (ошолор үчүн парыз). Аларга Эгесинин алдында жакшылыктар бар. Силерге арам экендиги[38] билдирилгендерден башка малдар адал кылынды. Эми ыплас сөлөкөттөрдөн[39] сактангыла! Ошондой эле жалган сөздөрдөн[40] сактангыла!
31.           (Эгеңерге) чыныгы пенде болуп, Аллага шерик кошпогула. Ким Аллага шерик кошсо, анда ал асмандан жыгылып, аны куш чеңгелдеп алып кеткен, же болбосо шамал алыс жерге учуруп кеткен нерсе сыйактуу[41] (болот).
32.           Мына ошол (зыйанга учурайт). Ал эми ким Алланын белгилерин[42] улуктаса, албетте, ал жүрөктүн такыбалыгынан.
33.           Курмандыктан белгилүү бир мөөнөткө чейин пайдалансаңар болот[43]. Андан соң анын орду Эски /й[44].
34.           Биз ар бир коом үчүн аларга берген малдардан, Алланын гана ысмын атап, курмандык чалууну буйурдук. Анткени, Кудайыңар жалгыз – Алла!  Ошондуктан Ага мойун сунгула. [45]Мойун сунгандарды кубандыр[46].
35.           Алланын аты аталганда алардын[47] жүрөктөрү  титиреп турат[48]. Өздөрүнө келген кыйынчылыктарга чыдап, намаздарын өз убагында аткарып, (Биз) берген ырыскылардан тиешелүү жерлерге сарпташат[49].
36.           Төөлөрдү силер үчүн Алланын белгилери катары жараттык. Мына ушунда силер үчүн жакшылык бар. Аларды тургузуп[50] койуп, ага Алланын ысмын атагыла. Качан алардын жамбаштары жерге тийсе, (жаны чыккандан кийин) өзүңөр жеп, муктаждарга да, муктаж эместерге да жегизгиле[51]. Ошентип  силер (Аллага) шүгүр кылышыңар үчүн, малдарды силерге багындырып койдук.  
37.           Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллага жетпейт[52]. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллага) жетет[53].  Силерге туура жол көрсөткөн Алланы улукташыңар үчүн ушинтип малдарды силерге багындырып койдук. [54]Жакшылык кылгандарды (Бейиш менен) кубандыр.
38.           Албетте: Алла ыйман келтиргендерди коргойт. Албетте, Алла бардык кыйанатчыларды жана жакшылыктын[55] баркын билбегендерди сүйбөйт.
39.           Чындыгында  чабуул жасалып[56], зулумдукка учурагандар үчүн согушуу үчүн уруксат берилди. Албетте, Алланын аларга жардам берүүгө күчү толук жетет.
40.           Алар: “Эгебиз – Алла!”,– дегендиги үчүн гана жазыксыз жерден журттарынан куулгандар. Эгер Алла адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо кечилканалар[57], чиркөөлөр, иудейлердин сыйынуу жайлары[58] жана ичинде Алланын ысмы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак. Ким Алла жолунда[59] жардам берсе, Алла да ага жардам берет. Чындыгында, Алла – Күчтүү жана Ызааттуу!
41.           Эгер аларды[60] жер жүзүнө (бекем) жайгаштырсак, алар намаздарды аткарып, зекет беришип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйышат. Акыйкатта, иштердин акыбети[61] – Аллага таандык.
42.           [62]Эгер алар[63] сени жалганчыга чыгарышса, ырасында, алардан мурун Нухтун эли, Аад жана Самуд да эли (өз пайгамбарларын) “жалганчы” атыктырышкан.
43.           Ошондой эле, Ибрахим эли менен Нух эли да (аларды “жалганчы” дешкен).
44.           Мадйан эли да (Шуайпты) жалганчыга чыгарышып, Муса да “жалганчы” атыккан. Ошентип каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим[64]. Андан соң аларды катуу кармадым[65]. Каарым кандай экен?!
45.           Канчалаган заалым шаарларды тыптыйпыл кылдык. Алардын шыбы астын-үстүн түшүп жатат. Ошондой эле ээн калган кудук, ойрон болгон хансарайларды (карагылачы!).
46.           Алар[66] эмне (сайакаттап) жер кезбей жатышабы?  Анан да, алардын түшүнө турган жүрөктөрү, уга турган кулактары болсо кана. Ырасында (каапырлардын) көздөрү сокур эмес[67]. Бирок көөдөндөгү жүрөктөрү сокур[68]!
47.           [69]Алар сенден азаптын тез келишин талап кылышат. Алла Өз убадасына каршы чыкпайт.  Чындыгында, Алланын алдындагы бир күн – силердин санак бойунча миң жылга тете.
48.           Канчалаган шаарларга, алар заалым болгонуна карабастан (белгилүү бир) мөөнөт берип, андан  кийин гана алдым[70]. Кайтуу мага (гана).
49.           [71]“Эй, адамдар! Чындыгында, мен – бар болгону силеге ачык эскертүүчүмүн”,–дегин.
50.           Ал эми (Аллага) ыйман келтирип, жакшы[72] амалдарды жасагандарга  (Алланын) кечирими жана сыйлуу ырыскылар бар.
51.           Айаттарыбызды бузууга жарышып аракет кылгандар – алар Тозок ээлери.
52.           Сенден мурун деле, элчи, же пайгамбар жиберсек жана ал окуса, анын окуганына шайтан адашуу салган. Алла – шайтандын адаштыруусун жокко чыгарып, анан Өз айаттарын бекемдейт. Алла – Билүүчү, Даанышман!
53.           Шайтандын үстөмдүгү – жүрөктөрүндө күмөн ооруусу барларга, жүрөктөрү катып калгандарга, аларды сыноо үчүн (жасалды). Албетте, заалымдар[73]  абдан терең  адашууда.
54.           Илим берилгендер Курандын Эгеңден келген Акыйкат экендигин билип, андан жүрөктөрү жай алуусу үчүн (түшүрүлдү). Албетте, Алла ыйман келтиргендерди, туура жолго Багыттоочу!
55.           Ал эми каапырлар келе турган Кыйамат кокустан келгенге чейин, же акыркы күндүн азабы келгенге чейин ыйык Курандан шектене беришет.
56.           Ошол Күнү Кожойундук – Аллага гана таандык (болот). Алардын араларында[74] (Алла) өкүм чыгарат. Ошондо ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар – Ырахат бактарында[75] (болушат).
57.           Каапырлык кылып, [76]айаттарыбызды жалган дегендерге кордоочу азап бар.
58.           Ал эми Алла жолунда көчкөндөр[77], анан өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга, Алла мыкты ырыскыларды  тартуу кылат. Албетте, Алла – ырыскы берүүчүлөрдүн эң Мыктысы!
59.           Алла аларды ыраазы боло турган жайга киргизет. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Жумшак!
60.            Мына ушундай, ким өзүнө (жамандык) жасалган денгээлде гана жамандык кылууга укуктуу[78]. Эгер ким чектен ашса, албетте, Алла тигиге[79] жардам берет. Чындыгында, Алла –Кечиримдүү, Боорукер.
61.           Мына, ырасында Алла түндү күндүзгө,  күндүздү түнгө кошот. Акыйкатта, Алла – ар нерсени Угуучу, Көрүүчү!
62.           Ырасында, Алла – Акыйкат! Албетте, алардын Алладан башкага сыйынгандары теке кетүүчү (сыйынуу). Акыйкатта, Алла – Бийик, Улуу!
63.            Карабайсыңбы: Чындыгында, Алла –  асмандан жамгыр жаадырып, жер жапжашыл болууда. Албетте, Алла –  Ырайымдуу, Билүүчү!
64.            Асмандар менен жердеги нерселердин баары – Алланыкы! Чындыгында, Алла – Бай, Даңктуу!
65.           Чындыгында, Алланын жердегилерди жана Өз буйругу менен деңиздерде  (сүзүп) жүргөн кемелерди силерге багындырып койгонун жана  Өз буйругусуз асмандын жерге түшүшүн токтотуп турганын көрбөй жатасыңарбы? Чындыгында, Алла – адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!
66.           Алла – силерди тирилтти, анан өлтүрөт. Анан (Кыйаматта)  кайра тирилтет.  Ырасында, адам баласы (Аллага) шүгүрсүздүк кылат[80].
67.           Ар бир коом үчүн, алар аткара турган бир эреже[81] жасадык. Ошондуктан алар  [82]сени менен бул иш тууралуу тартышпасын. (Сен) Эгең тарапка чакыр. Сен, албетте, туура жол үстүндөсүң.
68.           Эгер алар сени менен талашса, анда аларга: “Алла эмне жасап жатканыңарды жакшы билет”,– дегин.
69.            Алла Кыйамат Күнү алар (силер менен) талашып-тартышкан нерселер тууралуу өкүм чыгарат.
70.            Алланын жердеги, асмандардагы нерселердин (баарын) биле турганын билбейсиңби? Албетте, булар[83]  Китепте жазылуу. Чындыгында, бул[84] – Аллага оңой!
71.           Алар Алладан башка, ага[85] эч бир далил түшүрүлбөгөн жана ал жөнүндө өздөрүндө да эч бир маалымат болбогон нерселерге[86] сыйынышат. Ал заалымдар[87] үчүн (Кыйаматта) бир да жардамчы болбойт[88].
72.           Ар качан аларга айкын[89] айаттарыбыз окулса, каапырлардын жүзүнөн каршылыкты сезесиң. Ошондуктан алар өздөрүнө айаттарыбызды окуган адамды баса кала жаздашат[90]. Аларга: “Эми силерге мындан да жаманынын кабарын берейинби? Ал – от! Алла аны каапырларга[91] убада кылган кандай жаман жай!”,– деп айткын.
73.           Эй, адамдар! (Силерге Алладан) бир мисал келтирилди. Эми ошого кулак салгыла: “Силердин Алладан башкага сыйынгандарыңардын баары жыйналып келсе, бир чымынды да жарата албайт. Эгер чымын алардын бир нерсесин алып качса, андан аны куткарып да кала алышпайт. Анткени  кубалаган да, кууган да алсыз[92].
74.           Алар Алланын кадырын билип, чындап баалай алышпайт!  Алла – Кубаттуу, Ызааттуу!
75.           Алла периштелерден да, адамдардан да элчилерди тандап алат. Чындыгында, Алла – Угуучу, Көрүүчү!
76.           Алардын алдындагыларды да[93], артындагыларды[94]  да билет.  Албетте, бардык иштер – Аллага кайтат.
77.           Эй, ыйман келтиргендер!  Рүкү[95], сежде кылып[96], Эгеңерге сыйынгыла жана (адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким,  (тозоктон) кутулаарсыңар.
78.           Алла жолунда чын дилиңерден күрөшкө чыккыла. Силерди Ал[97] тандап алды[98]. Силерге динде[99] кыйынчылык жараткан жок. (Ислам бул–) атаңар[100] Ибрахимдин жолу. Алла мурун да, ушул Куранда да пайгамбардын (Кыйаматта) силерге күбө болушун, силердин болсо башка  (замандаш адамдарыңарга[101]) күбө болушуңар үчүн “мусулман” деп атады. Эми намазды толук аткаргыла. Зекет бергиле жана Алланы бекем кармангыла[102]! Кожойунуңар – Ошол[103]. Ал – кандай мыкты Жардам берүүчү!



[1] Хаж – Хаж, ажылык
[2] Кыйаматтагы жердин силкинүүсү
[3] Өтө коркунучту, ал үрөй учурган окуйа
[4] эмчек эмизип жаткан баласын
[5] Алар кыяматтын коркунучунан улам ушундай  абалда…
[6] Лавхул Махфузда
[7] Бир тамчы урук суюктугунан
[8] Өндүрүп? өстүрүп  чыгарат
[9] жогоруда айтылган адамдын жаралышынан тарта, жерди тирилтүүгө чейинкилер баары
[10] пайгамбарсыз
[11] насаат
[12] Ошондой караңгы боло туруп дагы
[13] Адамдардын арасында
[14] Алланын сыноолорунун бири катары
[15] Кайгылуу күндөр, кырсыктар, оору, кедейлик, кордук…сыйактуу
[16] Алланын алдында шексиз кабыл болуучу улуу жана таза дин Исламдан
[17] Сөлөкөттөргө, тоого, ташка, мазарларга, сууларга ж.б.у.с.
[18] Алла
[19] пайгамбары Мухаммедке
[20] Бийик жайгашкан нерсеге, бийик нерсеге (мисалы, даракка, шыпка…)
[21] Өлүп көрсүн
[22] Эгер пайгамбар (а.с.) ошончолук эле ачуусу келсе, анда муунуп эле өлүп алсын
[23] Ушул аталгандардын кудай тууралуу талашкан маселелери бойунча Кыйаматта Алла Өз өкүмүн чыгарат
[24] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[25] Аллага сежде кылбаган көптөгөн адамдардын жана жандуу, жансыз нерселердин баарына
[26] Момундар жана каапырлар тобу
[27] Арам ойлору
[28] Бул жерде: “Жакшы сөз”, - деген: “Алладан башка кудай жок”, - деген  күбөлүк берүү келмеси
[29] Меккедеги жана Мединадагы эки ыйык Мечитке  алып барчу жолдордо каапырлардын жүрүүсүнө тыйуу салынган
[30] Мекке шаарынын
[31] Каабага
[32] Сыйынуулары үчүн
[33] Адам Ата тарабынан алгач ирет курулуп, Бүткүл дүйнөлүк топон суу учурунда урап калган болчу, андан кийин Ибрахим алейхи саламдын дооруна чейин кайра курулган эмес.
[34] Чач, тырмактарын алышып, ихрамдан чыгышсын.
[35] Алла үчүн жасаймын деп өз ара убада кылып койгон курбандыгын чалат
[36] Каабаны
[37] жети жолу айланышсын
[38] Мааида сүрөсүнүн үчүнчү айатын караңыз!
[39] Наадан доордо адамдар сыйынган, кээ бир өлкөлөрдө азырга чейин сакталып калган эстелик кейиптүү сөлөкөттөргө сыйынуудан
[40] Жалган сүйлөөдөн, жалганды берилип угуудан...
[41] Алладан алыс калат
[42] (курбандыктарынын) мыктысын, семизин сойуп
[43] Курмандыкка чалынганга чейин малды минүүгө, жүк ташууга, төлүнөн, сүтүнөн, жүнүнөн  пайдаланууга болот.  Ал эми курмандыкка сойулгандан кийин көптөгөн соопко ээ болот.
[44] Каабанын жанында курбандык чалынат
[45]  Мухаммед (а.с.)га кайрылуу!
[46] Аллага сыйынууга дилгир адамдарды Бейиш кабары менен сүйүнчүлө
[47] момундардын
[48] Жараткандан коркуусу күчөйт
[49] Мисалы, зекет, үй-бүлөсүн багуу, үшүр, садака, кайрымдуулук ж.б.у.с.
[50] Алардын буту колун байлап туруп
[51] Катып албагыла!
[52] Аллага силер сойгон малдын эти да, каны да, эч нерсесинин кереги жок. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Алла силер өзүңөр жакшы көргөн малыңардан Эгеңердин ыраачылыгын табуу үчүн сарптоого эркиңер жетеби-жетпейби, ошону  сыноо үчүн курмандыкты буйруп койгон
[53] Курмандык чалуу – силердин канчалык такыба экендиктериңерди да көрсөтүп турат...
[54]  Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[55] Алланын жасаган жакшылыктарын
[56] Силерге каапылар тараптан
[57] Чиркөөлөр
[58] Сенагогдор
[59] мусулмандарга жана ислам динине
[60] Мусулмандарды, момундарды, такыбаларды
[61] натыйжасы
[62] Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[63] Каапырлар, мушриктер, мунафыктар...
[64] Бул дүйнөдө өмүр сүрүү мөөнөтүн узагыраак кылып койдум...
[65] Өтө катуу азап менен алдым
[66] Каапырлар
[67] Кыйрап калган Помпей, Вавилон сыйактуу шаарларды кароого жете турган  көрүү касетин аларга деле тартуулаганбыз.
[68] Көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, колу менен кармап турган нерселерден туура тыйанак чыгарууга кудуретсиз, жөндөмсүз, алсыз...
[69] Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[70] Кырсык аркылуу кыйноо менен жандарын алдым
[71] Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[72] Бир гана Алланны ыраазычылыгына жетүү үчүн
[73] Зулумдук  менен шугулданган адилетсиз каапырлар
[74] Алар тынбай талашып келген маселелер тууралуу
[75] Бейиште
[76] Куранды
[77] Алла ыраазычылыгы үчүн Меккеден Мединага көчкөндөр
[78] Өзүнө канчалык зулумдук  жасалган болсо, ошончолук денгээлде өч алуу менен жооп берүүсү керек. Чектен ашып, кайра-кайра өч алууга Алла жол бербейт. Андайды  Алла сөзсүз жазалайт.
[79] Ашыкча зулумдукка учураган адамга
[80] Алланын сансыз жакшылыктарын көрүп туруп, шүгүр келтирип, ыраазы болуп койбойт
[81] шариат
[82] Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[83] Бул дүйнөдө болуп өткөн, болуп жаткан жана келечекте болуучу баардык окуйалар... Акыретте эмнелер болоору...
[84] Эч нерсени калтырбай, баары тууралуу билүү –
[85] Мушриктер сыйынган сөлөкөттүн кудай экендигине
[86] Сөлөкөт-буддарга... ж.б.у.с.
[87] Өз жандарына өздөрү зулумдук кылып, Тозокко түшүрүүчүлөр
[88] Аларды Тозоктон куткарып алаар
[89] Маанилери түшүнүктүү
[90] Абдан жек көрүшөт. Анткени ал айаттарда алардын орду тозок экени ачык айтылып, жердеги алардын  жыргалдарын жокко чыгарып жатпайбы
[91] Курандагы айаттардын чындыгына каршы чыккандарга
[92] Өтө алсыз…кудуретсиз, колунан эч нерсе келбеген, Алла тарабынан жаратылган жандар…
[93] Алар эми, мындан ары баштарынан кечире турган окуйаларды
[94] Алардын башынан мурда өткөн окуйаларды
[95] Намаз учурундагы колду тизеге койуп, эңкейип турган көрүнүш
[96] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[97] Алла
[98] Ушул доордо, ушул  чөйрөдө жаратып, адашуучулардын арасынан  чыгарып, Бейишке кирүүчү мусулманга айландырды
[99] Ислам дининин  эрежелерин аткарууну бардык шарттарга ылайыктап: үйдө да, сапарда да баратып,  (ал тургай ооруп калгандар) намазды олтуруп, же жатып окуй турган кылып жөнөкөйлөтүп койду
[100] Ибрахим ( а.с.)  - бүткүл мусулмандар үчүн өрнөк болуучу улуу пайгамбарлардын бири, Мухаммед (а.с.) пайгамбарыбыздын түпкү аталарынын бири, ал өтө такыбалыгы менен “ханиф” атка конгон
[101] Алардын Аллага, Анын акыркы пайгамбары Мухаммед (а.с.)га канчалык мойун сунуп, же четке какканына Кыйамат күнү күбө болушуңар үчүн
[102] Алланын жолун бекем карманып, ислам жолунан чыгып кетпештин бардык аракеттерин жасагыла.
[103] Алла Таала

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder