25.02.2014

15 HİCR SÛRESİ

Он төртүнчү бөлүм
15-сүрө «ХИЖР[1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Токсон тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Алиф, Лам, Раа[2]. Булар Китептин, ачык-айкын Курандын айаттары.
2.     Мүмкүн каапырлар мусулмандардан болууну кааларшар.
3.     Аларды жөн кой! Жешсин, пайдаланышсын[3], кыйалдары менен алектене беришсин. Анан жакында билишет[4].
4.     Биз эч бир калааны белгиленген убактысыз жок кылбадык.
5.     Эч бир эл ажалын илгерилете да албайт, кечеңдете да албайт.
6.     Алар (пайгамбарга): “Эй, өзүнө насаат[5] түшүрүлгөн! Сен анык жиндисиң”, – дешет.
7.     “Эгер сен чынчылдардан болсоң, эмнеге периштелерди алып келбейсиң?” (- дешет).
8.     Периштелерди Биз жөн[6] гана түшүрбөйбүз! Анда аларга мөөнөт берилбейт.
9.     Чынында, Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз.
10.      Сенден мурдагы элдердин тобуна да (элчи) жөнөткөнбүз.
11.      Алар үстүнөн шылдыңдап күлбөгөн эч бир пайгамбар болгон эмес.
12.      Ушинтип, күнөөкөрлөрдүн жүрөгүнө Биз аны[7] да киргизебиз.
13.      Алар ага ишенишпейт, мурункулардын жолу да ушундай болгон эле.
14.      Ал түгүл Биз аларга асман эшигин ачып койсок, алар ошолор аркылуу көтөрүлүшсө да,
15.      алар анда: “Албетте, биздин көзүбүз тосулуп (тумандап) калды, биз сыйкырланган эл болдук”, – дешээр эле.
16.      Биз асманга топ жылдыздарды жайгаштырып, кароочулар үчүн аны кооздодук.
17.      Биз аны таш бараңга алынган бардык шайтандардан сактадык.
18.      Андан сырткары, ким жашыруун түрдө тыңшаса, ага айкын жалын[8] жетет.
19.      Биз жерди жайдык, ага бекем туруучу тоолорду кададык. Жана да андан[9] бардык нерселерди өлчөм менен чыгардык.
20.      Биз анда силерге жана силер ырыскы бере албай тургандар үчүн жашоо кылдык.
21.      Биз ээлик кылбаган эч бир казына жок. Биз андан белгиленген өлчөмдө гана түшүрөбүз.
22.      Биз чаңдаштыруучу[10] (жамгырлуу) шамалды жөнөтөбүз жана асмандан силерге жаан жаадырабыз, силерди ошону менен сугарабыз. Анын казыналары силердин колуңарда эмес.
23.      Чынында, жашоону, өлүмдү Биз тартуулайбыз жана баарына Биз гана мураскорбуз.
24.      Биз силерге чейинки жашагандарды да, силерден кийинки жашай тургандарды да билебиз.
25.      Акыйкатта, Эгең алардын баарысын жыйнайт. Албетте, Ал Даанышман, Билүүчү.
26.      Акыйкатта, Биз шыгыраган кебетелүү[11] кургак чоподон инсанды жараттык.
27.      Жиндерди андан мурун түтүнсүз оттон жаратканбыз.
28.      Ошондо Эгең периштелерге: “Мен шыгыраган, кебетелүү кургак чоподон инсанды жаратамын”, – деди.
29.      Анын турпатын айактап, Өз рухумдан киргизгенимде ага сежде[12] кылгыла! (деди).
30.      Ошондо[13] бардык периштелер сежде кылышты,
31.      Иблистен[14] башкалары. Ал сежде кылуудан баш тартты.
32.      “Эй, Иблис! Сен эмнеликтен сежде кылуучулар менен бирге болбодуң?” – деди.
33.      (Ал): “Мен шыгыраган кебетелүү кургак чоподон жасалган инсанга сежде кыла албайм”, – деди.
34.      (Алла): “Сен мындан чыккын, анткени сен куулдуң”, – деди.
35.      “Сага Кыйамат Күнгө чейин каргыш (болсун).”
36.      “Оо Эгем! Алар кайрадан тириле турган Күнгө чейин мага мөөнөт бер” – деди[15].
37.      “Чынында, сен мөөнөт берилгендерденсиң,
38.      убактысы белгиленген Күнгө чейин”, – деди[16].
39.      (Иблис айтты): “Оо Эгем! Мени адаштырганың үчүн аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баарын сонун көргөзүп отуруп, алардын баарын азгыра беремин,
40.      сага берилген пенделериңден башкаларын.”
41.      (Алла) айтты: “Бул мага карай эң туура жол,
42.      чындыгында, адашып сени ээрчигендердин үстүнөн гана болбосо,  Менин пенделериме сен бийлик кыла албайсың”.
43.      Акыйкатта, алар үчүн дайардалган жай – тозок.
44.      Анын жети эшиги бар. Ар бир эшикке ажыратылган (дайындалган) топ бар.
45.      Акыйкатта, такыбалар бейиш бактарында жана булактардын арасында болушат.
46.      (Аларга айтылат): “Тынчтык, амандык менен киргиле!”
47.      Алардын көкүрөктөрүндөгү кектерди чыгарып салабыз. Алар бири бирине бир тууган болушат жана мамыктардын үстүндө бет маңдай олтурушат.
48.      Мында алар чарчашпайт жана алар мындан эч качан куулуп чыгарылбайт.
49.      Пенделериме кабарла! Мен акыйкатта Кечиримдүү, Мээримдүүмүн,
50.      Албетте, Менин азабым – ал оорутуучу азап.
51.      Аларга Ибрахимдин конокторунун байанын жеткир.
52.      Ошондо, (периштелер анын) жанына кирип, “Салам!” - дешти. Ал[17]: “Чынында, биз силерден коркуп турабыз”, - деди.
53.      (Алар): “Коркпо! Биз сени илимдүү уулдуу (боло тургандыгың) менен сүйүнчүлөйбүз”, – дешти.
54.      (Ибрахим): “Мага карылык келгенде сүйүнтөсүңөрбү? Деги мага эмнени сүйүнчүлөйсүңөр?” – деди.
55.      (Периштелер): “Биз сага чындыкты сүйүнчүлөдүк. Эми үмүт үзүүчүлөрдөн болбо!” – дешти.
56.      (Ибрахим): “Эгесинин мээриминен адашкандардан башка ким үмүт үзмөк эле”, – деди.
57.      “Эй, элчилер! Силер эмнеге келдиңер эле?” – деди (Ибрахим).
58.      “Биз күнөөлүү элге жөнөтүлгөнбүз”, – дешти (алар),
59.      “Луттун үй-бүлөсүнөн башкаларына,
60.      анын айалынан башкаларын. Биз ага (айалга) мында калуучулардын арасында болууну буйруп койгонбуз”.
61.      Элчилер[18] Луттун үй-бүлөсүнө келгенде:
62.      (Ал): “Чындыгында, силер тааныш эмес элсиңер”, – деди.
63.      (Алар): “Жок, биз алар ар дайым шектенип мойун сунбаган себептен келдик.
64.      “Биз сага (даана) чындыкты алып келдик, биз чын айтабыз”.
65.      “Өзүңдүн үй-бүлөң менен түндүн бир оокумунда жолго чык жана артынан бас. Силердин эч кимиңер артыңарга кайрылып карабагыла жана белгиленген жерге жеткенче токтобогула”, – дешти (периштелер).
66.      “Биз таң атканда күнөөкөрлөр бири да калбай кыргын боло тургандыгы жөнүндө ага айан кылганбыз”.
67.      Шаардын жашоочулары сүйүнүп жетип келишти.[19]
68.      (Ал)[20]: “Булар менин конокторум, менин абийиримди төкпөгүлө,
69.      Алладан корккула. Мени шерменде кылбагыла!” – деди (Лут).
70.      (Алар): “Биз сен дүйнөдө (эч кимди коргобо деп) тыйбадык беле?”, – дешти.
71.      Ал: “Эгер кааласаңар, мына кыздарым” – деди.
72.      Сенин өмүрүңө ант! Алар өздөрүнүн мастыгында аң-таң болушат (экиленишет).
73.      Ошондо, күн чыгарда аларды катуу бир үн кармады.
74.      Биз аны[21] астын-үстүн кылып, анын үстүнөн бышкан чопо таштарды жаадырып салдык.
75.      Чынында, кыраакылар үчүн мында белгилер[22] бар.
76.      Алар[23] жолдун бойунда эле.
77.      Акыйкатта, момундар үчүн мында белгилер бар.
78.      Акыйкатта, Аль-Айканын[24] жашоочулары да адашкандардан болгон эле.
79.      Ошондуктан Биз аларды жазаладык. Алар ар тараптан көрүнгөн бир жолдо[25] жатышат.
80.      Аль-Хижрдин[26] жашоочулары да элчилерин[27] жалганга чыгарышкан.
81.      Биз аларга белгилерибизди[28] келтиргенде, алар андан жүз бурушту.
82.      Алар тоонун бетин ойуп үй салышып, өздөрүн толук коопсузбуз (деп сезишти).
83.      Бирок, таң азандан кулак жарган добуш угулду.
84.      Алардын жасап алгандары аларга эч жардам бере албады.
85.      Биз асмандар менен жерди, алардын арасындагыларды акыйкаттык менен жаратканбыз. Кыйамат Күнү сөзсүз келип жетет. Андыктан, аларды кең пейилдик менен кечир[29]
86.      Акыйкатта, Эгең, Жаратуучу, Билүүчү.
87.      Биз сага жети кайталануучуну[30] жана Улуу Куранды бердик.
88.      Каапырлардын кээ бирлерине, биз пайдаландырган нерселерге көз артпа. Алар үчүн капаланба, момундарды канатыңа калкала.
89.      Айт: “Акыйкатта, мен болгону эскертүүчү жана айкындоочу ганамын.”
90.      Бөлүүчүлөргө (топторго)[31] жөнөткөнүбүз өңдүү,
91.      алар Куранды бөлүк-бөлүк кылгандар[32].
92.      Эгеңе ант, алардын баарысын суракка тартабыз,
93.      алар эмне кылгандыктары тууралуу.
94.      Сага буйрулгандар тууралуу ачык-айкын кабарла! Ал мушриктерден жүз үйрү.
95.      Акыйкатта, Биз сени шылдыңдоолордон коргойбуз
96.      Алар Аллага башка Кудайды[33] шерик кылышат. Бирок алар (аны) жакында билишет.
97.      Алардын айткандарынан сенин жүрөгүң кысылганын билебиз.
98.      Өз Эгеңди даңазалоо менен аруула, сежде кылуучулардан бол.
99.      Сага өлүм келгенге чейин Эгеңе сыйын!  




[1] Өрөөн
[2] Маанилери бир Аллага маалым.
[3] Ырахатка бөлөнүшсүн.
[4] Кылган иштеринин акыбетин билишет
[5] Куран.
[6] Азап менен түшүрөбүз.
[7] Шылдыңдарын өздөрүнө көргөзүп, билгизип, түшүндүрүп.
[8] Жарык берүүчү жылдыз.
[9] Жер бетинен.
[10] Уруктарды бир жерден экинчи жерге учуруп барып, бак-дарак, өсүмдүктөрдү чаңдаштырат.
[11] адам кейпиндеги
[12] Башын ылдый эңкейтүү.
[13] Адамды жасап болгон.
[14] Периштелердин башчысы болуп турган жин.
[15] Иблис.
[16] Алла.
[17] Ибрахим (а.с.).
[18] Периштелер.
[19] Шаардын бузулган адамдары Луттун коноктору менен бузуку (бачабаздык) иш кылгылары келген. Ал шаардын адамдары ошондой иштерди мурунтан кылып жүрүшкөн.
[20] Лут (а.с.)
[21] Содом менен Гоморраны. Аравийа менен Сирийанын аралыгындагы, Өлүк Деңиз өрөөнүндө жайгашкан Содом жана Гоморра шаарлары.
[22] Өрнөктөр.
[23] Бүгүнкү күндө Хижаз менен Сирийанын аралыгында Өлүк Деңиздин чыгыш жээгине катарлаш байыркы жолдун нугу созулуп жаткандыгын космостон тартылган сүрөттөр толук далилдеди.
[24] Шуайб (а.с.)дын коому.
[25] Аль-Айка менен Аль-Хижрдин жашоочулары да жогоруда сөз болгон жолдорду бойлой жайгашкан.
[26] Медина менен Сирийанын ортосундагы бир өрөөн.
[27] Пайгамбарларын.
[28] Кереметтерибизди (мисалы, инген).
[29] Мухаммед (а.с.)га карата айтылууда.
[30] Фатиха сүрөсү. Себеби Фатиха ар бир ирекетте эки жолудан кайталанат.
[31] Бул тууралуу түрдүү түшүндүрмөлөр бар. Ошолордун бири: Иудейлер менен христиандар. Алар Ыйык Китептен өздөрүнө жаккандарын алып, калгандарын таштап койушкан.
[32] Кээ бирине ишенип, кээ бирине ишенбей.
[33] Жок кудайды.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder