25.02.2014

14 İBRÂHİM SÛRESİ

14-сүрө «ИБРАХИМ»
Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Алиф, Лам, Раа[1]. Бул[2] адамдарды Алланын уруксаты менен караңгыдан нурга[3], Ызааттуу, Мактоого ылайык, Эгеңдин жолуна чыгарууң үчүн Биз сага түшүргөн Китеп.
2.     Аллага асмандардагылар менен жердегилердин баарысы таандык.  Каапырларга тозоктун катуу азабынын кайгысы болсун!
3.     Бул дүйнөнү акыреттен жакшы көргөндөр жана башкаларды Алланын жолунан тосуп, адаштыргандар, алар узак адашууда.
4.     Биз бардык коомдорго ачык түшүндүрүп берсин деп, ал элдин гана тилинде сүйлөгөн элчилерди жөнөттүк. Алла кимди кааласа адаштырат, кимди кааласа туура жолго салат. Ал Ызааттуу, Даанышман.
5.     Биз Мусаны өзүбүздүн белгилерибиз[4] менен: “Элиңди караңгылыктан жарыкка чыгар. Аларга Алланын мээримдүүлүгүн эстет”, – (дедик). Акыйкатта, мында сабырдуулар жана шүгүр кылуучулар үчүн өрнөктөр бар.
6.     Ошондо Муса өз элине: “Алланын силерге берген жакшылыктарын эстегиле. Анткени, Ал силерди Фараондун элинен куткарды. Алар силерди оор азаптарга салып, эркек балдарыңарды өлтүрүп, айалдарыңарды тирүү калтырчу. Мына ушунда  Эгеңер тарабынан силерге чоң сыноолор болгон” – деди.
7.     Эгеңер: “Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, а эгер каапырлык кылсаңар, анда азабым катуу”, – деп жарыйалады.
8.     Муса: “Эгерде силер жана жер жүзүндөгүлөрдүн баарысы шүгүрчүлүк кылбаса да, албетте Алла муктаждыгы жок, мактоого татыктуу”, – деди.
9.     Силерге өзүңөрдөн мурунку жашап өткөн Нух, Аад жана Самуд элдери, алардан кийин жашап өткөн элдер  жөнүндө кабарлар жетпедиби? Алар тууралуу Алладан башка эч ким билбейт. Аларга элчилери[5] далилдер менен келишкен. Алар ооздорун манжалары менен калкалашып: “Силер аркылуу жиберилгенге биз ишенбейбиз. Силер чакырган нерсеңерге биз терең шектенебиз”, – дешкен.
10.      Алардын элчилери[6]: “Асмандар менен жердин жаратуучусу Аллада шек барбы? Ал силердин күнөөңөрдү кечирүүгө жана белгиленген мөөнөткө чейин узартууга (кеңчилик кылууга) чакырат”, – дешкен эле. (Алар, пайгамбарларына:) “Силер да биз сыйактуу эле адамсыңар. Бизди ата-бабаларыбыз сыйынган нерселерден[7] тоскуңар келеби? (Анда) бизге ачык далилдерди келтиргиле”, – дешти.
11.      Элчилери[8] аларга: “Албетте, биз силер сыйактуу эле кишилербиз. Бирок, Алла пенделеринен кимди кааласа, ошону Өз мээримине алат. Алладан буйруксуз биз силерге далил келтирүүбүз мүмкүн эмес. Момундар Аллага гана тобокел[9] кылышсын”, – дешти.
12.      “Чынында, эмне үчүн бизди туура жолго салган Аллага тобокел кылбайбыз? Биз силер тараптан жеткирилген ызага сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллага гана тобокел кылышсын.”
13.      Каапырлар пайгамбарларына: “Эгер динибизге кирбесеңер, силерди жерибизден кууп чыгабыз”, – дешти. Эгеси аларга: “Албетте, заалымдарды[10] ойрон кылабыз”, – деп айан кылды.
14.      “Албетте, ал жерге алардан кийин силерди жайгаштырабыз, бул – Менин алдымда туруудан жана эскертүүлөрүмдөн корккондор үчүн (болот).”
15.      Алар жеңиш суранып дуба кылышты, текебер, акыйкатты чангандын баары  зыйан тартты.
16.      Андан ары аларга тозок бар. (Тозокто аларга) ириңдүү суу ичирилет.
17.      Ал ага зордоп жуткурулат. Демек аны аргасыздан ичет. Ага ар тараптан өлүм келет. Бирок, ал өлө албайт. Анын артынан оор азап (күтөт).
18.      Эгесине каапыр болгондордун иштери[11] бороондуу күндө шамал учурган күл сыйактуу. Жасаган эмгектерине ээлик кыла да алышпайт. Бул өтө узак адашуу!
19.      Алла асмандар, жерди акыйкаттык менен жаратканын көрбөдүңбү? Эгер Ал кааласа, силерди жок кылат да, жаңы элди алып келет[12].
20.      Бул Аллага эч (деле) кыйын иш эмес.
21.      Алардын баарысы Алланын алдына чыгып келишет[13]. Алсыздары менменсингендерге (кайрылып): “Чынында, биз силерди ээрчидик эле. Силер жок дегенде бизди Алланын жазасынын азыраагынан куткара аласыңарбы?” – дешет. Анда тигилер: “ Эгер Алла бизди туура жолго багыттаганда, биз да силерди багыттаар элек. Азыр биз сабырсыздансак да, чыдасак да баары бир. Бизге кутулуу жок”, – дешет.
22.      Иш бүткөн соң,[14] шайтан: “Ырасында, Алла силерге чындыкты убада кылды. Мен да убада кылдым, (бирок) силерди алдадым. Менде силерди чакыргандан (азгыргандан) башка бийлигим жок эле. Ошентсе да, чакыруумду кабыл алдыңар.  Андыктан мени жемелебестен, өзүңөрдү жемелегиле. Мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар.  Чынында, мен мурда эле мени Аллага шерик кылууңарга каршы болчумун”, – дейт. Албетте, заалымдарга оорутуучу азап (бар).
23.      Ыйман келтиргендер, жакшы иш кылгандар Эгесинин уруксаты менен ичинде түбөлүк кала турган, алдынан дарыйалар аккан бейиштерге киргизилет. Алардын Бейиштеги амандашуулары: “Салам!”[15] – болот.
24.      Алла жакшы сөздү[16] бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн, мыкты даракка салыштырып мисал кылганын көрдүңбү?
25.      Ал (дарак) Эгесинин буйругу менен бардык убактарда мөмө берет. Насаат алуулары үчүн Алла адамдарга мына ушундай мисалды келтирет.
26.      Ал эми жаман сөз[17] – тамырлары жерден ажыраган жаман дарак сыйактуу.
27.      Алла ыйман келтиргендерди бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жакшы сөзгө[18] бекем кылат. Бирок, Алла ишенбеген заалымдарды адаштырат. Алла эмнени кааласа, ошону жасайт.     
28.      Алланын берген жакшылыктарын[19] шүгүр кылууну каапырлыкка алмаштырган жана коомдорун кыйроо жайына алып баргандарды көрбөдүңбү?
29.      Алар тозокко киришет. Ал кандай жаман жай.
30.      Адамдарды Анын[20] жолунан адаштыруу үчүн алар Алла менен бирге башкаларга да табынышты. Аларга: “Жыргай тургула! Кайтаар орундарыңар тозок” – деп айт.
31.      Ыйман келтирген пенделериме: “Намазды (өз убагында) окушсун. Биз берген ырыскылардан жашыруун жана ашкере да, сатып алуу да, достук да болбой кала турган Күн жетип келгенге чейин тийиштүү орунга жумшашсын”, – деп айт.
32.      Алла асмандар менен жерди жаратып, асмандан жамгыр жаадырат жана аны менен силердин ырыскыланууңар үчүн мөмө жемиштерди чыгарды. Деңизде Анын уруксаты менен сүзүп жүрсүн үчүн силерге кемени башкартты. Ошондой эле дарыйаларды да силерге баш ийдирди.[21]
33.      Ал силер үчүн Күндү жана Айды башкарды, алар токтоосуз айланышат. Ошондой эле силерге түн менен күндүздү да башкарып берди.
34.      Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Алланын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар. Акыйкатта, инсан заалым[22] жана шүгүр келтирбейт.
35.      Ибрахим: “Эгем! Бул калааны[23] тынч кыл! Мени жана уулдарымды буддарга табынуудан сакта!” – дегенин эсте.
36.      “Эгем, алар көптөгөн элдерди (жолдон) адаштырышты. Ким мени ээрчисе – ал менден, а ким баш ийбесе[24] – анда акыйкатта Сен Кечирүүчү, Мээримдүүсүң!
37.      Эгебиз! Урпактарымдын кээ бирин[25] эгин өспөгөн өрөөнгө, Сенин Ыйык /йүңдүн[26] жанына, алар намаз окуу үчүн көчүрүп келдим. Адамдардын жүрөгүнө аларга карата мээрим сал, жемиштер менен ырыскыландыр, алар шүгүр кылышсын.
38.      Оо Эгебиз! Чындыгында, Сен жашыруун, ашкерелерибизди билесиң. Жердеги, асмандагы нерселер Аллага жашыруун эмес.
39.      Улгайган чакта Исмаиил менен Исхакты берген Аллага мактоо! Акыйкатта, Эгем тилектерди Угуучу.
40.      Оо Эгем!  Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл. Эгебиз! Тилегибизди кабыл кыл.
41.      Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды эсеп алына турган Күндө[27] кечир”, – (деди).
42.      Алла заалымдардын иштеринен капарсыз экен деп ойлобо! Акыйкатта, Ал алардын көздөрү чанагынан чыга турган Күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат.    
43.      Алар чанагынан чыккан көздөрү, бош калган жүрөктөрү менен баштарын көтөрүп, алдыга карай жүткүнүшөт.
44.      Андыктан, аларга азап келе турган Күндү эскерт. Ошондо заалымдар: “Эгебиз! Бизди жакын мөөнөткө чейин кечиктире көр. Чакырууңа баш ийип, пайгамбарларыңды ээрчийбиз”, – дешет. “Мурун силер ойрон болбойбуз деп ант берген жок белеңер?” – (делинет).
45.      Силер өздөрүнө заалымдык кылгандардын журттарында өмүр өткөрдүңөр.  Аларга Биз кандай кылганыбыз силерге маалым болду. Силерге (үлгү болчу) мисалдарды келтирдик.
46.      Алар түрдүү айла-амалдарды кылышты. Ал эми Алла алардын айла-амалдарын алар тоону козголтоор болсо дагы ишке ашыртпай койот.
47.      Алла пайгамбарларына берген убадасынан тайат деп (эч) ойлобо. Чынында, Алла Кудуреттүү, Өч алчу.
48.      Ал Күнү жер башка жерге, асмандар да башкага алмаштырылат. Алар Жалгыз, Кудуреттүү Алланын алдына чыгышат.
49.      Ошол Күнү күнөөкөрлөрдүн чынжырларга байланганын көрөсүң.
50.      Алардын көйнөктөрү кара майдан болот, беттерин от каптайт.
51.      (Бул), Алла ар бир жанды жасаган (күнөөлөрүнө) жазалоо үчүн. Чынында, Алла бат эсептешүүчү.
52.      Бул[28] – адамдарга жеткирүү[29]. Бул аркылуу сестенишсин, Алланын жалгыз Кудай экенин билишсин. Жана акыл калчагандар насаат алышсын.




[1] Маанилери бир Аллага маалым.
[2] Куран.
[3] Жарыкка.
[4] Мужизаларыбыз (алар тогуз болгон).
[5] Пайгамбарлары.
[6] Пайгамбарлары.
[7] Буддарга, Айга, Күнгө, тоо-таштарга, отко, арбактарга, падышаларга, мазарларга ж.б.у.с.
[8] Пайгамбарлары.
[9] Тайануу.
[10] Каапырларды.
[11] Амалдары – сооптуу аракеттери, сөздөрү, кылган ниеттери.
[12] Жаратат.
[13] Мүрзөлөрүнөн.
[14] Бейишке кире тургандар Бейишке, ал эми Тозокко кире тургандар Тозокко кирген соң.
[15] Тынчтык.
[16] “Лаа илааха иллаллааху” сөзү.
[17] Аллага шерик кошкон, ыймансыз, каапырлык сөздөр.
[18] Жакшы сөздөрдүн эң мыктысы: “Бир Алладан башка кудай жок, Мухаммед Анын элчиси” (Лаа илаха иллал-лааху, Мухаммадур-расулул-лаахи), – деп келме келтириш.
[19] Шүгүр кылууну.
[20] Алланын дининен.
[21] Каалагандай пайдаланасыңар.
[22] Өз жанына көп зулум кылат.
[23] Меккени
[24] Күнөөкөр болсо.
[25] Исмаиил жана анын апасы.
[26] Эскиден келе жаткан адамдар Сага сыйынчу жай.
[27] Кыйамат күнү.
[28] Куран.
[29] Адамдар Алланын өкүмдөрүн жеткирүү үчүн түшүрүлгөн.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder