24.02.2014

13 RA'D SÛRESİ

13-сүрө «РААД[1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Кырк үч айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Алиф, Лам, Мим, Раа[2]. Бул Китептин[3] айаттары. Эгең тарабынан сага жөнөтүлгөн акыйкат. Бирок адамдардын көпчүлүгү ага ишенишпейт.
2.     Алла асмандарды тайанычсыз көтөрүп койду. Андан соң Аршка ээлик кылып, Күн менен Айды башкарды. Алардын баары белгилүү мөөнөткө чейин жүрөт. Ал силер өзүңөрдүн Эгеңер менен кездешүүңөргө ишенүүңөр үчүн, бардык иштерди башкарат жана айаттарын түшүндүрөт.
3.     Ал жерди жайып төшөгөн, анын үстүнө тоолорду кадап, дарыйаларды жасаган. Ар бир мөмө жемишти Ал жуп кылып жараткан. Күндүздү түн менен жапкан. Акыйкатта, мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.
4.     Жер үстүндө катарлаш турган талаалар, жүзүм бактары, эгиндер, кошмок[4] жана жалгыз курма дарактары бар. Баары бир суу менен сугарылат, бирок Биз алардын биринин даамын экинчисинен жакшы кылабыз. Акыйкатта, мында акыл калчаган адамдар үчүн белгилер бар.
5.     Эгер сен таң калсаң, алардын сөздөрү андан да таң калаарлык: “Биз топуракка айланган соң кайрадан кандайча тирилмек белек?” (дешет.) Булар Эгесине каапыр болгондор. Алардын мойундарында чынжырлар болот, алар тозок ээлери[5]. Алар анда түбөлүк болушат.
6.     Алар жамандыктан[6] мурун жамандыкка[7] шашылышат. Буларга окшогондордун жазасы мурун да (болуп) өткөн. Акыйкатта, Эгең алардын заалым экенине карабай кечирет. Бирок, Эгеңдин жазасы катуу.
7.     Каапырлар: “Эгесинен ага бир белги[8] келбейби?” – дешет. Чынында сен эскертүүчү ганасың. Ар бир элде (түз жолго) баштоочу бар.
8.     Алла ар бир ургаачынын курсагындагыны жана анын канчалык кемип, же өсүп жаткандыгын билет. Анын алдында баарынын өлчөмү бар.
9.     Ал жашыруунду жана ачыкты билет. Ал Улук жана Бийик.
10.      (Ага) ойун жашырып тургандар да, сүйлөп жаткандар да, түндө жашырынгандар да, күндүзү ачык чыккандар да баары бирдей[9].
11.      Анын алдынан да, артынан да Алланын буйругу менен коргоп, ээрчип жүрө турган (периштелер) бар. Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт.[10] Эгерде Алла коомду жазаламакчы болсо, анда Анын Өзүнөн башка эч бир кайтаруучу жок. Алар үчүн Андан башка эч бир жардамчы да жок.
12.      Ал силерге чагылганды көргөзөт. Анда коркунуч менен үмүт бар. Ал оор булуттарды түшүрөт.
13.      Күндүн күркүрөшү Аны мактап, аруулайт. Андан коркуп, периштелер да (аруулашат). Ал чагылганды жиберип, каалаганына тийгизет. Алар Алла жөнүндө талашышат. Ал азаптоодо күчтүү.
14.      Чыныгы чакыруу Ага[11] гана. Алардын Андан башка тиленгендери[12]: бирөө сууга колун созуп, (алаканын жайып) оозуна жеткирүүнү каалаганда суу жетпеген өңдүү эле, аларга эч жооп бербейт. Каапырлардын табынуусу адашуу гана.
15.      Асмандар менен жердегинин ар бири жана алардын көлөкөлөрү да Аллага эрки менен да, эрксиз түрдө эртели-кеч сежде кылышат[13].
16.      Алардан: “Асмандардын жана жердин Эгеси ким?” – деп сура да: “Алла!” (деп жооп бер). “Силер Аны койуп, өзүңөргө жардам да, зыйан да келтире албай турган башкаларды коргоочу кылып алдыңарбы?” - дегин. “Сокур менен көзү соо, же караңгы менен жарык барабарбы?” – дегин. Же алар Аллага Ал жараткан нерселер өңдүүлөрдү жараткандарды шерик кылып алыштыбы? Жана бул жаратуу алар үчүн бирдей эле сезилдиби? “Алла бардык нерселердин жаратуучусу. Ал Жалгыз, Кудуреттүү” – дегин.
17.      Дарыйалар өз деңгээлинде толсун үчүн Ал асмандан жамгыр жаадырат, а көбүктөр анын үстү менен агып келет. Кооздук жасалга, же буйумдарды жасоо үчүн оттун үстүндө эриткенде да ушундай көбүк болот. Алла чындык менен жалганды мына ушундайча мисал кылат. Көбүк жел өңдүү жок болот, ал эми адамдарга пайдалуулар жер үстүндө кала берет. Алла мына ушинтип мисалдарды көргөзүп келтирет.
18.      Эгесине баш ийип ишенгендер үчүн жакшы нерсе[14] дайардалган. Ал эми Аны укпагандар – аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баары тиешелүү болуп жана дагы ошончолук бар болсо да, алар ошонун барын берип кутулууну каалай тургандарга катуу эсеп-кысап болот. Алардын жайы тозок. Кандай жаман жай!     
19.      Ырас эле, Эгең тарабынан сага түшүрүлгөндү чындык деп билген (киши) сокур (чындыкты билбеген) сыйактуубу? Бирок муну акыл жүгүрткөндөр гана эске алышат.
20.      Алар Аллага берген убадаларын аткаргандар жана анттарын бузбагандар.
21.      Алар Алла бириктирүүнү буйруганды бириктиришет[15] жана Эгесинен коркушуп, эсептин жаман болушунан кооптонушат.
22.      Алар Эгесинин ыраазылыгын издеп, сабыр кылгандар, намаз окугандар, Биз аларга берген ырыскылардан жашыруун жана ачык сарптагандар[16], жакшылык аркылуу жамандыкты жойгондор. Акырет жайы – мына  ушулардыкы.
23.      Алар Адн[17] бейишине киришет. Такыба ата-бабалары, жубайлары жана урпактары да (киришет). Периштелер[18] бардык эшиктерден (ар тараптан) киришет.
24.      (Алар:) “Сабырдуу болгонуңар үчүн, силерге салам (тынчтык болсун)! Акыркы жайдын акыбети кандай сонун!” – (дешет.) 
25.      Алла менен келишим бекемделген соң аны бузгандар, Алла бириктирүүгө буйруганды ажыраткандар, жер жүзүндө бузукулук кылгандар – мына ушуларга наалат. Алар үчүн – жаман жай (дайардалган).
26.      Алла каалагандарына ырыскы берет, (аны) чектеп да коет. Алар бул дүйнөдөгү жашоого ыракаттанышат. Бирок, бул дүйнөдөгү жашоо тиги дүйнөдөгүгө караганда өтө кыска ырахат. 
27.      Каапырлар: “Ага[19] Эгесинен белги[20] түшпөйбү?” - дешет. “Акыйкатта, Алла кимди кааласа адаштырат, Өзүнө кайрылгандарды туура жолго салат” – дегин.
28.      Ыймандуулар – Алланы эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Алланы эскергенде жүрөктөр тынчтык табат.
29.      Ыйманга келип, жакшылык кылгандарга “жакшылык”[21] жана сонун жай ыроолонот.
30.      Биз сага айан кылып жибергенди[22] аларга окуп берүүң үчүн мурунку үммөттөр сыйактуу эле сени да бир үммөткө элчи кылып жөнөттүк. Бирок алар Мээримдүүгө[23] ишенишпейт. Аларга: “Ал менин Эгем. Андан башка Кудай жок. Ага гана тобокел[24] кыламын. Ага кайтуум(шексиз)”  – дегин.
31.      Эгер тоолорду ордунан жылдыра турган, жерди жарып ажырата турган, же өлгөндөрдү сүйлөтө турган Куран келтирилсе да (алар ыйман келтиришмек эмес). Бирок, бардык бийлик Аллага таандык. Эгер Алла кааласа бардык адамдарды туура жолго салаарын ыймандуулар билишпейби? Алланын убадасы аткарылганга чейин каапырларга алардын кылгандары үчүн улам талкалоочу кырсык келет, же алардын турагынын жанына түшөт. Эч качан, Алла убадасын бузбайт.
32.      Сага чейин да көптөгөн пайгамбарлар шылдыңдалган. Бирок Мен каапырларга мөөнөтүн узарткам. Андан соң аларды азапка салдым. Менин азабым кандай болду.
33.      Ал[25] ар бир жандын эмне кылып жатканын билип турбайбы?!    А алар Аллага шерик кошушат. “Алардын аттарын айтып бергиле”, – дегин. Ага жер үстүндө Ал билбеген бир нерсени көрсөтүүнү каалайсыңарбы? Же бул болбогон сөзбү? Жо-ок. Каапырларга өздөрүнүн амалкөйлүгү көркөм көрүнөт, алар ошол себептүү жолдон тайышты. Алла кимди туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу жок! 
34.      Аларга бул дүйнөдө эле азап жетет. Бирок, тигил дүйнөдөгү азабы абдан катуу. Эч ким аларды Алланын жазасынан куткарып кала албайт.
35.      Такыбаларга убада кылынган Бейиштин сыпаты: Анын алдында өзөн-дарыйалар агып турат. Алардын бардык жемиштери жана көлөкөсү да түбөлүктүү. Бул такыбалардын акыбети[26].               А каапырлардын акыбети – тозок.  
36.      Биз Китеп бергендер[27] сага түшүрүлгөнгө кубанышат. Ал эми топтордун ичинен бирөөлөрү анын[28] бир бөлүгүн жокко чыгарышат. “Акыйкатта, мага Аллага сыйынуу жана Ага шерик кошпоо буйрулган. Мен Аллага чакырамын[29] жана кайтуум (да) Ага!
37.      Ушинтип, Биз аны[30] араб тилинде, өкүм түрүндө түшүрдүк. Сага илим келгенден кийин, сен алардын каалоолоруна ээрчисең,  сага Алладан башка жардамчы да, коргоочу да табылбайт.
38.      Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөткөнбүз жана аларга жубайлар менен урпактарды бергенбиз. Алланын уруксатысыз эч бир пайгамбар айат келтире албайт. Ар бир учур үчүн өзүнүн Китеби болгон.
39.      Алла каалаганын өзгөртөт жана бекемдейт. Анда китептердин энеси[31](турат).
40.      Биз аларга убада кылгандардын баарын сага көрсөтөбүз, же сени эртерээк жай алдырабыз. Сага (Алланын кабарларын) жеткирүү гана милдет. А эсеби – Бизге (таандык).
41.      Алардын жерине келип, ар тараптан кемиткенибизди көрбөйбү?[32] Эгерде Алла бир нерсеге өкүм кылса, ага эч ким каршы тура албайт. Ал эсеп кылууда өтө тез.
42.      Алардан мурункулар да айлакерлик кылышкан. Бирок, айла-амалдардын баары Аллада. Ал бардык жандар эмне кылып жатканын билет. Каапырлар акыркы сонун жай кимдер үчүн экендигин (жакында) билишет.
43.      Каапырлар: “Сен пайгамбар эмессиң”, – дешет.  “Силер менен менин ортомдо Алла жана Китепти[33] билгендер жетиштүү күбө”, – дегин.



[1] Күн күркүрөө
[2] Маанилери бир Аллага маалым.
[3] Куран.
[4] Тамыры бир.
[5] Тозокко түшүүчүлөр.
[6] Ырайым.
[7] Азап.
[8] Керемет.
[9] Анткени Ал баарын көрүп жана алардын эмне ойлоп тургандарын билип турат.
[10] “Урматтуу мусулман! Сиз коомдун оңолушун, жакшырышын каалап, ошого аракет кылып жатасызбы? Анда биринчи өзүңүздөн баштап, өзүңүздү оңдоңуз” (котормочу).
[11] Инсандарды Алланын динине чакырып, Ал жалгыз экенин жеткирүү жөнүндө сөз болууда.
[12] Жалган кудайлары, же сөлөкөттөрү.
[13] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

[14] Бейиш.
[15] Ыйманга келүү, туугандар менен болгон тыгыз мамиле ж.б.у.с.
[16] Алланын ыраазылыгы үчүн жардам, кайыр-садага, зекет, үшүр бергендер.
[17] Адн – түбөлүк жаштык, ыракат, жылгалдар жайы.
[18] Куттуктоо үчүн.
[19] Пайгамбарга.
[20] Кереметтер.
[21] «Тууба» - сөзү да бирден көп мааниге ээ болуп, экинчи мааниси Бейиштеги даракты билдирет.
[22] Куран.
[23] Аллага.
[24] Тайанамын.
[25] Алла.
[26] Натыйжасы.
[27] Иудейлер жана христиандар. Аларга Тоорат менен Инжил түшүрүлгөн.
[28] Курандын.
[29] Сыйынууга.
[30] Куранды.
[31] Эч кимдин колу жете албаган, өзгөрбөй турган китеп.
[32] Исламдын күчөп, алардын азайып бара жатканын.
[33] Мурунку жана кийинки Ыйык Китептерди билгендер, момундар, иудейлер, христиандар.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder