24.02.2014

12 YÛSUF SÛRESİ

         12 - сүрө «ЙУСУФ»
      Меккеде түшкөн. Жүз он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.                 Алиф, Лам. Ра[1]. Мына ушул айаттар ачыкка чыгаруучу[2] Китептен[3].
2.                 Чындыгында, биз аны арабча[4] Куран кылып түшүрдүк. Мүмкүн силер акыл калчаарсыңар?
3.                 Сага бул Куранды түшүрүү менен байандардын эң жакшысын айтып беребиз. Чындыгында, сен мындан мурун, албетте, бул тууралуу кабарсыз элең.
4.                  Ошол убакытта Йусуп, атасына[5]: “Атаке, мен түшүмдө он бир жылдыздын, күндүн жана айдын мага сежде кылып турганын көрдүм”, – деп айткан кезде
5.                 (Йакуп:) “О уулум! Түшүңдү (бир) туугандарыңа айтпа, (алар) сага айла-амал жасап[6] койушат. Чындыгында, шайтан адам баласына анык душман”, – деди.
6.                 Ошентип Алла сени тандап[7] алып, түштөрдү жорууну үйрөтөт.  Ата-бабалырың Ибрахим, Исхактарга жакшылыктарын толук кылып бергендей,  сага жана Йакуп урпактарына да толук кылып берет. Акыйкатта, Эгең – Билүүчү, Даанышман!” – деди.
7.                 Чындыганда Йусуп менен анын туугандарынын байанында суроочулар[8] үчүн жакшы үлгүлөр бар.
8.                 Ошондо (Йусуптун) бир туугандары[9]: “Йусуп жана анын бир тууганын[10] атабызга бизден жакшы көрүнөт. Биз болсо мыкты топбуз. Албетте, атабыз анык адашууда” – дешти.
9.                 (Алардан) бири: “Йусупту өлтүргүлө, же (алыс) бир жерге алпарып таштагыла. Силерге атаңардын алды бош калат. Андан кийин силер мыкты иштерди жасоочу топ болосуңар”, – деди.
10.             Алардын ичинен дагы бирөөсү: “Эгер менин айтканымды жасай турган болсоңор, Йусупту өлтүрбөй эле, аны бир кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Жолоочулардын бири таап алар”, – деди.
11.            Алар[11]: “О, атаке! Йусуп туурасында[12] сен бизге ишенбегендей, эмне болду? Биз, ырасында, ага камкор мамиледебиз[13] го”, – дешти.
12.            “Эртең аны биз менен бирге жибер.[14]Тамактансын, ойносун. Чындыгында биз аны коргоочубуз[15]” – дешти.
13.            Йакуп: “Чындыгында силердин аны алып кетишиңер мени убайымга салат. Кокус силер андан бейкапар болуп калганыңарда, аны карышкыр жеп кетүүсүнөн корком”, – деди.
14.            Алар: “Ант болсун! Биз мыкты бир топ болуп туруп, аны карышкыр жесе, албетте, анда биз зыйанга учуроочулардан[16]  болобуз”, – дешти.
15.            Ошентип (убада берип) алар Йусупту алып кетишип[17], (анан) аны кудуктун түбүнө таштап жиберүүгө чечим кылышкан кезде Биз ага (Йусупка): “Бир туугандарыңдын ушул иштери тууралуу кабар бересиң. А алар болсо сезбей[18] калышат”, – деп кабарладык.
16.            Алар[19] иңир кирген маалда аталарына ыйлаган тейде келишип:
17.            “О атаке!  Биз жарышып[20] кеткенде, Йусупту буйумдарыбыздын жанына калтырган болчубуз, ошол жерден карышкыр жеп кетиптир. Чын айтсак деле бизге (эмне үчүн) ишенбейсиң?”, – дешти.
18.            Ошентип алар анын көйнөгүн жалган канга[21] (бойоп), алып келишти. Атасы: “Андай эмес. Силерге дилиңер бир (жаман) ишти көркөмдөгөн экен. Эми көркөм (нукура) сабыр керек.  Айткандарыңарга[22] эми Алладан гана жардам тилеш керек болот”, – деди.
19.            Жолоочулар келип, дароо суучуларын жиберишти, ал чакасын (кудукка) салып: “Ой, сүйүнчү! Мына бир эркек бала!” – деди.  Алар аны соода буйумдарына кошуп бекитип койушту. Алла алардын эмне иш кылгандарын толук Билүүчү.
20.            Алар аны абдан арзан баага, бир нече тыйынга сатып жиберишти. Анткени, алар Йусупка муктаж эмес эле.
21.            Мисирде аны сатып алган адам өз айалына: “Муну жакшылап бак, балким бизге пайдасы тийип калар, же болбосо бала кылып аларбыз”, – деди. Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырып, ага түш жорууну үйрөттүк. Алла өз ишинде /стөм[23], бирок адамдардын көбү аны билишпейт.
22.            Ал (Йусуп) эрезеге жеткен кезде  ага дааналык жана илим бердик. Жакшылык кылуучуларды ошентип сыйлайбыз.
23.            Йусуп турган үйдүн айалы[24] анын көңүлүн өзүнө тартмакчы болду да эшиктерди бекитип: “Кана, кел бери!” – деди. Йусуп: “ Алла сактасын! Ал (күйөөң) – менин кожойунум. Мени жакшы орунга койду[25]. Чындыгында, заалымдар[26] кутулушпайт[27]” – деди.
24.            Ырасында, айал ал тууралуу ойлоду[28]. Эгер ал (Йусуп) Эгесинин далилдерин көрбөгөн болсо, Йусуп да аны кааламак. Йусуптан жамандыкты, бузукулукту алыстатуу үчүн[29] Биз ошенттик. Анткени ал ыкластуу момун пенделерибизден эле.
25.            Экөө[30] эшикке карай чуркады да, айал анын көйнөгүнүн артын айрып салды. Экөөсү тең  эшик алдында айалдын күйөөсү менен бетме-бет келишип, айал күйөөсүнө: “Сенин жубайыңа жамандык ойлогон  адамдын жазасы сөзсүз абак, же жан чыдагыс азап эмес беле?” – деди.
26.            (Йусуп:) “Ал[31] көңүлүмдү өзүнө тартмакчы болду”, – деди. Айал жактан бир күбө[32]: “Эгер Йусуптун көйнөгү алдынан жыртылса, анда айал чын айткан болот, ал эми ал (Йусуп) жалганчылардан болот”, – деди.
27.            “Анын (Йусуптун) көйнөгү артынан жыртылган болсо, анда айал жалган айткан болот да, ал чынчылдардан болот” – деп күбөлүккө өттү.
28.            Ошондо анын көйнөгүнүн арт жагынан жыртылганын көргөн күйөөсү: “Бул, айалдар, силердин куулугуңар. Чындыгында, силердин айла-амалыңар аша көп.
29.            Йусуп, мындан жүз үйрүп, жашыр[33]. Айалым, сен күнөөң үчүн Алладан кечирим тиле. Ырасында сен – ката кетирүүчүлөрдөнсүң”, – деди.
30.            Шаардагы айалдар: “Жетекчинин айалы кызматчы баласын азгырууну көздөптүр. Чындыгында, ал айал (кызматчысын) жүрөгүнүн түпкүрүнөн сүйүп калыптыр. Албетте, биз аны даана адашуучулар катарында көрүп турабыз”, – деп сөз кылышты.
31.            Ал [34]шаардык айалдардын өзүн жамандашканын уккан кезде, аларга чакыруу жиберип, алар сүйөнүп олтура турган жумшак олтургучтарды дайардады да,  алардын[35] ар бирине бычак берип: “Чык, мобуларга көрүн”, – деди.  Аны (Йусупту) көргөн кезде[36] айалдар таң калуудан улам өз колдорун кескилей башташты. Айалдар: “О, Алла! Бул адам эмес. Бул – бир кереметтүү периште го”, – дешти.
32.            Ал[37] аларга: “Мына ушул силер мени келекелеген бала. Чындыгында анын көңүлүн мен кааладым. Ошондо да ал абройун сактап калды. Эгерде ал менин буйругумду мындан ары да орундатпай турган болсо, албетте, абакка салынып, кор болуучулардан болот”, – деди.
33.            (Йусуп:) “О Эгем!  Булар мени жасоого чакырган иштерин жасагандан көрө зындан жакшыраак. Эгер бул айалдардын айла-амалдарын менден алыстатпасаң, анда мен алардын азыгырыгына туруштук бере албай, наадандардан болуп калам”, – деп жалбарды.
34.            Ошондо Эгеси[38] анын тилек-дубасын кабыл кылып. Алардын айла-амалдарын андан[39] алыстатты.  Анткени Ал –  баарынан Кабардар, Билүүчү.
35.            Анан, алар далилдерди көрүшкөн соң, аны белгилүү бир мөөнөткө чейин абакка салуу маалым болду.
36.            Йусуп менен кошо эки жигит абакка салынды[40].  Ал экөөнүн бири: “Мен түшүмдө жүзүм сыгып (шарап жасап) жатыпмын десе, экинчиси: “Мен төбөмө нан көтөрүп жүрүпмүн. Аны куштар жеп жатыптыр. Бизге бул түштөрдүн жорулушун айтып бер. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз”, – деп айтты.
37.            (Йусуп аларга:) “Силерге мен көргөн түшүңөрдүн чечилишин тамак келгенге чейин айтып беремин.  Бул – мага Эгемдин үйрөткөндөрүнүн бир бөлүгү.  Чындыгында, Аллага ишенбеген жана акырет күнүнө каршы чыккан бир элдин динин четке какканмын”, – деди.
38.            Ата-бабаларым: Ибрахим, Исхак жана Йакуптардын динин кармандым. Биздин Аллага шерик кошуубуз эч бир жарабайт. Бул – бизге, өзгөчө бүткүл адам баласына Алланын ырайымы. Бирок адамдардын көбү (Аллага) шүгүр кылышпайт.
39.            Эй, менин абакташ жодошторум! Ар башка кудайдын болгону жакшыбы, же бардык нерсеге Кудуреттүү, Жалгыз, Бир Кудайдын болгону ийгиби?
40.            Силердин Андан[41] башка сыйынган нерселериңер –силердин ата-бабаңар ойлоп тапкан курулай аталыштар гана[42]. Алла  аларга сыйынуу бойунча бир да далил түшүргөн эмес.  Өкүмдарлык – бир гана Аллага таандык. Ал Өзүнө гана ибадат кылууну буйуруган. Мына ушу – эң туура дин. Бирок, адамдардын көбү билишпейт.
41.            Эй, абакташ жолдошторум!  [43]Бирөөң мурдагыдай эле кожойунуңа арак ташый бересиң[44]. Ал эми экинчиңер болсо, дароо дарга асылып, башын кузгун жейт. Мына, экөөң сураган түштүн жорулушу бүттү”, – деди.
42.            Аман калат делгенине карап: “Кожойунуңдун жанында[45] мени айт”, – деди. Ошондо шайтан кожойунуна[46] айтууну унуттурду да, Йусуп абакта бир нече жыл жатып калды.
43.            Бир күнү падыша: “Түшүмдө жети семиз уйду жети арык уй жеп жатканын, жети жашыл сабак[47] менен кошо жети куураган сабак көрдүм. Эй, кечилдер! Эгер түш жоруй алсаңар, анда менин ушул түшүмдү жоругула”, – деди.
44.            Алар: “Бул абдан чаташкан түш экен. Ошондуктан биз мындай түштү жорууну билбейбиз”, – дешти.
45.            Ал экөөсүнүн кутулуп чыкканы[48]  бир далайдан кийин Йусупту эстеди да: “Мен силерге анын жорулушун айтып беремин. (Ал үчүн) мени дароо абакка жибергиле”, – деди.
46.            (Ал абакка барып:) “Эй, чынчыл Йусуп! Бизге (түштөгү) жети семиз уйду жети арык уй жеп жатканын, жети жашыл сабак менен жети куураган сабактын жорулушун айтып берчи. Адамдар да билсин үчүн (бул түштүн) жорулушун аларга айтып барайын”, – деди.
47.            (Йусуп:) “Жети жыл адаттагыдай эле эгин эгип, анан оруп алганыңардын баарын (кырманга) бастырып салбай, сабактары менен калтырып, бирок жей тургандарыңарды аз-аздан гана алып турушуңар керек.
48.            Андан кийин жети жыл катуу ачарчылык келет. Аз-аздан сактаганыңардан, мурунтан ошол үчүн[49] жыйнап келе жатканыңардан жейсиңер.
49.            Ал эми андан кийин  адамдар жамгырга канып, ошондо жемиштердин суусун сыга турган (токчулук)  жылдар келет”, – деди.
50.            Муну уккан падыша: “Аны мага алып келгиле”, – деп буйурду. Чабарман ага келгенде, (Йусуп): “Кожойунуңа кайтып бар. Колдорун кесип алган[50] айалдардын абалдары эмне болгонун сурасын! Акыйкатта, Эгем алардын куулуктарын мыкты билет!” – деп айтты.
51.            (Падыша айалдарды жыйнап[51]): “Йусупту азгырууну каалаган кезиңердеги абалыңар кандай болду эле?” – деп сурады. Айалдар: “Алла сактасын! Ага байланыштуу бир да жамандык билгенибиз жок”, – дешти. Башчысынын айалы: “Мына, чындык  ачыкка чыкты. Аны азгырууну мен каалаган элем. Чындыгында ал (Йусуп) анык чынчылдардан”, – деди.
52.            (Йусуп): “Муну[52] – ырасында ага[53] тымызын кыйанат кылбаганымды падыша билсин үчүн (жасатып жатам). Албетте,  Алла кыйанатчылардын куулугун тууралыкка багыттабайт.

13-жуз
53.            Албетте, мен өз жанымды[54] актабаймын[55].  Чындыгында напси адамды жамандыкка гана буйруйт. Бирок Эгем ырайым кылса, ал – башка (кеп). Албетте, Эгем – Кечиримдүү, Мээримдүү!” – (деди).
54.            Падыша: “Аны мага алып келгиле. Мен аны өзүмө жакын адамдардан кылып алайын”, – деди. Падыша Йусуп менен сүйлөшүп жаткан кезде: “Албетте, сен бүгүн[56] биздин алдыбызда ишеничтүү, улук орундасың”, – деди.
55.            (Йусуп падышага): “Мени өлкөнүн казына башчылыгына дайында. Анткени мен аны кантип коргоону (сактоону) билемин”, – деди.
56.            Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырдык. (Ал) каалаган жеринде жүрө алат[57]. (Биз) каалаганыбызга ырайымыбызды жеткиребиз[58]. (Алла) жакшылык кылгандардын мээнетин текке кетирбейт.
57.            Чындыгында, ыйман келтирип, такыба болгондордун акыреттеги сыйлыгы мындан да жакшы.
58.            ([59]Ачарчылык  келген жылдары) Йусуптун бир туугандары[60] келишип, анын алдына киришти[61]. Ошондо Йусуп аларды тааныды. Алар (болсо) аны таанышкан жок[62].
59.            Йусуп алардын жүктөрүн дайардаткан учурда аларга: “Мага[63] аталаш бир тууган иниңерди[64] ала келгиле. Чындыгында мен силерге толук өлчөп бергенимди[65] жана меймандос адам экенимди көрүп турасыңар”, – деди.
60.            Эгер силер аны мага алып келбесеңер, мен силерге өлчөп берээрим[66] жок жана мага жакындабагыла[67].
61.            Алар: “Биз аны атасынан сурап алууга аракеттенебиз. Албетте, биз муну[68] аткарабыз”, – дешти.
62.            Йусуп жигиттерине: “Алардын азык үчүн алып келген нерселерин[69] да жүктөрүнө кошуп койгула. Албетте, үйлөрүнө кайтып барышкан кезде, аны[70] билишип, мүмкүн кайра келишээр”, – деди.
63.            Ошондо алар аталарына кайтып барышып: “О ата! Бизден өлчөө токтотулду[71]. Ошондуктан бир тууганыбызды[72] биз менен бирге жиберсең гана өлчөп[73] алабыз. Чындыгында, биз аны коргойбуз!” – дешти.
64.            (Йакуп:)  “Мындан мурунку бир тууганын[74] силерге ишенгеним сыйактуу муну да силерге ишенип берейинби? Канткен менен Алла – толук Коргоочу жана Ал – ырайымдуулардын эң ырайымдуусу!” – деди.
65.            Алар жүктөрүн ачкан кезде өздөрүнө кайтарылган нерселерин табышты да (кубанып): “О ата! Эмне издейбиз[75]... мына нерселерибиз өзүбүзгө кайтарылыптыр. [76]/й-бүлөбүздү азык менен камсыз кылып, туугандарыбызды сактайбыз[77]”.  Буга (бул акчага) дагы бир төө дан-азык сатып алууга болот. Чындыгында, бул өлчөп алып келгенибиз аз эле да[78]”, – дешти.
66.            Аталары: “ Силерге өлүм эле жетпесе аны[79] милдеттүү түрдө алып келериңер  тууралуу силер мага Алланын аты менен убада бермейиңерче аны мен силер менен чогуу жибере албаймын”, – деди. Ошентип алар аталарына убада беришкен кезде аталары: “Алла айтканыбызга күбө!” – деди.
67.            Балдарына: “Эй, балдарым! Шаарга[80]  бир капкадан[81] кирбестен, бөлөк-бөлөк капкалардан киргиле. Бирок Алланын буйругу болсо[82] мен силерден эч нерсени кайтара албаймын[83]. Өкүм – Аллага гана таандык.  Ага гана тобокел кылдым[84]. Ага[85] тобокел кылуучулар – тобокел кылсын!” – деди.
68.            Алар аталарынын буйругундай (кылып ар башка капкалардан)  киришсе деле Алланын (жазган) тагдырынан эч нерсени кетире алышмак эмес.  Бирок Йакуп өз дилиндеги бир зарылдыкты гана аткарды[86]. Анткени ал Биз үйрөткөн илимдин ээси эле. Бирок, аны адамдардын көбү билбейт.
69.            Алар Йусуптун жанына кирген кезде, Йусуп бир тууганын (Банйаминди) өз алдына алып: “Мен – сенин бир тууганыңмын. Алардын жасагандарына кайгырба!” – деди.
70.            Йусуп алардын жүктөрүн (сатып алган буйумдарын) камдаганда, суу ичүүчү идишин бир тууганынын (Банйаминдин) жүгүнүн арасына (катып) койуп, алар жолго аттанаарда бирөө: “Эй, кербенчилер! Силер анык ууру экенсиңер!” – деп үн салды.
71.            Алар[87] тигилерге[88] бурулуп: “Эмне жоготтуңар?” – дешти.
72.            Беркилер: “Падышанын суу өлчөөчү идишин жоготтук. Аны таап келген кишиге бир төө жүк (берилет). Мен ага кепилмин”, – деди.
73.            Алар: “Алланын аты менен ант беребиз! Чындыгында бул жерге бузукулук (жасоо) үчүн келбегенибизди  билесиңер. Ошондуктан, биз – ууру эмеспиз”, – дешти.
74.            Булар: “Эгер жалганчы болсоңор, анын жазасы эмне болсун?” – дешти.
75.            Алар: “Анын жазасы – ал идиш кимдин жүгүнүн ичинен чыкса ошол өзү жазалансын. Биз заалымдарды ошентип жазалайбыз”, – дешти.
76.            (Йусуп) өз бир тууганынын жүгүнөн мурун, тигилердин жүгүн тинттирип, акырында идишти өзүнүн бир тууганынын жүгүнөн алып чыкты. Йусуп үчүн мына ушундай айла кылдык. Анткени, (Йусуп) падышанын[89] мыйзамы бойунча бир тууганын алып кала алмак эмес. Бирок Алланын каалоосу (ушул).  Биз  каалаган гана кишинин даражасын көтөрүп койобуз. Ошентип ар бир илимдин ээсинин үстүндө бир Билүүчү[90] бар.
77.            Алар: “Эгер бул (инибиз) уурулук кылган болсо, анда, албетте, анын тууганы[91] да мурда уурулук кылган эле”, – дешти. Ошондо Йусуп ал сөздү[92] жүрөгүндө сактап, аларга ачык айткан жок. (Ичинен:) “Силер абдан жаман орундасыңар[93]. Силер сыпаттап[94] жаткандарыңарды[95] Алла жакшы билет”, – деди.
78.            Алар: “Эй, кожойун! Мунун кары атасы бар[96]. Ошондуктан анын ордуна  (биздин) бирибизди алып кал. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан экениңди көрүп турабыз”, – дешти.
79.            (Йусуп): “Нерсебизди жанынан тапкан адамдан башкасын алып калуудан Алла сактасын. Андай кылсак, биз анык заалымдардан болуп калабыз”, – деди.
80.            Алар Йусуптан күдөр үзүшкөн соң[97], өздөрүнчө шыбырашып, алардын эң жашы улуусу: “Билбейсиңерби? Атаңар силерден Алланын аты менен убада алган. Мурда Йусуптун жоголушуна да силер айыптуусуңар. Ошондуктан, мага атам уруксат бергенге чейин, же болбосо мен үчүн Алла бир өкүм кылганга чейин ушул жерден эч кетпеймин. Алла – өкүм кылуучулардын эң мыктысы”, – деди.
81.            Силер атабызга кайтып баргыла да: “О ата! Уулуң чындыгында уурулук кылды. Биз билгенибизге гана күбө өтөбүз. Биз көмүскө кайыпты билүүчү эмеспиз,
82.            Аны биз ичинде болгон шаардан жана биз кездешкен кербенден сура. Биз чынын айтып жатабыз” – дегиле!
83.            (Йакуп[98]): “Андай эмес. Силердин напсиңер бир нерсени[99] кооздоп көрсөткөн экен. Эми мага көркөм[100] сабыр керек. Балким Алла алардын баарын[101] мага кайра алып келээр. Анткени, Ал –  Билүүчү, Даанышман!” – деди да,
84.            Алардан терс бурулуп: “Оо, кайраным Йусуп!” – деп кайгыдан көздөрү агарып (тунарып), ачуусун кармап тим болду.
85.            Алар аталарына: “Алланын аты менен ант ичебиз! Сен кайгыдан жок болгонго чейин, же  өлүп тыптыйпыл болгонго чейин Йусупту жоктой бересиң!” – дешти.
86.            (Йакуп): “Мен өзүмдүн кайгымды да, ыйымды да Аллага гана тапшырдым. Анткени (мен) Алладан[102] силер билбеген  нерсени билемин.
87.            Эй, уулдарым! Баарыңар Йусупту жана анын бир тууганын издегиле! Кансе да, Алланын ырайымынан күдөр үзбөгүлө. Анткени, Алланын ырайымынан каапыр болгон коом гана үмүт үзөт...” –деди.
88.            Алар Йусупка кайра барышып, (анын алдына) киришип: “Эй, кожойун! Бизге жана үй бүлөбүзгө ачарчылык келди. Андыктан арзыбас аз нерсе (акча) менен келдик. Ошентсе да толук өлчөп бере көр. Ага кошумча бизге садака да бер. Албетте, Алла садака берүүчүлөрдү сыйлайт”, – дешти.
89.            (Йусуп): “Силер билбестиктен Йусупка жана анын бир тууганына[103] эмне кылганыңарды билесиңерби?[104]” – деди.
90.            Алар: “Сен өзүң чын эле Йусупсуңбу?” – дешти. (Йусуп:) “Мен – Йусуп, а бул менин бир тууганым. Чындыгында, Алла бизге ырайым кылды. Эгер ким Алладан корксо[105], сабыр кылса[106], албетте, Алла жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт”, – деди.
91.            Алар: Аллага ант беребиз! Чындыгында, Алла сени бизден артык кылып койду. Анткени, биз туура эмес ишти кылган элек”, – дешти.
92.            (Йусуп:) “Бүгүн силерге жемелөө жок. Алла силерди кечирээр. Ал – мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү!
93.            Эми, мына менин көйнөгүмдү алпарып, атамдын бетине жапкыла, көзү айыгып кетет[107]. Анан бүт үй-бүлөңөр менен чогулуп мага келгиле!” – деди.
94.            Кербен жолго чыккан кезде алардын атасы: “Эгер алжып калыптыр”, – дебесеңер мага, ырасында эле Йусуптун жыты келип жатат” – деди.
95.            Тигилер: “Алланын аты менен ант ичебиз! Албетте, сен эски адашууңда элесиң”, – дешти.
96.            Сүйүнчүлөп келишип, көйнөктү Йакуптун жүзүнө жабышканда анын көзү көрө баштады да: “Силерге  Алла тараптан билбеген нерсени билемин”, – деп айтпадым беле?” – деди.
97.            Уулдары: “Оо атаке! Биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилишин (Алладан) тиле! Биз, чындыгында эле ката кетирген экенбиз”, – дешти.
98.            Йакуп: “Силер үчүн Эгемден кечирим сураймын. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер!”
99.            Алар Йусуптун алдына барышкан кезде, ата-энесин дароо кабыл алып: “Алланын каалоосу менен Мисир жергесине сак-саламат кириңиздер!” – деди да,
100.       Ата-энесин өз тактысына чыгарып олтургузду. Баары Йусупка ийилип таазим кылышты[108]. Алла үчүн сеждеге жыгылышты. Йусуп: “Оо атакем!  Мына байакы көргөн түштүн жорулушу. Чындыгында, аны Эгем акыйкатка чыгарды. Шайтан мени менен бир туугандарымдын ортосун бузган соң, мени абактан чыгарып, чөлдөн силерди алып келип, мага жакшылык кылды. Чынында, Эгем Өзү каалаган адамына абдан Мээримдүү! Ал – Билүүчү, Даанышман!
101.       Оо, Эгем! Сен мага өкүмдарлык[109] бердиң жана түштөрдүн жорулушун үйрөттүң. Асмандар менен жердин Жаратуучусу болгон Сен дүйнөдө да, акыретте да Кожойунумсуң! Менин жанымды Сага мойун сунган абалда  алып,  жакшы иштерди жасоочуларга ээрчите көр!
102.       [110]Бул байанда көмүскө-кайып кабарлардан билдирдик. Алар[111] иш жүзүндө биригип, (Йусупка) кыйанаттык кылууну ойлонгон кезде, албетте, сен алар менен болгон эмессиң.
103.       Сен канчалык ынтызар болбогун[112], (баары бир) адамдардын көбү[113] ыйман келтиришпейт.
104.       (Кылган жакшылыгың үчүн) алардан сен акы сурап жаткан жериң жок. Куран – бүткүл ааламга[114] татыктуу насаат!
105.       Асмандар менен жерде канчалаган [115]далилдер бар. Бирок адамдар ага көңүл бурушпайт.
106.       Алардын көбү Аллага ыйман келтиришпейт. Алар (Аллага) шерик кошушат[116].
107.       Алар Алланын ороп алуучу азабынан, же капилет келчү Кыйамат Күнүнөн коопсуз бекен?
108.       [117]“Менин жолум ушул – бир гана Аллага чакырамын. Мен жана мени ээрчигендер, ачык далил үстүндөбүз[118]. Алланы аруулаймын. (Ага)  шерик кошуучулардан эмесмин” – деп айткын.
109.       Сенден мурун да, шаарлардын калктарынын өздөрүнө эскертүү менен кишилерди[119] гана жибердик. Алар эмне, өздөрүнөн мурункулардын (күнөөсүнүн) акыр-айагы кандай бүткөнүн көрүшпөйбү? Албетте, акырет журту – такыбалар үчүн жакшы экенин түшүнбөйсүңөрбү?
110.       Ал тургай пайгамбарлар[120] үмүт үзүп, алар чындыгында эле “жалганчы атыгып кеттик” деп ойлогон кезде, аларга жардамыбыз келип, (Биз) каалагандарыбыз[121] (азаптан) куткарылган. Чындыгында, (Биз жиберген) балээлер каапыр коомдордон кайтарылбайт[122].
111.       Албетте, пайгамбарлардын байанында акыл ээлери үчүн өрнөктөр бар. Куран – ойдон чыгарылган сөз эмес! Бирок, ал – өзүнөн мурда түшүрүлгөн китептерди тастыктап турат. Ошондуктан, ал (Куран) – ыйман келтирген коом (эл) үчүн ар нерсени ачык-айкын кылуучу[123] Жол жана Ырайым[124]!





[1] Мааниси бир гана Аллага маалым
[2] Ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести…
[3] Курандан
[4] Араб тилинде жазылган
[5] Йакупка
[6] Кыйанаттык, кыйдылык, жамандык, ичитардык, көралбастык
[7] адамдардын ичинен сени пайгамбарлыкка
[8] Алланын чындыгын издеп, илимге суусап,  билимге кызыккан
[9] Йакуп пайгамбардын кийинки айалы эки уул төрөп, алардын биринин аты Йусуп, экинчисиники Банйамин болгон. Йусуп улуусу, Банйамин кичүүсү. Йакуптун мурунку айалынан 10 уулу болгон жана ошолор кийинки өгөй апасынан төрөлгөн  аталаш туугандарын: Йусуп менен Банйаминди жек көрүшкөн. Анткени Йусуп (а.с.) ошол кенже уулдарын өзгөчө жакшы көргөнү үчүн аталаш агалары аларга ичи тардык, көралбастык кылышкан
[10] Банйаминди (айрым аалымдардын пикири бойунча Банйамин, Йусуптун жаш жагынан улуу агасы болгон)
[11] Йусуптун агалары атасына келишип:
[12] «Йусупту биздин ойнотуп келишибизге ишенбейсиң, аны ойнотуп келгенге бизге бербейсиң»
[13] Жакшы көрөбүз го
[14] Биз менен
[15] Ар кандай жамандыктан
[16] «Алланын каргышына, сенин наалатыңа калабыз, тозокто күйүп кетпейбизби» деген мааниде
[17] Йусупту  аталаш агалары тоого алып чыгышып, жаш наристеге айоосуз жапа чектирип кыйнап,  акыры өлтүрүп эле таштамак болушат, Йусуп аларга жалынып-жалбарып, адам баласынын саң-сөөгүн сыздата ыйлагандыктан, агаларынын таш жүрөгү Алланын амири менен бираз жибип, көйнөгүн чечип алып кудукка жип менен байлап туруп таштап жиберишмек болгон кезде Алладан Йусупка ал  пайгамбар экендиги жана Йусуп кийин, учуру келгенде агаларынын бул кылмыштары тууралуу айтаары тууралуу айан-кабар түшөт.
[18] Ошондо сенин Йусуп экениңди
[19] Йусуптун аталаш агалары
[20] «Аң уулоодо жарышуу, же аңчылыктын кызыгына түшүп, алыстап кеткенде» деген мааниде
[21] Йусуптун канын эмес, (анткени Йусуп тирүү калган болчу), башка жандыктын канын сүртүп
[22] Силер бир кыйанаттык кылгансыңар. Эми Алладан жардам суроодон башка чара жок.
[23] Ал каалаган нерседен эч ким баш тарттыра албайт
[24] Зулайка
[25] Жакшы мамиле кылып жатса
[26] Зинакорлор, көңүлдөштөр
[27] Алланын азабынан
[28] Аны менен  чогуу болууну каалады
[29] Йусуптун күнөө иштен алыс болуусу үчүн
[30] Йусуп Зулайканын чакырыгына келбей, эшикке карай бет алган кезде, Зулайка анын артынан жете берип көйнөгүнөн катуу тартканда, көйнөктүн далы тушу айрылып кетти
[31] жубайың
[32] Айалдын ошол үйдө жүргөн наристе тууганы күбөлүккө өтүп:
[33] Эми муну ойлобо да, бирөөгө да айтпа
[34] Зулайка
[35] Алар келип, үйдөн орун алышкан соң, алардын алдына алма, анар, эт сыйактуу… кесип жей турган тамактардан мол койуп,
[36] Йусуптун сымбаттуулугунан эстери оогон айалдар, алманын ордуна өз колдорун кескмлей баштады
[37] Зулайка
[38] Алла Таала
[39] Йусуптан
[40] Бирок алар башка иш үчүн олтургузулган болчу
[41] Алладан
[42] Кудай эмес, кудай атыгып кеткен жөн эле ысымдар
[43] Эми түш жорууга келсек мындай болот:
[44] Абактагылардын бири – падышанын  арак дайардоочусу, экинчиси – ашпозчусу эле. Муну аракчыга карап айтып жатат
[45] түрмөдөн чыккандан кийин
[46] Ашпозчу абактан чыккандан кийин
[47] Өсүмдүктүн сабагын
[48] Йусуп менен абакта бирге олтурган экөөсүнүн аман калганы
[49] Сактоо үчүн жыйнап келе жатканыңардан
[50] Зулайканын чакыруусу бойунча Йусуптун кожойунун үйүнө конокко келген  жана Йусупту көргөндө колдорун бычак менен кесип алышкан айалдар тууралуу сөз болууда
[51] Айткан сөзү:
[52] Айалдарды чакыртуу
[53] өз кожойунума
[54] Бул жерде «жан» деген түшүнүк  колдонулганы менен бул сөздүн арабчадагы мааниси  «нафс», же кыргызчага «напсы» деп колдонулуп келе жаткан сөз экенин эске туттуу зарыл
[55] Өзүмдү, же өз напсимди актоо ниетим такыр жок. Абийиримдин актыгын далилдөө зарылдыгынан улам айалдарды чогултууну сурангам
[56] Бүгүнтөн баштап
[57] Аны хансарайда эркин басып жүрүүчү кадырлуу даражага жеткирдик
[58] Каалаганыбызга ырайым кылабыз
[59] Мурда Йусуп түш жооруу учурунда айткан жылдар
[60] Кудукка таштап жиберишкен аталаш агалары
[61] Ошол жылдары бардык жерлерде жети жыл катары менен ачарчылык болуп, Йусуп (а.с.) каржы башчылык милдетин аркалаган Мисир өлкөсүндө гана токчулук болот. Анткени Йусуп (а.с.) жети жылга жете турган азык-түлүк камдатып койгон болчу. Ал эми кошуна өлкөлөрдө болсо жети жылдык ачарчылык келерин алдын ала билишпеген соң, эч кандай дайардык кылышкан эмес, жана ошондуктан айланадагы бардык мамлекеттер Мисирден азык –түлүк сатып алып кетип турушкан. Ошондой сатып алуучулардын арасында бир күнү Йусуптун (а.с.) аталаш бир туугандары да, алтындарына азык-түлүк алмаштыруу үчүн зарыгып, жалдырап келишкен болчу.
[62] Ушул жерде белгилей кетүүчү бир жагдай:  Йакуп (а.с.) балдарынын ичинен Йусупту (а.с.) абдан жакшы көрчү,  мурда аны чоң балдары «жоготуп», анын көйнөгүн канга чылап, ыйлап келишкенде ал Йусуптун (а.с.) тирүү экенинен үмүт үзгөн эмес жана Аллага тобокел кылып, анын качандыр-бир кезде үйгө тирүү кирип келээрин күтүп, күткөнчө ыйлап жүрүп, көзү көрбөй калган эле…
[63] Азык сурап кийин дагы келгениңерде
[64] Банйаминди
[65] Кемитпей, төлөгөн акчаңарга жараша толук (ашыкча эмес!)
[66] «Силер убадаңарга турбагандыктан мен да силер менен соодалашууну токтотом», - деген мааниде
[67] Келбей эле койгула
[68] Сенин талабыңды аткарабыз
[69] Алтын акчаларын дан салынган каптарынын ичине кайра салып, катып койгула
[70] Акчалары кайра келгенин, акы төлөнбөй калганын билип…
[71] Бизге мындан ары азык-түлүк сатпай турган болушту
[72] Банйаминди
[73] Сатып ала алабыз
[74] Йусупту
[75] «Мына кубаныч, көктөн издегенибиз жерден табылды: азык да берип, акчабыз да кайра жибериптир!» - деген мааниде
[76] Кайтып келген акча менен дагы бир жолу соода кылып
[77] Ачарчылыктан, кыйынчылыктан…
[78] Бир эле төө азык, эки төө азык болсо мындан да жакшы болмок
[79] Йусуптун бир тууган агасы Банйаминди (Бул экөөсү бир ата, бир энеден)
[80] Азык алганы баруучу Мисир шаарына
[81] дарбазадан
[82] Жолдо баратканда силерге кандайдыр-бир тоскоолодук болсо, же кайгы келсе
[83] Мен куткара албаймын. Куткаруучу – бир гана Алла!
[84] “Аллага гана тайандым!
[85] Аллага
[86] Аталык насаатын айтып, аталык милдетин аткарды: “Аракет кылсаң – берекет”, “сактанганды сактаймын”  нускаларын эсертти
[87] Йусуптун агалары
[88] Йусуптун кызматчыларына
[89] Ошол кездеги Мисир падышасынын
[90] Баарынын үстүнөн Алла карап турат
[91] Йусупка күнөөнү оодарууга далалат жасап,  агаларынын бири: “Йусуп да жаш кезинде Лии аттуу тайэжесинин баалуу курун, же тайатасынын сөлөкөт-кудайын уурдап алган болчу”, - деп жалган айтып учурдан пайлаланып ага да жалаа жаап калууга үлгүрүштү
[92] Агалары өздөрү ошол Йусуптун алдында турганын билишпей, жалаа жаап жатканын билип  туруп
[93] Силер өтө ыплас адамдарсыңар
[94] сүрөттөп айтып
[95] Чындыгы кандай болгонун
[96] “Атасы аны абдан жакшы көрөт”  мааниде
[97] Йусуптун Банйаминди бербешине көздөрү жетишкен соң
[98] Балдары баары кайтып келишип, дагы сүйүктүү уулу Банйамин келбей калганын көрүп
[99] Дагы бир жаман ишке
[100] Чыныгы, нукура, таза...
[101] Жакшы көргөн эки уулумду тең
[102] Келген айан кабарлар аркылуу
[103] Банйаминге
[104] эстейсиңерби
[105] күнөө кылуудан корксо, такыба болсо, күнөө жасоодон абдан этийаттанса
[106] Кыйынчылык башка түшкөн учурда
[107] Мурда айтылып өткөндөй, Йакуптун көзү Йусупту эстеп ыйлай берип, сокур болуп калган болчу.
[108] Ошол кезде алардын саламдашуу адеби бойунча бир аз ийилип койуу салт болгон
[109] Бийлик…
[110] Эй, Мухаммед!
[111] Йусуптун аталаш агалары
[112] Катуу каалабагын
[113] Аллага
[114] Бир эле улутка (мис. Арабдарга эле) же кайсы бир элге эле эмсе, жер жүзүндөгү баардык улуттар элдерге түшүрүлгөн эскертүүчү
[115] Алланын дини исламга  үгүттөп, адам баласын Жаратуучу Аллага гана ибадат кылууга чакырып турган
[116] Маселен, Исаны же Будданы кудай дешет, тоого-сууга, мазарларга сыйынат.
[117] Эй, Мухаммед!
[118] Алланын жалгыздыгына чакыруу үчүн колубузда жетишерлик далилдерибиз бар
[119] Периштелерди, же айалдарды эмес, жалаң эркек кишилерден тандап
[120] Аллдан жардам келеринен
[121] Биз азаптан куткарууну каалаган пайгамбарлар. (Мисалы, Исаны өлтүрмөк болушканда аны АЛла тирүү бойдон асманга алып чыгып кетип, каапырлар адашып Исаны асуу тууралуу сунуш киргизген, түс-турпаты Исага окшош өздөрүнүн бир жолдошун асып салышкан.
[122] Жолдон тосулуп калбайт, каапырларды Алланын жиберген балээсинен  эч ким жана эч нерсе (амалкөйлүгү да, акылдуулугу да...) сактап, куткарып кала албайт
[123] Жаман менен жакшыны, арам менен адалды, каапыр менен муслманды, ак менен Караны.
[124] Кыйамат Күнү ким Куранда көрсөтүлгөн Алланын жолу  менен кеткен болсо ошол ийгиликке жетет

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder